Шашылыш кабар:

«Наамдар өлүм сыяктуу бирөөгө кеч, бирөөгө эрте келет»

Сентябрь 5, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
227

12840

Шейшемби күнү «Кыргыз Туусу», «Эркин Тоо» жана «Фабула» гезиттери жарык көрдү. Мезгилдүү басылмалар Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү тышкы саясаттагы жетишкендиктер, мамлекеттик сыйлык тапшыруудан чыккан талкуу, газга болгон баа жана коңшу Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеёвдин Кыргызстанга сапары боюнча макалаларды басып чыгарышты.

«Кыргыз Туусу» гезити «Артка чегингис позиция, эки тараптуу мамилелердеги бурулуштар, жагымдуу өзгөрүүлөр, экономикага инвестиция» деген баш тема коюп президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык мөөнөттө  тышкы саясатта аткарган ишине сереп салган. Макаланын автору Болотбек Таштаналиев алгач эле Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин тушунда тышкы алака туңгуюкка такалып, Бакиевдин Европа менен дагы Орусия менен дагы кош саясатты алып баруу ниетин таш капканын белгилеген.

Автор тышкы саясатты жүргүзүүдөгү мыйзамда кеткен алешемдиктерге токтолуп 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда тышкы саясатты ким жүргүзөөрү так жазылбай 2012-жылы гана «Кыргызстандын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара араккеттери жөнүндө» мыйзам менен тышкы саясатты алып баруу толугу менен президенттин колуна өткөнүн жазат. Президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылындагы бул жаатта жетишкен ийгиликтери катары анын артка чегингис позициясы, Орусия, Казакстан сындуу мамлекеттер менен болгон алаканы күчөтүп АКШнын Кыргызстандагы авиабазасынан баш тартуусун көрсөткөн. Ошондой эле ЕАЭБге кирүү бул мезгилдин талабы болгонун жана муну Кытай мамлекети да оң кабыл алып кызматташтыктын жаңы форматы иштелип чыкканын билдирген.

«Фабула» бул жолку басылышында коомдун кызуу талкуусуна түшкөн мамлекеттик сыйлыктар маселесине токтолгон. Гезит «Эгемендик күнүнө карата маданият кызматкерлерине берилген сыйлыктар калыссыз берилди?» деген суроону ар кыл тармактын өкүлдөрүнө узатып көргөн. Обончу жана акын Атанбай Акбаров суроого жооп берип эң ириде сыйлык ыйгаруу комиссиясында өнөр адамдарынын көрүнүктүү өкүлдөрү болсо жакшы болоор эле десе Эмгек сиңирген артист наамынын ээси Күмөндөр Абылов, элдин руханий байлыгын толуктаган жазуучулар менен манасчылар көңүл сыртында калып, алардын кечээ гана чыккан шакиреттери сыйлык алып жатканына кейиген.

Ырчы Турдаалы Аскарбеков болсо «Эмгек киңирген артист» наамы көп жыл эмгектенип маданияттын ысык-суугуна күйгөндөргө берилиши керектигин, бирок учурда наамдын дагы баркы кетип бүткөнүн айткан. Дагы бир ырчы Шахрезада Аскарова «менин күркүл колдоочум жок, акчам жок, ошондуктан наамдан үмүт кылбайм» десе, обончу, ырчы, куудул Майрамбек Осмонов «наамдар өлүм сыяктуу болуп калды, бирөөгө кеч келет, бирөөгө эрте келет» деп жооп берген.

Ушул эле гезит «Газпром Кыргызстан» компаниясы ар бир айда АКШ валютасынын курсу боюнча көгүлтүр отко болгон бааны тууралап тураарын жазат. Бүгүнкү күндө газга болгон баа тургундарга 1 кубу 14 сом 39 тыйындан, ал эми коммерциялык мекемелер менен өндүрүш ишканаларга 17 сом 64 тыйындан сатылаарын айтып акыркы айларда долларга болгон курс өзгөрүлбөгөндүктөн сентябрь айында газга болгон баа өзгөрүлбөйт деп билдирет.

«Эркин Тоо» басылмасы «Мирзиеёвдей президенти менен Өзбекстан алыска барат» деген баш тема менен коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы Мирзиеёвдин өмүр таржымалы жана анын Кыргызстанга болчу иш сапары тууралуу материалды жарыкка чыгарды. Анда Өзбекстан лидеринин бүгүн Кыргызстанга болгон сапары кыргыз-өзбек чек арасына арналаарын айтылган. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо Мирзиеёв Өзбекстандын башына келгенден кийин жанданганы баяндалат.

Мирзиеёв президент болгондон кийин Өзбекстандагы бийлик системасын кыска аралыкта бюрократиядан тазалап, жогорку кызматтагы жетекчилердин бир тобун дагы кызматтан алган. Ал коңшу өлкөлөр менен тыгыз иштешүү бир топ ийгиликтерди алып келээрин жакшы түшүнүп Казакстанга, Түркменстанга барып миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюп келгени сөз болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *