Шашылыш кабар:

Артур Медетбеков: Куралчандын баарын террорист деп атоого болбойт

Август 29, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
223

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн Чүйдүн Жайыл районунда террордук топтун мүчөлөрүнө каршы атайын операция жүргүздү. Анда эки согушкер жок кылынып, бири жаракаталып ооруканага жаткырылса аларга көмөктөшкөн деген шек менен дагы эки жаран камакка алынды. Буга чейин 24-августка караган түнү Бишкекте«Ниссан Пресаж» автоунаасындагы террорчулар деп шектелген жарандар Патрулдук милициянын кызматкерлерине баш ийбей тапанча, граната менен коркутуп качып кетишкен. Коопсуздук жаатындагы талдоочулар бул окуяны Фергана өрөөнүндө акыркы учурда террордук топтордун активдешүүсү күч алганы менен байланыштырып жатышат. Ушул теманын алкагында коопсуздук боюнча эксперт Артур Медетбеков менен  «Күн чекит» программасында маектешкенбиз.

-Эгемендик күнүн утурлай  террордук топтор  атайын жардырууларды уюштурууну пландап жатканын УКМК кабарлады. Борбор Азияда анын ичинде Кыргызстанда террордук топтордун активдешине негизги кайсы жагдайлар түрткү берип жатат?

Биз акыркы убакта дүйнөдөгү терроризм менен күрөшкөн эл аралык уюмдарды жана мамлекеттерди  карасак, чоң өлкөлөр дагы терроризмге туруштук бералбай жатат. Ал эми Кыргызстандан Сирия, Ооганстан жана Иракка кеткен жаштардын саны 700дөн ашты. Алардын ичинен айрымдары кайра качып  Кыргызстанга келип жатышат.  Билинип-билинбей жүргөндөр бар. Экинчиден биздеги демократиялык процесс  ушунчалык чоң деңгээлге жетти. Бүгүнкү күнү дүйнөнүн 45тен ашык өлкөсүнө визасыз кирүүгө уруксат берип койдук. Анын ичинде жакынкы чыгыш өлкөлөрүнөн Катар, Кувейт мамлекеттери бар. Ошондуктан бүгүнкү күндө бизде потенциалдык түрдө террористтик коркунуч бар деген маалыматта чындык бар.

Террордук топторду кармоодо өтө  кылдаттык мамиле талап кылынат. Операция учурундагы жок кылынган адамдар 24-августта патрулдук милициянын колунан качкан террордук топ экенине канчалык ишенсе болот? Талдоо жана  иликтөө жагын караганда…

Биринчиден курал көтөрүп, же жарылуучу заты менен кармалып калса, анын баары террорчу эмес. Балким ал 2010-жылдагы жаңжалдан уурдап алышы мүмкүн. Же  болбосо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушу ыктымал. Бул жагынан чыныгы террорчуну далилдеш үчүн, ага териштирүү иштери жүргүзүлүшү керек.  Болбосо алдын-ала толугу менен тактоочу маалыматтар болууга тийиш. Башкача айтканда жардыруу жеринин схемасы, ага болгон каржылык булагы, жарылуучу заттардын топтолушу жана бири-бири менен сүйлөшүлгөн жазууларды топтоп отуруп гана бул же тигил террордук топко тийиштиги бар деген аныктама чыгарууга болот.  Ал эми жөн эле мылдык, жарылуучу зат менен бирөөлөрдү коркутуп кармалып калса, террорчу деп эсептелбейт.

-Анда акыркы жүргүзүлгөн операцияда биздин коопсуздук органдары ишти дыкат карап чыкты десек болот?

-Ачыгын айтканда коопсуздук кызматынын кызматкерлери же милиция эгер кимдир бирөө курал-жарак менен атып баш ийбей каршылык көрсөткөн учурда алардын мыйзамы боюнча атып же кармоо операциясы мыйзам чегинде болот. Себеби куралчан адамдын террорист же террорист эмес экенин таануу өтө кыйын.  Бирок акыркы учурдагы болуп кеткен мисалдар көп учурда  коомчулукта күмөн саноолорду пайда кылып жатат. Чакан эле пистолет же тапанча көтөргөн киши кантип эле террорист болуп калсын дегендей…. Мен туура эле түшүнүп жатам. Себеби террордук уюмдардын мүчөлөрү элге билгизбей даярданган болушат. Аларды табыш өтө кыйын. Ал эми айрымдары өздөрүн арасындагылар оперативдүү маалыматтын негизинде билинип калса, аларга иш башка.

-Жүргүзүлгөн операция маалында атайын кызматтын эки кызматкерин жоготуу болду деген дагы маалыматтар тарап, кийин жалган экин тастыкталды. Кыргызстанда террордук топторду кармоодо  канчалык тобокелчиликтер бар?Буга биздин атайын кызмат кандай калыптанган?

Ачыгын айтканда террордук совет бийлиги кыйрагандан кийин, террордук уюмдардын саны көбөйүп катуу каршылык көрсөтүшкөн. 1990-2000-жылдары канчалаган аскер жана катардагы жарандар каза болушту. Ал кийин 2011-жылы укук коргоо органдарынан 5 кызматкер каза болду. Себеби мындай адамдарды колго түшүрүү операцияларында атайын кызматтагылардын өмүрлөрүнө чоң коркунучтар бар. Буга даярдык көрүү үчүн ар кандай машыгуулардан өтүп жүрүшөт. Бирок бул дагы деле жетишсиз.

-Маегиңизге рахмат!

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *