Шашылыш кабар:

Чүйдүн Чоң-Таш айылында заманбап жабдылган мектеп ачылды

Сентябрь 1, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
52

Чоң-Таш айылында С.Чокморов атындагы мектептин жаңы имараты колдонууга берилди. Мектептин ачылышына өлкө башчы Алмазбек Атамбаев да катышты. 150 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп толугу менен заманбап технологиялар менен жабдылып, жаңы китептер да берилди. Маалым болгондой өткөн жылы айылдын тургундары жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен президентке кайрылышкан. Анткени мектепте орун жетпей, шарт да жок болгондуктан батпай калган балдар коңшу мектептин айылына барып окуп жүрүшкөн.


21192249_1508435782536426_497576396515452342_n

Жаңы окуу жылына карата сентябрь айында жалпы билим берүү системасына тиешелүү болгон 14 объект колдонууга берилди. Алардын катарын мурда авариялык абалда болгон мектептин ордуна курулган Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы мектеп толуктады.

Маалым болгондой, өткөн жылы бул мектептин абалы менен таанышкан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, бул айылга жаңы мектеп куруу тапшырмасын берген. Натыйжада 1 жылдын ичинде мектептин курулуштары бүтүп, толугу менен заманбап технология менен жабдылып, 150 бала ылайыкташтырылып бүткөрүлдү. Билим күнүнө карата уюштурулган ачылыш салтанатка өлкө башчысы да катышып, белектерин тапшырды. Анда сөз сүйлөгөн өлкө башчысы бул айыл апасынын айылы экендигин эскерип, жаңы курулган мектепте да апасындай, мектепке аты ыйгарылган С.Чокморовдой белгилүү инсандар чыксын деген тилегин билдирди.

“Терең билим алууга менин апам себепкер. Ар дайым анын айткан сөздөрү эсимде. Апам “билимдүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат, билим ал” дечү эле. Мындай сөздөрдү сиздердин кызыңыздар, мени апам айтчу. Бул мектептин аты да улуу кишинин атынан коюлган. Ал кишинин Кыргызстандын маданият тарыхында орду чон. Андыктан бул мектептен да ал кишидей улуу инсандар, менин апам да ушул айылда чоңойгон,  апамдай акылдуу кыздар билим алып чыксын”.

Жаңы имараттын салынышы менен мектеп 11-жылдык статуска ээ болду. Анткени мурдагы окуу имараты кичинекей болгондуктан, толук эмес орто мектеп статусунда билим берип келген. Класстар жетпегендиктен балдар коңшу айылга каттап окуп келишкен. Эми балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, мектеп ишке берилди. Мектептин директору Байзуура Жусупова билдиргендей, эми алыска барып келип окуган балдар кайра келип окууга шарт түзүлдү.

“Мурунку мектепте 4 эле бөлмө болгондуктан, эки кезмет менен иштечүбүз. Бирок ага карабай айрым балдар орун жетпегендиктен башка айылга барып окуп жатышкан. Эми кайра өзүбүзгө келип жатышат. Эми билим берүү 11-класска чейин болот. Бардык шарттар каралган”.

Мектептин курулгандыгына өзгөчө окуучулар ыраазы. Алардын кубанчыныда чек жок. Маселен, 10-класстын окуучусу Айпери мурда класстар жетишпегендиктен шаардан барып келип окуп жургөн. Өзгөчө жол жүрүп кыйналгандыгын айткан Айпери эми өзүнүн айылында классташтары менен окуп жаткандыгына кубанычта.

“Мектепке шаарга барып окуп жүрдүм. Жолдон кыйналдым. Эми кубанычтамын, өзүмдүн досторум, классташтарым менен чогуу окуйм. Бизге жакшы шарт түзүлдү”.

Ушундай билим берүү мекемелеринен сентябрь айында 14 жаңыдан ишке берилсе, октябрь айында да 14 пландаштырылууда. Ал эми капиталдык оңдоп түзөөгө муктаж болгон имараттар толугу менен окуу жылына даяр. Мындай маалыматты билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айтты. Ал кошумчалагандай, быйыл 121 миң окуучу 1-класска кирди.

“Быйылкы окуу жылында көп жаңылык болду. Мектептердин курулушунан тартып, китептерге чейин. Мына бүгүн да жаңы мектеп ишке берилип жатат. Ошондой эле 300 аталыштагы китеп мектептерге сыноого жөнөтүлүп жатат. Мектептер интернетке туташтырылууда”.

Кошумчалай кетсек, жаңы мектеп 150 орундуу, кенен бөлмөлөрү, лабораториясы, китепканасы, спорт залы, ысык суусу бар душ, ички даараткана, спорт аянтчасы менен курулган.

Эске сала кетсек, аталган тургундары өткөн 2016-жылы сентябрда президентке жаңы мектеп куруп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *