Шашылыш кабар:

Шеримкулов: Кыргызстан 26 жылда эң негизгиси эгемендүүлүгүн сактай алды

Август 31, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
113

1025525092

Кыргызстан бүгүн  эгемендүүлүктүн жыйырма алты жылдыгын белгилейт. Демек бул Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болуп түтүн булатып баштаганына жыйырма алты жылдын жүзү болду дегенди түшүндүрөт. Бул убакыт аралыгында өлкө эки ыңкылапты башынан кечирип, бир топ оош-кыйыш окуялар болду. Көз карандысыздык Кыргызстанга эмне берди саясий, экономикалык абал кай тарапта бара жатат деген суроо ар бир жарандын оюнда болсо керек.  Артта калган 26 жылдан Кыргызстан  кандай сабак алышы керек? Бул тууралуу Легендарлуу парламенттин төрагасы, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов «Күн чабыт» программасында  айтып берди.

-Артта калган 26 жылда Кыргызстан эгемендүү өлкө катары эмне тапты?

Кыргызстандын 26 жылдык  өмүрүндө эң эле чоң жетишкендиги бул дүйнөдөгү 200дөн ашык мамлекеттин арасында эгемендүү мамлекет экенин аныктай алганы.  Биз ушуну менен сыймыктанышыбыз керек.  Азыркы күндө сыртта жүргөн жана ички оппоненттер Кыргызстан өзүнчө мамлекеттер катары калган жок деген ой-пикирлерин айтып жүрүшөт. Мен буга кошулбайм! Себеби Кыргызстан өзүнчө эгемендүү мамлекет катары дүйнөгө таанылды.  Мамлекеттүүлүктүн эң негизги белгилеринин  бири  өзүнчө терреториясынын болушу, анда жашагана эли жана элин башкарган бийлиги болушу керек.  Бул үч компоненттин баары бизде бар.  Ал эми экономикадагы мүчүлүштүктөр бир гана бизде эмес, башка өлкөлөрдө деле бар. Ал закон ченемдүү нерсе.  Бирок экономикабыз аксап турганы жашыруун эмес.  Анткен  менен алдыга койгон  максаттарыбыз  өтө бийик турат.

— Ал эми өткөндөн кандай сабак алышы керек?

Эң эле негизги сабак  элдин биримдиги. Өлкөдөгү стабилдүүлүк. Ошондуктан Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаран мамлекетти сактоо жөнүндө ойлонушу керек.  Себеби анын балдары, алдыдагы келечеги дал ушул өлкөдөгү абалдан гана  көз каранды. 

-Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *