Шашылыш кабар:

Көк бөрүдө президенттин кубогун «Достук» командасы жеңди

Сентябрь 1, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
31

A09CC1B3-E26C-4118-A2FF-D735F639BA2B_w1023_r1_s

Кыргызстандын президентинин кубогуна арналган мелдеште «Достук» командасы 1-орунду ээледи. Мындай маалыматты Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган беттеш 31-августта көк орун алып, анда «Достук» командасы «Мурас» командасы күч сынашкан.

Оюндун жүрүшүндө «Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов алгачкы болуп атаандашынын тай казанына улакты таштап эсеп санын ачкан.

Андан соң «Мурас» командасы Чубак Нурмамбетовдун таштаган улагы менен жооп берген. Оюн 4:3 эсебинде аяктап, президенттин кубогуна Достук командасы ээ болду. Ага 500 миң сом, 2-орун болгон “Мурас” командасына 250 миң сом, 3-орун “Биримдикке” 100 миң сом акчалай сыйлык берилди. Ал эми “мыкты оюнчу” аталган Байыш Ниязов 10 миң сомго ээ болду.

Кошумчалай кетсек, 30-августта 3-орунга болгон беттеште «Биримдик» командасы жеңишке жеткен болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *