Шашылыш кабар:

Мектептерде окуу китептери жетишсиз

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
63

Билим берүү жана илим министрлиги 2017-18- жаңы окуу жылында «Жаңы доорго кырк кадам» деген программанын негизинде билим бере баштайт. Анын алкагында окуу китептери жаңыртылып, электрондук китепканалар ачылып, англис тил сабагы көбөйтүлөөрү айтылган. Анткен менен мектептерде китептердин саны жетишсиз. Бул тууралуу ата-энелер, бир катар мугалимдер айтып келет.


1022507307

Жаңы окуу жылында өлкөдөгү мектеп окуучуларын китеп менен камсыздоо былтыркыга салыштырмалуу 25%га өскөн.  Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Айзура Чыкынова билдирди. Маалым болгондой, азыр мектептерди окуу китептери менен камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырууда китептердин электрондук үлгүсүн көбөйтүү каралып жатат.
“Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо өткөн жылкыга салыштырмалуу 58%дан 83 пайызга өскөн. Окуу китептери менен камсыз кылууда аларды сактоонун сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. 2017-2018-окуу жылынан тартып табигый математика сабагынын окуу китептери кайра иштелип чыгат. Китептердин жазма үлгүсүнөн сырткары, электрондук  түрлөрүнүн көлөмү көбөйтүлөт. ”

Ош шаарына караштуу №52 мектеп лицейинин математика мугалими Шарипа Жороева өзгөчө математика сабагынын китептери аз дейт. Бар болгон китептердин да сапаты начар, балдардын кабыл алуусу үчүн оор. Бул жылдын эсебинин 4 гана китеп толук жеткен. Мугалим билдиргендей, лицейдеги окуучулардын 50-60%ы гана китеп менен камсыздалган. Жетишпеген китептерди окуучулар өздөрү сатып алууга аргасыз.

“Математикадан китеп жетишпейт. Аларда каталар көп кеткен, кичине класстарга татаал мисалдар менен берилген. Башка китептен окутууга туура келет. Китебибиз аз. Жетишпеген китептерди окуучулар өздөрү сатып алат. Мындайча айтканда, эптеп тапканы аракет кылабыз.”

Бишкек шаарынын тургуну Жаңылай Гайназарова мектепте төрт баласын окутат. Анын айтымында, айыл өкмөтү, акимдин орун басары, мугалимдер менен китеп маселеси боюнча жыйын болгон. Анда, ата-энелерге балдарыңарга өзүңөр китеп алып берип, эптеп окуткула деп айтылган.  Айла жок кымбат болсо да сатып алууга мажбур болушат. Бир баланын китеби орточо эсеп менен 3000 сомду түзүп калат.

“Китеп алышат, жетпегенин сатып беребиз. Акча масалеси тартыш болгондуктан ойлонуп турам. Айыл өкмөтү, мугалимдер менен китеп тартыштыгы боюнча жыйын өткөрдүк. Алар да жардам бере алышпайт экен. Окуучулар жыл сайын үй тапшырмаларынан кыйналышат. Айла жок мен да сатып бердим.”

Технологиянын өнүгүшү менен китепке маани берилбей калат деген куру сөз. Улуу муун болобу, жаш балдар болобу, адамдын инсан катары калыптануусунда китептин орду чоң. Мындай пикирин филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев айтат. Ал мектептерде китептердин жетишсиздигин мунжу адамдын абалы менен салыштырып, балдарды китеп менен камсыз кылбай туруп, алардан ийгилик талап кылуу туура эместигин кошумчалайт.

“Туура, ар кандай маалыматты интернеттен алып окуйбуз. Бирок, технологиянын өнүгүшү менен китепке маани берилбей калат деген-куру сөз. Балдарга билим берүү проццесинде окуу китебинин жоктугу адамдын бир мүчөсүнүн жок болгону менен барабар. Окуучуларды китеп менен камсыз кылбай туруп, алардан кантип ийгилик талап кылабыз?  Анан айтабыз, мектепте окутпай жатат деп. Жакшы билим алышын камсыздаш үчүн балдарга окуу куралдарын толук бериш керек.”

Белгилей кетсек, билим берүү министрлиги Кыргызстандын аймактарында 60 электрондук китепкана ишке киришин билдирген. Учурда кыргыз, орус жана өзбек тилиндеги 300дөн ашуун окуу китептери bizdin.kg жана lib.kg сайттарында жарыяланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *