Шашылыш кабар:

К. Муканбетов: “ЖЭБди жаңылоо жалаң кыргыз көмүрүн жагууга шарт түздү”

Август 30, 2017 | жарыялаган Канай Анаркулов
68

29634_Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо иши аяктап, колдонууга берилди. Кытай тарабынан берилген 386 млн доллар карызга жүргүзүлгөн борбордун иши менен президент Алмазбек Атамбаев да таанышып чыкты. Анда ал Кыргызстанда жарыктандыруу, элди үзгүлтүксүз электр энергия жана жылуулук менен камсыз кылуу бир жолго салынып калганын белгилеп, азыркы саясий кырдаал тууралуу да билдирүү жасады. Модернизациядан соң жылуулук борбордун кубаттуулугу бир жарым эсеге өскөнүн инженерлер белгилешүүдө. Мына ушул теманын алкагында КРнын Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Картайбек Муканбетов менен маектештик.

ЖЭБдин модернизациядан кийин ишке кириши Кыргызстандын көмүрүн өндүрүүгө канчалык негиз болуп бере алат? Башкача айтканда жандантууга канчалык шарт түзүп бере алат?

Бул абдан жакшы иш болду десек болот. Президент өзү да катышып, тушоосун кесип жаткан Бишкек жылуулук электр борборунун модернизацияланышы менен эки маселе чечилип жатат. Биринчиден ЖЭБ союз учурунда курулгандыктан, Караганданын жана  Кузбасстын көмүрүнө ылайыкталып калган. Ал убакта бир өлкө болгондугубуздан, биздин түштүктөгү көмүрлөр Казакстанга кетчү. Мына эми ошол маселе чечилип жатат. Экинчиден 330 мВТ кубаттуулугу жогорулап жатат. Бул деген орто бир ГЭСтин курулушундай эле маселе десек болот. Мурун деле жергиликтүү көмүрдү аздан жагып жүрчү эле. Бирок, Казакстандыкына ылайыкталган деген шылтоо менен жергиликтүү көмүрдү аз алышчу эле. Эми эч кандай шылтоо айтууга жол жок. Өзүбүздүн көмүрдү жагышат.

Кыргызстандын көмүрүнүн сапаты кандай? Салыштырмалуу Казакстандан келген көмүрдөн төмөнүрөөк экени айтылып келчү эле.

Ушул жерде бир маселе бар. Биздин көмүрлөр көбүнчө Миң-Куш, Кара-Кечеден келет. Булар күрөң көмүр деп эсептелет. Анын кубаттуулугу 4-5 миң килокалория деп эсептелет. Ал эми коңшу мамлекеттен келгендердин кубаттуулугу бир аз жогору. Муну да азыр шылтоо кылып жатышат. Бирок, ошол Кыргызстандын көмүрүн жаксак, биринчиден жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот. Экинчиден өзүбуздүн өндүрүштү колдоо менен экономикага салым кошуп, алар төлөгөн салыктарды эске алганда, пайдасы канчалык экени айтпаса да белгилүү.

Эми чет жактан келген көмүрдү токтотуп, республиканы  толук кандуу жергиликтүү көмүр менен камсыз кылууга мүмкүнбү? Ал үчүн кандай чараларды колдонуш керек?

Мында эң биринчи бул тармакка жооптуу инсандардын дилиндеги патриоттуулук сезими болушу керек. Себеби жогоруда айткандай, кымбат, сапаты жогору дегендей шылтоолор менен албай коюшууда. Анан уюштуруу маселесин түзүк кылыш шарт. Мына жакында эле Кыргызстандын көмүрүн алып келүүгө тендер өтпөдүбү. Ал эми жазга чейин канча убакыт өтүп, өндүрүм мөөнөтү бышып турган убакытты өткөрүп жибердик. Бирок, жай мезгилиндегидей иш алып барсак, толук Кыргызстанды камсыз кылууга шарт түзөт. Ошол эле учурда биздин шахтёрлор да абийири менен иштеши керек. Алар айрым учурда башка минералдар кошулган жерлерди жүктөп жиберишет. Мына ушундай майда иштерге чейин көңүл буруп, ак ниет менен баары иштесе, бул тармакты тез эле алдыга жылдырып алууга болот.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.