Шашылыш кабар:

Мьянмадагы кырдаал: Кытай менен Россия жагдайды чечүүгө вето коюп келет

Сентябрь 4, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
1054

02rohingya-1sub-master768

Мьянманын батышында август айынын соңунан бери аталган аймактын бийлик армияны колдонуп, 400дөй рохинджа азчылыгынын өкүлдөрү өлтүрүлгөнү айтылууда. Алар Ислам динин карманган калк болуп эсептелет. Бул этникалык калк менен Мьянманын бийлиги ортосундагы конфликт ондогон жылдар бою уланып келе жатканы маалым. Мына ушул теманын алкагында саясий илимдеринин доктору Азамат Темиркулов менен маектешкенбиз.

Учурда Мьянмадагы кырдаал абдан курчуп турат. Ал өлкөнүн Мьянмада жашаган этникалык мусулман калкына болгон басым жөнүндө ар кандай анализдер жасалып, ар кандай себептерди айтып жатышат. Сиздин оюнузда ушундай кырдаалдын чыгышына негизги жүйө эмнеде?

Негизги себеп — бул тарыхта. Мьянма мурун Бирма аталышында Улуу Британиянын колониясында болчу. Британиянын колонияларына эгемендүүлүк  берилгенде Мьянманын Аракан районунда мусулмандар жашачу. Аларга эгемендүүлүк берүү жөнүндө убада берилген, бирок ал ишке ашкан эмес. Ошондуктан ал мусулмандар Бирманын бир району болуп калышкан. Бирок Бирманын башкаруу өкмөтү аларды өзүнүн жараны катары карабай, “силер Бангладештен келген качкындарсыңар, бул жер мурунтан биздики болчу” — деген позицияда болуп келет. Ошондон бери ал мусулман калкы жарандыгы, эгемендүүлүгү жок кыйналып келе жатат. Кырдаалдын азыркыдай курчушуна себеп ошондо болуп жатат. Кээ бирде бул азчылык эгемендүүлүккө жетебиз деп баш көтөрүп, полицияга кол салып, кан төгүлүп жатат.

Бул жерде диний деле маселе жок дегендер бар. Бирок, дин маселеси такыр эле жок деп айта албайбыз. Анткени, Мьянманын бийлиги буддисттер, рохинджа азчылыгы булар мусулмандар. Ошондуктан бул жерде эки дин өкүлдөрүнүн ортосундагы конфликт болуп жатат.

Маалыматтар боюнча бул маселени жакынкы убакта БУУ карайт деп айтылууда. Буга ушундай чоң, эл аралык уюмдун кийлигишүүсү керек болуп турабы? Эл аралык деңгээлде бул маселе кандай чечилиши керек?

Бул өтө маанилүү суроо. Анткени БУУнун Коопсуздук кеңеши кайсы убакта кийлигишет? Ушундай окуялар эл аралык жагдайга коркунуч көрсөтсө ошондо Коопсуздук кеңеш кийлигише алат. Бирок Коопсуздук кеңештин мүчөлүгүндө 15 өлкө бар. Анын ичинен 5 мамлекет туруктуу мүчөсү болуп эсептелет. Мисалы, Орусия менен Кытай ушул маселеге карата чечимдерди кабыл алдырбай коет. Анткени аларда вето коюу укугу бар. Аны пайдаланып, канчанчы жолу ушундай окуя болуп жатса да кандайдыр бир чечим кабыл алууга уруксат бербей жатышат. Себеби Кытай менен Орусиянын өзүндө Мьянмадагыдай маселелери бар. Орусияда чечендер менен, Кытайда уйгурлар менен окшош көйгөйлөрү бар. Ошондуктан бул Мьянманын бул ички маселеси, Коопсуздук кеңешинин буга эч кандай тиешеси жок, бийлиги өзү чечсин деген позицияда туруп келишет.

Мына, 3-сентябрда Москва шаарындагы мусулмандар Мьянмадагы мусулман бир туугандарын колдоп, акцияга чыгышты. Ага чейин Германияда чыгышкан. Бул маселе жалпы мусулман журтунун агрессиясын жаратышы мүмкүнбү?

Тарыхка кайрылып, Израиль, Палестинанын мисалын карап көрөлү, бул 1948-жылдан бери келе жаткан конфликт. Канча согуш болду,  дүйнө жүзүндөгү мусулмандар протестке чыгып жатышат. Кытайдын ичинде, Орусияда эки жолу болду. Бирок мусулман калкы менен еврейлер ортосунда дүйнөлүк жаңжал чыгып кеткен эмес. Мьянмада акыбал курчуп кетти, ошол себептен мусулмандар акцияга чыгып пикирлерин айтып жатышат. Бирок чоң, эл аралык жаңжалга айланып кетет дегенден алысмын.

Мусулман мамлекеттеринин лидерлери эмне себептен үн катпай жатышат?

Биринчиден, эмне себептен жалаң гана мусулман өлкөлөр көңүл бурушу керек деген суроо жаралат. Буга эл аралык коом жалпы көңүл бурушу керек. Мындай окуялар жалаң гана мусулмандар менен эмес, буддисттер, христиандар менен болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан диндерге бөлбөй, эл аралык деңгээлде чечилиши керек. Учурда Мьянмадагы кырдаалга көңүл буруп жатышат, бирок тилекке каршы өз кызыкчылыгын коргогон чоң өлкөлөр, вето укугун пайдаланып, ушундай позицияда турушат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *