Шашылыш кабар:

Бишкекте кытай тилин үйрөткөн мектеп ачылды

Сентябрь 1, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
103

Бишкек шаарынын Жал кичи районунда Кытай мамлекетинин колдоосу менен ачылган №95 окуу-тарбия коплекс мектеп гимназиясы колдонууга берилди. Мектеп 2017-18-окуу жылын 1310 окуучу менен баштады. Мектептин ачылыш аземине шаар мери Албек Ибраимов, Кытайдын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй жана башка мамлекеттик кызматкерлер, ата-эне жана окуучулар катышты.


mek17

Кыргызстандагы жаңы ачылган Кытай мектеби жай мезгилинен тарта окуучуларды каттоону баштаган.  Мектеп директору Анара Акмашева, имарат 660 бала үчүн пландалганын,  бирок гимназияга тапшырган окуучулардын саны көп  болгондугуна байланыштуу эки кезмет менен окутууга туура келээрин айтат. Заманбап техникалар менен жабдылган мектепте 50дөн ашуун мугалим эмгектене баштайт. Мындан сырткары, Кытайдан келген мугалимдер 2-класстан 11-класска сейинки окуучуларга кытай тилин үйрөтүшөт.

“Бул окуу-тарбия комплекси заманбап техникалар менен жабдылган. Окуу жайдын баардык класстары интернет менен камсыз болгон. Спорттук ийримдердин түрлөрү үчүн чоң спорт зал, иш-чараларды өткөрүүгө пландалган чоң жыйын залы да бар. Бул жылы мектепке кабыл алуунун шарттары оңой болду. Каалоочулар Бишкек шаарында жашаган жеринен аныктама кат алып келип, гимназияга катталышты. Кытай тилин 2-класстан тарта үйрөтүп баштайбыз. Сабакты Кытайдан келген мугалимдер өтөт.”

Өлкөдө кошуна мамлекеттердин демилгеси менен мектептердин салынышы абдан чоң кубаныч дейт шаар мери Албек Ибраимов. Анын пикиринде, жаңы ачылгын мектептин артыкчылыгы, анда кытай жана англис тилин үйрөтүү үчүн атайын аудио залдар бар. Калаа башчы билдиргендей, шаарда мугалимдердин жетишсиздик көйгөйү толук чечилген.

“Биз үчүн абдан чоң кубаныч. Кытай мамлекети грантттын негизинде заманбап мектеп куруп берди. Азыр аталган мектеп муниципиалдык менчикке өтүп, бүгүнкү күндөн тарта ишке киргени турат. Мектептин жетишкендиги терең кытай, англис тилин окуткандыгында. Бул комплекс да, ар бир предметтен мугалим менен толук камсыз болду. Негизинен Бишкек шаарында мугалимдердин жетишсиздик көйгөйү чечилген”. 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, жаңы мектеп босогосун аттаган балдарга ийгиликтерди каалады. Заманбап мектептердин көп санда салынышына тилектештигин билдирип, жеке өзүнүн жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан Кытай элине ыраазычылык айтты.

“Заманбап мектеп курулуп жатат. Мындай билим берүү мекемелери көп санда салынышын каалайт элем.  Кытай мамлекетине ыраазычылык билдиргим келет. Окуучулардын жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун. Бул гимназияда жакшы билим алып, мугалимдер ар бир балага тең мамиле кылса демекмин.”

Шаар тургуну Гүлнур Таштекеева 3 баласын тең жаңы ачылгын мектепке жаздырган. Бул билим берүү мекемесин тандаганынын себеби, жашаган жерине жакын жайгашкан. Ошондой эле, балдары кытай тилин үйрөнүп, жакшы билим алса деп тилейт.

“Бул мектепти кытай тилин үйрөткөнү үчүн, негизгиси үйүбүзгө жакын болгондуктан тандадык. Анткени, мектеп алыс болгондо аябай кыйынчылыкка турат эле. Буйурса үмүт кылабыз, билим деңгээли жакшы болуп, күчтүү окутушат деп. ”

Белгелей кетсек, Билим күнүнө карата 141 миң 136 окуучу мектепке барат. Алардын 60 миңи мектеп босогосун жаңы аттаган 1-класстар.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *