Шашылыш кабар:

Эксперт: Директорлор кеңешин алмаштырып коюу менен маселе чечилбейт

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
37

Өкмөт башчы Сапар Исаков “Кыргызтелекомдун” башкаруу жана директорлор кеңешин кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди. Мындай тапшырманы ал мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковду кабыл алганда айтты. Анын айтымында ишкананын ишинде азыркы күнгө чейин ачык айкындуулук жок. Буга байланыштуу жыйынтык чыкпай жатат. Айрыкча “Тазакоом” долбоору ишке ашып жатканда интернет менен камсыз кылууда ишкананын ролу чоң экендигин белгиледи.


1030538498

4-сентябрда, Өкмөт башчы Сапар Исаков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков менен болгон жолугушууда “Кыргызтелеком” ишканасындагы коррупциялык иштерди жоюп, башкаруу жана директорлор кеңешин кайра карап чыгууну тапшырды. Айрыкча ишканадагы иштердин ачык айкындуулугу “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда маанилүү экендигин белгиледи. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төргасы Болсунбек Казаков билдиргендей, бул тапшырма интернет баасынын өткөн жылы кымбаттап кеткендигине байланыштуу. Ошондой эле “Таза коом” долбоорун ишке ашырууда эң негизги баскычтардын бири экендигин белгилейт.

-Бул тапшырмалар өткөн жылдары интернет баасынын көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу. Ошондой эле, “Таза коом”долбоорунун алкагында алыскы аймактарда да интернет менен камсыз кылуу тапшырмасы бар. Анын алкагында айыл өкмөттөрүндө күркөлөрдү ачуу тапшырмасы коюлду. Ал эми директорлор кеңешинин курамын карап чыгып, тийиштүү чараларды көрүп, ачык айкындуулук талап кылынды.

Эске салсак, буга чейин “Кыргызтелеком” ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу мурдагы жетекчиси кызмат ордунан бошотулган. Ал эми учурдагы жетекчи Нурлан Мадаминов, андан бери интернет баасы эки эсе арзандаганын айтып, премьер-министрдин берген тапшырмасы эмнеге негизделип жаткандыгын түшүнбөй тургандыгын жашырган жок.

-Маалым болгондой интернеттин баасы төмөндөдү. Модернизация жүрүп жатат, башка өлкөлөрдүн операторлору менен тыгыз сүйлөшүүлөр өтүп жатат. Бирок азыркы айтылган тапшырма эмнеге негизделгендигин ачыгын айтсам түшүнгөн жокмун. Коррупция менен күрөшүп жатабыз деп айта алам.

Ал эми экономист Эркин Абдразаков, мындай тапшырмалар өкмөт курамы жаңыланган сайын башкы маселе катары каралып жыйынтык бербей келет дейт. Ишкананын жакшы жыйынтыгын көрүү үчүн башкысы директорлор кеңешин алмаштыруу менен эмес, башкарууга кесипкөй адистерди алып келиш керек дейт.

-Келген өкмөттүн баары эле Телекомдон баштайт. Бирок жыйынтык жок. Жетекчилигин, директорлор кеңешин алмаштырып коюу менен гана маселе чечилбейт. Башкарууга чыныгы кесипкөй кишилер керек. Ал эми саясий элита келип кете берет.

Маалым болгондой “Кыргызтелеком” ишканасынын айланасында коррупциялык көрүнүштөр байма бай айтылып, буга чейинки жетекчилер ушуга байланыштуу кызматынан алынган. Адистердин айтымында аталган ири ишкана бүгүнкү күнгө чейин паракорчулуктан арыла элек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *