Шашылыш кабар:

Акенеев: Өкмөттүн программасы президенттин демилгесине негизделген

Август 28, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
364

2017-07-10_18-05-11_515945

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Ош облусуна болгон иш сапарында өзү тарбиялаган Сапар Исаков премьер-министр болгонун жана ал баштаган жаштардан куралган жаңы өкмөт өзү баштаган иштерди улантып кетээрине ишеними чоң экенин билдирди. Ошондой эле өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл алып жетишээрин айтты.

Сапар Исаков да парламентте жаңы өкмөттүн программасы менен тааныштырып жатып өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ишин улантаарын баса белгилеген. Биз ушул теманын айланасында экономист Жумакадыр Акенеев менен маектештик.

Марал: Мына президент Ошко болгон сапарында ал баштаган иштерди жаңы келген өкмөт улантып кетээрин айтты. Дегиле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтүндө экономика жаатында көзгө көрүнөөрлүк кандай иштер аткарылып, кайсы долбоорлор ишке ашты?

Жумакадыр Акенеев: Алмазбек Атамбаев президенттикке келгенде 6 жылдык программа түзүлгөн. Ошонун үстүнөн президенттин аппараты түздөн-түз иштеген. Анын ичинде Сапар Жумакадырович да катышкан. Бул президент түзгөн негизги программа болуп эсептелген. Калган өкмөттөрдүн программалары ошого жакындап, анын ичиндеги иштерди  жүзөгө ашырып, ар бир премьер-министр анча-мынча өзгөртүүлөрдү киргизип келишкен. Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык ишин тапшыргандан баштап бир ай, бир жарым айдын ичинде эч ким толук программа иштеп  чыга албайт. Сапар Исаков, аны премьерликке көргөзөөрүн да билген эмес. Ошондуктан болгон программасын алып келип, депутаттардын алдынан өттү. Анда бардыгы укмуштай жакшы деп айтуу кыйын. Бирок, мурунку программаларды эске алып, жасала турчу кадамдарды айтып кетти.

Марал: Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн бутөөрүнө саналуу гана айлар калганда «Таза коом» долбоору демилгеленди. Жаңы келген премьер-министр Сапар Исаков жана ал баштаган аткаруу бийлигинин программасы да ушул долбоор менен өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын негизинде жазылган экен. Бирок депутаттар долбоор бышпай калганын айтып жатышат. Бул өкмөттүн программасы кагазда эле калып калбайбы?

Жумакадыр Акенеев: “Таза коом” программасы президент иштеп жаткан кезде түзүлүп, такталып, азыр ишке аша турчу долбоор болуп эсептелет. Ошондой эле, 2040 деген программасы түзүлүп жатат. Анын үстүндө да Алмазбек Атамбаев турат. “Коопсуз шаар”, “Санариптик экономика” мунун баары Атамбаевдин тушунда иштелип чыккан программалар деп айтсак болот. Президент ошону айтып жатат, “мен тарбиялаган балдар мен бийликтен кеткенден кийин келип, президент болобу, өкмөт башчысы болобу мен баштап кеткен программаны улап кетчүлөр ушулар”- деп.

Чындап айтканда, азыр экономикалык жактан өсүшкө абдан жакшы жагдайлар түзүлдү. Биринчи жол, Кыргызстандын ЕАЭБке киргендиги. Экинчиси, Өзбекстан менен мамилебиз жакшырып жатат. Мына азыр, эт кескин түрдө кымбаттап кетти, анткени Өзбекстан жакка сатыла баштады. Ал жерде бизге караганда 30-40 пайызга кымбатыраак. Иран мамлекети менен эркин соода аймагы ачылганы жатат. Кытай жакка Сооронбай Шарипович өзү баш болуп, “Жашыл коридор” программасы кабыл алынып, кол коюлган. Анын негизинде эт-сүт жана башка бардык азык-түлүк Кытай тарапка сатылат. Ал жерде да биздин азык-түлүк 2-3 эсе кымбат сатылат. Болгону ушул жолдордун баарын пайдалануу керек. Ошондуктан азыркы өкмөткө жаш премьер келди. Булар жаңы технологияга жакын, кээ бири чет мамлекеттен билим алып келишкен. Азыр булар чогулуп экономиканы жакшы жакка алып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Марал: “Таза коом” долбоору негизинен чет элдик донорлордун жардамы менен ишке ашканы жатат. Бирок, азырынча кайсы бир тараптар каржылык колдоо көрсөтүү боюнча убада берише элек. Бул долбоор аягына чыкпай калуу коркунучу жокпу?

Жумакадыр Акенеев: “Таза коом” долбоору кабыл алынып жатканда ага чет мамлекеттик банктардан 300 миллион доллар бөлүнүүсү, чет мамлекеттен өкүлдөрү менен чогуу такталган. Алсак, Европа өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк аталган программаны ишке ашырууга катыша турушканын айтышкан. Башкача айтканда, “Таза коом” программасынын 80-90 пайызы чет жактан келген ресурс менен топтолуп, 20-30 пайызы өзүбуздүн акчабыздан топтолушу керек.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *