Шашылыш кабар:

ЖК: жыйынга катышпаган депутаттарга жаза кароо маселеси көтөрүлөт

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
146

867933286564057c220dd85681f074fdbf960b8f

Эки айлык жайкы тыныгуудан соң Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары өз ишин баштады. Регламентке ылайык, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү депутаттар комитеттерде иштешет. Парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат. Ушул теманын алкагында Жогорку Кеңештин вице спикери Алтынай Өмүрбековадан маек алганбыз.

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин ишин баштады. Кайсы маселелерди көтөрөт?

Жалпысынан алсак, сентябрь айында календарлык план түзөбүз. Мен кечээ карап чыксам, 100дөн ашык маселе бар экен. Анын ичинде өкмөттөн 20дай жаңы мыйзам сунушталыптыр.  Жогорку Кеңештин депутаттары демилге кылган мыйзам долбоорлору бар, биринчи окуудан өтүп, 2-3-окуда карала турчу мыйзам джолбоорлору, токтомдор, ошол эле “Кумтөр” боюнча профилдик комитетитинин токтому бар. Өкмөттүн аткарылышын угабыз, Акыйкатчынын атайын доклады бар. Беларусь, Марокко мамлекеттери менен Кыргызстандын ортосундагы ратификацияларды карап чыгабыз.  Айрым долбоорлорго президенттен келген каршы пикирлер бар. Мындан тышкары, ар кандай маселелер саатында да түрдүү көйгөйлөр көтөрүлөт.

6-чакырылыш өз ишин баштаганына 2 жылдан ашып, 3-жылга аяк басып калды.  Парламент бул убакта өзүн кандай көрсөтө алды?

Мен ойлойм, парламент эки жылдан бери көптөгөн маселелерди карады. Албетте, ар кандай пикирлер айтылып жатат. Эмне болсо дагы биздин шайлоочулар бизге баа берет. Парламент массалык маалымат каражаттарында чыккан маалыматтар менен чектелбейт. Ар бир депутат өзүнүн округдарында шайлочулары менен иш алып барууда. Ал жөнүндө массалык маалымат каражаттарына көп маалымат берилген жок, бирок мен ойлойм, ар бир депутат шайлоочуларына аткарып жаткан иштери тууралуу так маалымат берет. Ошондой эле, ар бир фракция сессия бүткөн соң отчет бериш керек, муну киргизүү үчүн аракет кылып жатабыз. Биздин “Республика-Ата Журт” фракциясы сессия бүтөөрү менен отчет берген.

Азыр парламенттин иштегенине 2 жыл болду, кандай иш аткарганы тууралуу толук баа берүүгө эрте. Ошентсе да депутаттарды элдин керегине жарай турган мыйзамдарды жазууга чакырып кетем. Канча мыйзам жазгандыгы боюнча жарышпай, элге чынында керектүү мыйзамдарды демилгелөө керек.

Коомчулукта 6-чакырылыш жөнүндө көп сындар айтылат, ошол эле жыйындарга депутаттардын катышпай калгандыгы тууралуу да сындар жок эмес. Буга карата жаза каралыш керек деп бир канча жолу көтөрүлгөн эле. Бул ишке ашабы?

Өзүңүз билгендей, биздин фракция жыйындарга катышпай калган депутаттардын айлык маянасын 50 пайзга кыскартуу боюнча демилге көтөргөнбүз, бирок тилекке каршы ал өтпөй калды. Дагы көтөрүшүбүз керек. Негизи, чакырылыштын иши аягына чыкканда эл өзү баа берсе депутаттарга бул дагы эң чоң жоопкерчилик болот деп ойлойм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *