Шашылыш кабар:

Кыргызстандык футболчу кыздар Францияны жеңип алды

Август 30th, 2017 | by Субанбек Исмакеев
Кыргызстандык футболчу кыздар Францияны жеңип алды
Кыска кабар
0

Кыргызстандын кыздар футбол курамасы Норвегияда өтүп жаткан көчө футболу боюнча дүйнө чемпиондугунда Франциянын командасын жеңип алды.

Мелдештин расмий сайты жазган боюнча, кыргыз кыздарынан турган курама топ Осло шаарында 29-августта башталган Homeless World Cup көчө футболу боюнча чемпиондукту жеңиш менен баштап алды. Мелдешке 50 өлкөдөн 500 жакын спортчулар келишкен. Футболдук беттешүүлөр эркектер жана аялдар арасында өтүп жатат.

 

Курама топтор мелдештерди топтук этапта башташты. Кыргызстандын кыздар тоюу D тобунда Венгрия, Египет, Франция жана Кот-д’Ивуар менен ойнойт.

Ал эми дебюттук беттешүүдө кыргыз кыздары Франциянын кыздар командасынын үстүнөн 7:4 эсебинде жеңишке жетишти.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache