Шашылыш кабар:

Эми унаага, турак-жайга салык төлөбөгөндөр 2 миң сом айып тартат

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
50

Кечээ, 4-сентябрда транспорт, турак жай, батир жана жер тилкеси үчүн салыктарды төлөө күнү аяктады. Ал эми өз маалында салыкты төлөбөгөн жарандарга 2000 сом административдик айып салынмакчы. Мамлекеттик салык кызматы жарандар төлөмдү банк кассалары, терминал, интернет жана мобилдик банк аркылуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Азырынча калктын канча пайызы салыкты төлөгөнү боюнча маалымат эсептеле элек.


Бишкек шаарынын тургуну Жайнагул Айткулова батири үчүн мамлекетке салыкты өз убагында төлөөгө1013747849 жетишпей калды. Ал төлөмдү 4-сентябрга чейин төгүү керектигинен кабардар болсо да, балдарын окууга даярдап, алаксып калган. Эми салык менен чогуу айыппул да төлөөгө аргасыз болуп калды.

Күнүгө эле сыналгыда салыкты төлөгүлө деген жармаларын көрүп, төлөш керек деп жүрүп убактысын өткөрүп жиберипмин. Ортодо майрамдар болуп, жаңы окуу жылы башталды. Ага чейин балдарынды окууга даярдап, кийим кече, окуу куралдарын алып берип бошобой калдым. Ушул салык төлөөнүн убагын жылдын аягына чейин жылдырып койсо болчудай. Мага окшогон канчалаган жарандар жумуш, балдарынан колу бошобой эле калып кетет. Мен го айыппулду төлөймүн. Ага чамасы жетпегендер да бар.

Салыктар, Бишкек жана Ош шаарларындагы аянты 80 чарчы метрден ашкан, ал эми башка шаарлар, райондор жана калктуу конуштардагы аянты 150 чарчы метрден ашкан батирлерден алынат.

Ошондой эле, Бишкек жана Ош шаарларындагы аянты 150 чарчы метрден ашкан турак үйлөрдөн (бакча үйлөрдөн) жана башка шаарлар, райондор жана калктуу конуштардагы аянты 250 чарчы метрден ашкан үйлөрдөн салыктар алынат.

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө салык төлөөнүн мөөнөтү аяктады. Салыктын өлчөмү жер аянтына, автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө, чыккан жылына жараша болот. Салыктын өлчөмү канча болорун мекеменин расмий сайтындагы калькулатордун жардамы менен эсептеп алса болот.

Эми салыкты өз маалында төлөбөгөн кишилер 2000 сом, юридикалык тараптар 5000 сом айып төлөйт. Ошондой эле салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталат. Жол кайгуул кызматынын унаалар боюнча инспекторлору үймө-үй кыдырат.

Өлкө боюнча 1 млн 15 миңден ашуун автоунаа бар болсо, анын 700 миңден ашыгы гана салыгын төлөйт. Өткөн жылы темир тулпар мингендер төлөбөгөн салыктын суммасы 180 млн. сомдон ашкан.

Кырдаалдан чыгуу аракетинде парламентте бир катар депутаттар унаа салыгын таптакыр жоюп, аны күйүүчү майдын баасына кошууну сунуштап чыгышкан.

Ош шаарынын жашоочусу Эрмек Шамшиев автоунаа салыгын бере электердин бири. Шамшиев жумушуна байланыштуу өлкөдөн сыртта болгондуктан, убагында жетишпей калган. Эми айыппулун төлөөгө макул.

Бир эки күндүн ичинде салыкты төлөймүн го. Шаарда рейд баштала электе, беришим керек.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын январь-июнь айларында салык кызматы тарабынан 33 млрд 631,7 млн сом салык жана төлөм чогултулган. Белгиленген план 100,4%га аткарылып, 136,4 млн сомго ашыгы менен аткарылганын аталган кызмат кабарлаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *