Шашылыш кабар:

2018-жылдан тарта бала бакчаларда англис тили көбүрөөк окутула баштайт

Сентябрь 1, 2017 | жарыялаган Бахар Хакимова
82

26444w660h490croplr

Бүгүн 1-сентябрь билим күнү. Жалпы окуучулар үчүн жаңы окуу жылы 4-сентябрдан башталат. Билим берүү жана илим министрлиги 2017-18- жаңы окуу жылында «Жаңы доорго кырк кадам» деген программанын негизинде билим бериле баштай турганын кабарлады. Анын алкагында окуу китептери жаңыртылып,  электрондук китепканалар ачылып, англис-тил сабагы көбөйтүлөт.

Ушул теманын алкагында, негизи эле быйылкы жылы өлкөдөгү мектептерде англис тили сабагы көп өтүлө тургандыгы жөнүндө Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, билим берүү тармагы боюнча маселе көтөрүп жүргөн эл өкүлү Абдывахап Нурбаев менен маек курдук.


Мына быйылкы окуу жылындагы жакшы бир жаңылык англис тили көбөйтүлөт деп айтылып жатат. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев да бул заман талабы экенин айткан. Бул кадам негизи кандай болуп киргизилет? 

Быйылкы жылы биз Жогорку Кеңеште ушул маселени көтөрүп, анан Билим берүү жана илим министрлиги 5-класстар үчүн англис тилин көбөйтүп жатат. Бирок, биз англис тилин окутууну бала бакчадан баштоо керектигин айтып жатабыз. Анткени, бала кезинен канчалык көп үйрөтсөң, ошончо жаңы нерселерди бат кабыл алат. Келечекте глобализация алкагында атаандаштыкка туруктуу болуу үчүн биздин балдар англис тилин, компьютерде иштегенди, информатика сабагын жакшы билсе көп жактан жакшы ийгиликке жетмек. Ошондуктан жакында жаңы өкмөт шайланганда премьер-министр Сапар Исаковго бала бакчаларда англис тилин көбөйтүү боюнча суроо бердим эле, ал толук макул болуп жатат.

Негизи билим берүү тармагына бюджеттин 24 пайызы бөлүнөт. Ошондуктан бюджеттин эффективдүү колдонулушун көзөмөл кылып, айрым текшерүү органдарын, башкаруу органдарын кыскартып, англис тилин окутуу сабактарын көбөйтүүгө, мугалимдердин айлыгын көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк түзүш керек.

Кандай механимзмдери иштелип чыгышы керек? Анткени, 11 жыл англис тилин окуп, бирок ал тилде эркин суйлөй албаган окуучулардын көйгөйү сабакты көбөйтүп коюу менен чечилбейт деп айткандар да жок эмес.

Сөзсүз мугалимдердин англис тилин билүү деңгээлин көтөрүү керек. Биз мына быйылкы жылы Финляндия өлкөсүнө барып билим берүү тармагы менен таанышып келдик. Казакстандын миңдеген мугалимдери ошол өлкөгө барып, тажрыйба алмашып келишиптир. Бизге болсо сырттан ар кандай насыя, гранттар келип жатат, ошонун ордуна донорлордон суранып, мугалимдерге шарт түзүп берүүнү сунуштасак болот. Мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу борборлорун күчөтүү зарыл. Бир гана англис тили эмес, башка жактан да окутуучулардын деңгээлин көтөрбөсөк, дүйнө өзгөрүлүп жатат, жаңы ачылыштар болууда, биз артта калып калбашыбыз керек.

Буга чейин айтып кеттиңиз, англис тилин окутууну бала бакчадан баштоо керек деп. Ага бюджеттен канча каражат бөлүнүшү керек?

Быйыл болбосо да 2018-жылдын бюджетин караганда ушул маселени көтөрүп, акча бөлдүртөбүз. Быйыл мектептерде 5-класстарга англис тилин күн сайын окутуу боюнча бюджеттен 84 миллион кошумча акча бөлүнүп берилди. Бул дагы жакшы кадам болуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *