Шашылыш кабар:

Электр энергиясы кымбаттайт

Сентябрь 4, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
123

Кыргыз өкмөтү электр энергиясына бааны жогорулатмай болду. Бул чечим тууралуу 30-августта күз-кыш мезгилине даярдыктарды талкуулаган жыйында маалымдалды. Мындан улам өкмөт эл азыр алдын ала эле жылуулук маселесинде көмүргө басым жасаганы туура деп билдирди. Айрым эксперттер тарифти көтөрүүгө себеп жок десе, кээ бири кичи ГЭСтерди салуу үчүн жогорулатууну сунушташат.


Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев электр энергиясына болгон баа бара-бара кымбаттаарын4e46a65e-9648-3549-aa4b-327e30fba5ad билдирди. Ал өкмөттүн күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы тууралуу республикалык штабдын жыйынында облус жетекчилери менен тиешелүү мекемелердин башчыларына ушундан улам социалдык мекемелерди жана элди көмүр менен камсыздоого басым жасоого чакырды:

— Эми энергетиканын бүгүнкү күндөгү абалын баарыңыздар билесиздер. Сөзсүз түрдө көмүргө көңүл бөлүп, көмүргө өткөнүңөр туура. Мен ачык эле айтып кетейин тарифтик саясатты баары бир карайбыз. Бара-бара электр энергия кымбаттайт. Дароо эле кымбаттап кетет дегенден алысмын. Ошондуктан азыр алдын ала эле жылуулук маселесинде көмүргө басым жасаганыбыз туура.

Быйыл Кыргызстан 16-июндан тарта 1 кВт саат электр энергиясы коңшу Өзбекстан өлкөсүнө 2 центтен сатылып жатат. Келишим боюнча октябрга чейин 1,25 миллиард кВт/саат экспорттоо пландалууда. Ал эми Казакстан өлкөдөн электр энергия сатып албай турган болгон. Мындан улам тарифти жогорулатуу маселеси коюлууда.

Азыркы тапта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетип, 19 миллиард куб метрден ашты. Акыркы жолу суу сактагычтагы суу мындай деңгээлге 2010-2011-жылдын күз-кыш мезгилинде көтөрүлгөн.

Коопчулукта суу сактагычта суу жетиштүү көлөмдө чогулса деле электр энергиясына болгон тариф көтөрүлүүсүнө каршы пикирлерин айтууда.

Энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев тарифти көтөрүүгө негиз жок экенин белгиледи.

Анын пикиринде, энергетиканын мүмкүнчүлүгүн карап, суунун режимин туура пайдаланып, энергетика сатуу жана сатып алууну туура пайдаланса болот. Ал эми техникалык жабдууларды ортомчу компаниясы жок өз баасында алсак, 7-8 млрд сомду үнөмдөп, дефицитти жапканга болот.

Эми шайлоо бүткөндөн кийин жаңы өкмөт кыска мөөнөттүү тариф саясаттын токтом менен бекитиши мүмкүн. Азыр өкмөт электр энергиясына болгон тарифти көтөрүүнү максат кылып жатат. Бул 2018-жылы 1-апрелде ишке ашып, тариф көтөрүлөт. Ага ылайык, жөнөкөй жарандарга 10 пайыз, калгандарына 20 пайыз көтөрүшү ыктымал.

Ал эми энергетик адис Калый Рахимов өкмөттүн тарифти көтөрүү аракетин колдоого алды.

Анын айтымында, Кыргызстанда башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу электр энергетиканын тарифи төмөн. Энергетика тармагын өнүктүрүү зарыл. Ал үчүн ГЭСтерди куруу зарыл. Бирок каражат жок. Бүгүнкү тариф менен энергияны эксплуатация кылганга гана жетүүдө.

Максим Баиевдин убагында тарифти көтөргөндө эл толкуп чыгып, революция кылган. Мындан коркуп өкмөт тарифти көтөргөн деле жок. Бирок энергетиканы өнүктүрүү үчүн тарифин жогорулатуу зарыл. Мен жаңы өкмөттүн демилгесин колдоймун. Анткени келечекти ойлоп, жеп жуткандарга карматпай.

Учурдагы энергетика тарифине ылайык жарандар 700 кВт саатка чейин жаккан электр кубаты үчүн 77 тыйындан, андан ашкан учурда 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Ал эми кышы катаал, тоолуу Нарын облусунун жашоочулары 1000 кВт саатка чейин 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөшөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *