Шашылыш кабар:

Кыргыз тарап кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары үчүн жер бөлүүгө даяр

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
135

Бул  тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков өзбекстандык коллегасы менен  болгон эки тараптуу жолугушуу учурунда айтты. Ал эми Өзбекстандын тышкы экономика министри Эльер Ганиев эки тараптуу бизнести жандантуу үчүн биргелешкен ишканалардын орду чоң экенин белгиледи.

81441w660h490croplr

Акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда бир гана саясий эмес,  экономикалык жактан дагы тыныгуулар орун алды. Ишкерлердин кеңейтилген чөйрөдө акыркы жолу жолукканына 10 жылдан ашты. Эми гана президенттердин эки тараптуу жолугушуусунан кийин Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форуму болуп өттү. Ага Өзбекстандан жалпы 30га жакын курулуш, кайра иштетүү, өндүрүш жана тамак-аш жаатындагы  компаниялары катышты. Алардын ичинде 10дон ашыгы Кыргызстанга инвестиция  салууга даяр.  Бул тууралуу экономика министринин орун басары  Элдар Абакиров кабарлады.

Өзбекстандан бүгүнкү күнү 30га жакын ишкана келди. Көбүнчөсү айыл-чарба, химиялык продукция, идиш-аяк  жана жеңил электр жабдыктары. Ушул Өзбекстандык делегациянын ичинде 10 ашык ишкана Кыргызстанга инвестиция салууга даяр турат.       

Ал эми Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте ишкана курууга жер бөлүп берүүгө даяр. Мында пикирин Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Өзбекстандын тышкы экономика боюнча министри Эльер Ганиев менен болгон эки тараптуу жолугушууда билдирди. Анда коңшу өлкөнүн ишкерлерин негизги төрт багытка инвестиция салууга чакырды.

— Бүгүнкү күнү Өзбекстан машина куруу, медицина, биотехнология, дары-дармек өндүрүшү жана текстилдик өнөр жай тармагы боюнча өнүгүүдө. Андыктан, Кыргызстан дагы Өзбекстан Республикасы менен соода-экономикалык мамилени бекемдөөнү көздөйт. “Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүсү 4,4%ды түзөт. Анын ичинде эскпорт 6,6%, импорт-3,6%. 2016-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 192,3 млн долларга жетип, 14,9% га өскөн. Биз мындай жыйынтыкка 2016-жылдын декабрь айында Самарканддагы келишимдин негизинде жетиштик.

Ал эми Өзбекстандын эки жыл ичинде сооданын көлөмүн 500млн долларга жеткирүүнү көздөйт.  Бул багытта Өзбекстан Кыргызстандын көмүр, кымбат баалуу асыл таш өндүрүү жаатында мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция жана соода министри Эльер Ганиев айтты.

— Биз бүгүнкү күндө бири-бирибизге кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүп колдонушубуз керек. Анткени, акыркы 7 айдын ичинде товар жүгүртүүнүн жогорулашы 70%га жетип, $140 млндон ашты. Жыл аягына чейин эки эсе жогорулатабыз.  Ал үчүн  Кыргызстандын  экономика министрлиги менен биргеликте товарлардын, документтердин тизмегин иштеп чыгабыз.

Буга чейин эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү ишкерлер үчүн оорчулукту жаратып келген. Буга чек аралардын жабык болгону негизги көйгөй болуп келген. Ошондуктан көп товарлар чек арада кармалып калчу. Соңку 1,5 жылда гана саясий ымалалардын жакшырышы менен жылыштар бар экендигин «Азия грань» компаниясынын жетекчиси Данияр Мендибаев айтты.

Мен Өзбекстанга гранит таш экспорттойм. Ал эми Өзбекстандан мрамор ташын алып келем. Президенттердин жолугушууларынан кийин биздин бир топ көйгөйлөрүбүздү чечип берет деп жатабыз. 

Анткен менен эксперттер кошуна өлкө катары Өзбекстан менен болгон сооданын көлөмү өтө аз дешет. Бирок буга объективдүү жана субъективдүү себептер дагы бар. Анын үстүнө товардын басымдуу бөлүгү аткезчилик жол менен өтүп турат. Бул өңүттөн караганда эки өлкөнүн ачыктыкка бара жатканы жакшы көрүнүш. Бирок Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөр аймактык өнүгүүгө өтүү зарылдыгы турганын ЖИА Бизнес ассоциациясынын аймактарды өнүктүрүү боюнча координатору Руслан Акматбек айтат. Анын пикиринде мындай кадам эки өлкөгө тең пайдасын берет.

Кыргызстан бир нерсени эске алышы керек. Бүгүнкү күнү биз коңшу өлкөлөр менен башка бир экономикалык моделди талкуулашыбыз керек. Себеби азыр ааламдашуу заманында аймактык өнүгүү алдыга чыгып жатат. Ошону эске алганда Өзбекстан менен бир аймакта кантип кызматташа алабыз деп сүйлөшүшүбүз керек.  

Азыркы күндө Кыргызстан 100млн долларлык сооданын дээрлик 43 пайызына экспорт кылса, калган 57 пайызы импорт түзөт. Бул кайсы товарлар? Эгер тизмектеп карай турган болсок, экспортко Кыргызстандан өнөр жай  продукциясы  көп чыгат. 2016-жылы жалпы 31млн долларга чыккан. Анын ичинде электр лампалары, автоунаанын тетиктери бар. Мындан тышкары  химиялык продукциялар 13,1млн долларга жөнөтүлгөн. Буга пластмасса буюмдар, кир жуучу каражаттар кирет.

Ал эми импорттун эң чоң көлөмүн жер семирткичтерге туура келет. Былтыркы жылы дээрлик 21млн долларга жасалган. Буга кошумча кездеме, тиричилик техника жана айыл чарба продукциясы бар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *