Шашылыш кабар:

Бекматов: 20 талапкер жарыштан чыкты

Август 29, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
216

32d211fad7236d58f32b78e7df2c424d.730x0

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген 20 кишини каттоодон баш тартты. Мындай чечим БШКнын 26-августтагы жыйынында кабыл алынган. Ажолукка ат салышууга камынып жаткандар эмне себептен каттоого алынган жок жана учурда канча жаран калды? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов менен маектештик.

Марал: Борбордук шайлоо комиссиясы 20 кишини талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечим чыгарды. Буга эмне себеп болду?

Абдыжапар Бекматов: «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын талабына ылайык талапкер болуп жылдырылган КРнын жарандары тиешелүү талаптарды аткарышы керек. Ал талаптарын бири шайлоочулардын 30 миңден кем эмес кол тамгаларын талапкер же анын атайын өкүлдөрү мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө же башкача айтканда 26-августка чейин БШКга тапшырышы керек болчу. Президенттикке жалпы 59 талапкер жылдырылса 24 жаран көрсөтүлгөн мөөнөттө кол тамгаларын алып келип тапшырды.

Калгандары кол тамга тапшырбагандыгы үчүн, мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сертификатты алып келбегендигине байланыштуу, айрым талапкерлер мурда шайлоого катышуудан баш тарткандыгы жөнүндөгү арыз бергендиги үчүн жана тиешелүү банк мекемелеринен шайлоо фондун түзбөгөн 20 талапкер каттоого алынган жок. Азыр 24 талапкер мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарып келе жатышат.

Марал: Башта 59 жаран президенттикке талапкер болуу үчүн арыз тапшырып учурда алардын дээрлик жарымы эле калган экен. Азыр президенттикке расмий талапкер болуп катталган канча киши бар?

Абдыжапар Бекматов: Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын отурумдарында Темир Сариевди, Өмүрбек Бабановду, Сооронбай Жээнбековду жана Бакыт Төрөбаевди талапкер катары расмий каттоодон өткөрүү чечими кабыл алынган. Калгандары кийинки процесстерди өтүү жолунда.

Марал: БШК талапкер болуу үчүн арыз тапшыргандар чогултуп келген кол тамгаларды санап жаткан экен. Бул качан аяктайт?

Абдыжапар Бекматов: Бизге 11 талапкер топтолгон колдорду 25-август күнү алып келип беришти. Алар 10 күндүн ичинде башкача айтканда 4-сентябрга чейин Боршайкомдун жумушчу тобу, эксперттердин, тиешелүү адистер тарабынан текшерүүдөн өтөт. Анан корутунду чыгарылып БШКнын отурумунда атайын чечимдер кабыл алынат.

Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кол коюлган барактарын тапшырбай шайлоодон четтеген  15 жарандын тизмеси:
1. С. Абыкулов 2. А. Абышев 3. Т. Акимов 4. Турсунбай Бакир уулу 5. О. Бөлтүрүков 6. М. Жумабеков 7. З. Муратбекова 8. Н. Нышанов 9. Т. Өмүралиев 10.Т. Таласбаева 11.Д. Токтосунова 12.М. Чолпонбаев 13.С. Энназаров 14.Б.Керимбеков 15.М. Мергенов.

Мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты, кол коюлган барактарды тапшырбай талапкер болуп катталбай калган жарандардын тизмеси: 1. Р. Жунусов 2. И.Трофимов 3. К. Мактымбаев 4. Шерикул уулу Мирлан 5. П. Кенжекулов

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *