Шашылыш кабар:

Бишкекте майыптыкты эрте аныктоо маселеси талкууланууда

Август 28, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
64

21148527_1418920604828924_1368072373_n

Бүгүн, Бишкекте “Шоола-Көл” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргызстанда майыптыкты эрте аныктоо боюнча бирдиктүү системаны түзүү” тууралуу тегерек стол уюштурулду. Тегерек столго “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен  Орусиядан эл аралык эксперттер атайын чакырылган.  Жыйында  Жогорку Кеңештин депутаттарынын,  коомдук уюмдардын,  Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрликтеринин арасында “тубаса майып балдарга жардам берүү” маселеси көтөрүлүп, аны чечүү жолдору сунушталды.

Тубаса майыптардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Ал 18 жашка чейинки балдардын оорусу боюнча биринчи орунда туруп, 35%ды түзөт.  “Медициналык социалдык экспертизалоо борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды майыптыкка чыгара турган 27 комиссия бар. Он төртү өлкөнүн түштүк аймактарда  жайгашса, калган он үчү түндүк тарапта. Бир комиссияга 3-4 районду тейлөөгө туура келет. Бирок муну чечүүнүн бир гана жолу -бул балдардын оорусун эрте таап, дарыласа майыптардын саны азаят”- дейт,  медициналык социалдык экспертизалоо борборунун медотология жана анализ бөлүмүнүн башчысы Кымбат Абазбекова.

Кыргызстан боюнча 3% жетпеген майыптар бар. Бул көрсөткүч дүйнө жүзү боюнча аз десек болот. Орто Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан 3% аныкташат. Ал эми Орусияныкы 10%. Биздин көрсөткүч аз экен, элдин ден-соолугу чың экен деп айтуу кыйын. Анткени биздин элдин менталитетине карата кээ бирөөлөр убагында жакшы кайрылбайт. Айрымдарын оорусу катуу болуп, каза болуп калышат. Элдин саны да өскөндүктөн, майыптардын саны да өсүп жатат.

“Эне жана баланы коргоо” улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин айтымында, 2015-2016-жылдарга салыштырмалуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 718 балага жогорулаган. Бүгүнкү күндө 29,300 бала “мүмкүнчүлүгү чектелген” деп каттоодо турат. Алардын көбү тубаса оорулар. Ал эми каттоодон өтпөгөндөрү канча.

Эгерде жылда ушул темпте өсүп отурса, анда абдан кыйын акыбалда калабыз. Тубаса оору көп кырдуу маселе. Ошолордун эң негизгилеринин бири, эненин ден-соолугу таза болушу керек. Эненин аз кандуулук, ар кандак инфекциялык оорулар менен оорушу тубаса оорулардын пайда болушуна себепчи болот.  Ата-эне болуу чоң жоопкерчилик. Ага алдын ала даярдануу керек.

“Азыркы учурда “Шоола-Көл” коомдук бирикмеси 4 жылдан бери Ысык-Көл облусунда жардам берүү иштерин жүргүзүп келет. Бул келечекте өлкөнүн баардык аймагына тарайт деген ишеничтебиз”,- деп билдирди “Сорос-Кыргызстан” фондунун «Билим берүү» программасынын директору Валентин Дейчман.

-Бүгүнкү тегерек стол мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо максатында уюштурулду. Мындай алдын алуу иштерин эртерээк жүргүзсөк, балдардын да айыгуусуна мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Мисалы, “Шоола-Көл” бирикмесинин жасаган иштерине карасак, ооруну эрте аныктоонун жыйынтыгы жакшы болууда.

28-августта тегерек столдун алгачкы гана жыйыны болуп өттү. Мындай жыйын  практика жүзүндө дагы 2 күнгө созулат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *