Шашылыш кабар:

Мамлекеттик сыйлыкка арзыгандар

Сентябрь 1, 2017 | жарыялаган Анара Бакытбекова
43

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий жактан өнүгүшүнө салымын кошкон бир катар инсандарды мамлекеттик наамдар менен сыйлоо тууралуу Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2-даражадагы «Манас» ордени менен – кинорежиссер Кубат Арым, мамлекеттик коомдук Муктар Нургазиев, 3-даражадагы “Манас” ордени менен -жеңил атлетика боюнча улук машыктыруучусу Виктор Борисов, коомдук ишмер Роза Учкемпирова сыйланды.

Ошондой эле, дагы бир катар инсандар “Эрдик”, “Даңк” медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Мындан тышкары биринчи вице- премьер-министри Толкунбек Абдыгуловго «эмгек сиңирген экономист» ардак наамы ыйгарылды.


Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата президент Алмазбек Атамбаев узун тизмелүү жарлык чыгарып, бир2146D455-125A-4ACC-B1CF-5FF39DCF7A65_cx1_cy3_cw99_w1023_r1_s катар замандаштарга мамлекеттик сыйлык, наам ыйгарды. Булардын баш сабында элге аздыр-көптүр таанылган өнөр адамдары турат. Жалпысынан 150гө чамалуу адамга жана ондой уюмга мамлекеттик сыйлык, наамдар ыйгарылды.

Бул ирет мамлекеттик сыйлык ыйгарылгандардын басымдуу бөлүгүн маданият өкүлдөрү түздү. Сыйлык ыйгарылгандардын арасында ырчы Каныкей Раймалиева да болду. Ал «эмгек сиңирген артистти» наамын алды. Ырчы бул наамды алуу үчүн 6 жыл мурун документтерин тиешелүү министрликке тапшырган. Бирок быйыл берилет деп күтпөгөнүн билдирди.

Бул жаңылыкты жакын адамдарымдан уктум. Кайдан чыкты деп издеп, окудум. Албетте, сүйүндүм. Мага эми чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Маданият тармагына жалпы аралашып жүргөнүмө 30 жыл болду. Колума комуз кармап чыгармачылыкка келишиме чоң ата Раймалы жана ата-энем себепчи. Аларга жана мени колдогон жалпы кыргыз элиме ыраазымын.

Мындан тышкары Эмгек сиңирген артист наамына татыгандардын ичинде ырдап чыкканына аз убакыт гана болгон ырчы Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаева жана театр, фольклор ансамбль багытындагы артисттер бар.

Ал эми мамлекеттик сыйлыкка арзыгандардын катарына талантын эл баалап, бирок, мамлекеттин баасына татыбай келаткан ырчы Анапия Райымбекова өңдүү жана башка өнөрлүү адамдар да болду.

Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгуловго «Эмгек сиңирген экономисти», кинорежиссер Кубат Арымга экинчи даражадагы «Манас» ордени, спортчу Айсулуу Тыныбековага «Данк» ордени, Кыргызстан уламалар кеңешинин төрагасы Абдишукур Нарматовго «Достук» ордени ыйгарылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз бул жолку наамга ээ болгондордун тизмесин көрүп, сыйлык калыс берилбей жатат деди.

Анын айтымында, ким мамлекетке, бийликтеги адамга жакын болсо же бийликтегилерди мактап жактаса аларга сыйлык берилген учур жок эмес.

Наам алуу үчүн так жол жоболор белгиленген эмес. Ошон үчүн да ушундай калыс эмес аракеттер болууда. Тизмени карап чыктым, бирок кейидим. Кино тармагында эмгеги баалана турган бир топ инсандарды билет элем. Аларды тизмеден көрө албадым. Мисалы акыркы жылдары чыгып жаткан көптөгөн кинолордо артерлордун костюмдарын тиккен Динар Абдиева, Таалайкан Абазова жана Алмира Тилекбергенова деген актрисаларды тизмеден издедим. Бирок алар сыйлык ыйгарылгандардын катарыда жок.

Садык Шер-Нияз белгилегендей, бул жолку тизмеде 2-3 жылда катар сыйлык алгандар болду. Мисалы, журналист Кубан Абдымен жылдын башында эле президенттин сыйлыгына татыган. Бу ирет ага «маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наамы берилди.

Азыр коомчулукта «эмгек сиңирген артист» деген наамды алгандарга эл көп нааразычылык айтууда. Алар наам кээ бир ырчыларга эрте берилди деп баалашты. Буга эл артисти Гулшайыр Садыбакасова да кошулат. Аны акыркы 3 жолу берилген сыйлыктар капалантты.

Анын айтымында, ырчы наам алыш үчүн тынымсыз чыгармачылыкта иштеп, Кыргызстанды чет өлкөлөргө таанытып анан президенттин ардак грамотасына ээ болуш керек. Азыр ардак баракчасын албай эле эмгек сиңирген наамын алып жатат. Муну менен сыйлыкты алуунун жол жобосу бузулууда.

Жаштарга колдоо керек. Бирок мындай жол менен эмес. Ал эми 40 жыл чыгармачылыкта иштеп, элге таанылып калгандар көз жаздымда калып кетүүдө. Ушул нерсеге аябай таң калып жатамын. Буга мамлекет башчыны күнөөлөй албаймын. Аны кол алдында иштеп жаткандар кылып жатат.

Ошондой эле сыйлык алууда тааныш-билиштик роль ойноп калганы тууралуу айтылган пикирлер арбын. Айрыкча, бийликти, саясатты сындаган куудулдар көз жаздымда калып жатканы сөз болуп келет. Бирок маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков мындай ойлорду четке кагууда.

Маданият мекемелеринде итегендер сыйлыкка көп жылдан бери иштеген кызматкерлерин жолдомо берип көрсөтөт. Ал өкмөттүн алдындагы коллегияга келип түшөт. Ага материалды биздин министрлик даярдайт. Сыйлыкка көрсөтүлгөндөргө коллегия мүчөлөрү жашыруун добуш берет. Жашыруун добуштан өткөндөрү президенттин алдындагы чоң комиссияга жиберилет. Акыркы чечимди ушул комиссия кабыл алат. Бул жерде тааныш билиш болушу мүмкүн эмес.

Мурда наам ар майрамда же кесиптик күндөрдө ошол тармакта эмгектенгендердин көпчүлүгүнө берилсе, эми жыл жыйынтыгы менен же Эгемендүүлүк күнүндө гана ар тармактан иргелди деген инсандарга гана берилип жатат. Анын үстүнө көп жылдык эмгек сиңиргендер арасында демилгелүү, таланттуу жаштар да эске алынууда. Сыйлык эмгекти таразалайт. Демек, сыйлык татыктуулардын колунда болушу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *