Шашылыш кабар:

Кожомкул кара жорго бийин үйрөндү

Апрель 30th, 2015 | by maral
Кожомкул кара жорго бийин үйрөндү
Мезгил жаштары
0

Мектеп окуучулары тарабынан чогултулган роботтор жөн гана кыймыл эмес, кыргыздын байыркы бийлеринин бири кара жоргону да өздөштүрүштү. Ч.Айтматов атындагы Бишкек кыргыз-түрк лицейинин Кожомкулу 11-класстар тарабынан жасалды.

Уюлдук телефон доорун робот алмаштырат

Темир кишилердин доору Кыргызстанга да келдип жетти. Тактап кетек турган болсок, мектеп окуучулары алгачкы кыргыз роботторду жашасты. Аларга кыймыл киргизип айрымдары кара жорго бийин да үйрөткөнгө жетишти.

 

Өнүккөн өлкөлөрдө учурда адам өмүрүнө кооптуу болгон жайлардагы эмгек күчүн роботтор толуктап калды. Берилген команда менен мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче тапшырмаларды аткарууда. Жакынкы арада эле Япония мамлекетинде тейлөө тармагындагы адистердин катарын дагы бир темир айым толуктады. Ал аэропортко келген меймандарды тосуп алып, багыт көрсөтүп туруучу кызматты колго алды. Эми Кыргызстан менен байланышы кандай деп калдыңызбы? Албетте замандын күн санап өнүгүп, өсүүсү менен биздин балдар да тең жарыша баштады. Айтайын дегеним окуучулардын колунан темир кишилер куралып, балдардын өз жөндөмү жана аракетине жараша кыймылдарды аткарып калды. Бул мүмкүнчүлүктү Кыргызстандагы “ Себат” билим берүү мекемеси жүзөгө ашырууда. Буга чейин билим берүүсү мыкты делип гана келсе, роботтун пайда болушу менен практика жүзүндө ишке ашты дегенди далилдеп калды. Бишкек Айчүрөк лицейинин кыздары Кыргызстанда биринчи болуп кыздар арасында роботту чогултушту. Анын атын “Валли” деп коюп, кыймылга келтиришти. Көлөмү өтө чоң эмес болгону менен тынчтыкты сүйөт деп сыпаттайт Роботту чогулткан кыздардын бири Элина Абдикаримова. Элина менен кошо Валлини дагы 3 кыз жасаган. Кыздар лицейинде информатик мугалими Альбина Иманалиева техника доорунда жаңы баракты робот дүйнөсү ача турган мезгилде кыргыз балдарына жакшы болгонун белгилейт.

Кыргызстандык темир кишилер дүйнөлүк аренага чыгабы…

Роботту бир гана Айчүрөк лицейине эмес, Себат билим берүү мекемеси информатика сабагы боюнча бул мекеме ичинде өткөрүлгөн кароо сынактарда жакшы көрсөткүчкө жеткен мектептерге сыйлык ирээтинде алып берди. 

Эл аралык “Силк Роат” мектебинин окуучулары робот менен алектенүүнү 2 жыл мурун эле баштаган. Анда мүмкүнчүлүгү аз темир киши болсо, эми андан 2-3 эсе күчтүү роботту болушту. Окуучулар учурдагы роботун “интербек” деп коюшкан.
Мушташууга жөндөмдүү бар интербек окуучулардын колунан 2 ай аралыгында даярдалды. Анда ар түрдүү кыймылдарды аткарууга мүмкүнчүлүгү бар. Эми келечекте Кыргызстандын атынан дүйнөлүк роботтордун жарышына темир кишилерди катыштыруу башкы максат экендигинин Силк Роут мектебинин окутуучусу Куршат Оздуман айтат. “Себеби мындан эки жыл мурун окуучулар роботко кыймылдоо боюнча программаларды киргизгенде кубанганбыз. Азыр балдарга койгон талабыбыз да өсүп бийлөө, мушташуу сыяктуу кошумчаларды киргиздик. Кудай буюрса алдыда дүйнөлүк аренага өлкөнүн атынан катыштыруу башкы максатыбыз”-дейт ал.

Кара жорго бийин үйрөнгөн Кажомкул

Робот деп айтылса дароо ары-бери кыймылдаган темир кишини элестетет эмеспизби. Эми бир гана басуу эмес, аны өзү каалагандай кыймылга келтирүүнү окуучулар өздөштүрүп калды. Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек кыргыз-түрк лицейинин балдары “кара жорго” бийин роботу “Кожомкулга үйрөтүштү. Учурда музыканын ыргагы менен калпакты башына кийип, бийлөөдө. Андан сырткары дүйнөгө белгилүү болгон “гангамстайл”ды да жаттап алган.

Роботтор таймашы салтка айланат

Балдарга белек ирээтинде тартууланган робот АКШ мамлекетинен 1500 доллардан жогорку баада сатып алынды. Эми мындай мүмкүнчүлүк менен балдар такшалып, реалдуу жашоодо кийинки 10 жылда роботту колдонушсун деген тилекте жакынкы арада роботтор таймашы да өткөрүлдү. Таймашка 5 лицейдин командалары ат салышып, Япония жана Корея өлкөлөрүнөн алынып келинген роботторду чогултушту. “Себат” билим берүү мекемесинин директору Нурлан Кудайбердиев роботтордун таймашы жыл сайын салтка айланып өткөрүлөөрүн айтат.

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache