Шашылыш кабар:

Жыргалбек Саматов: Кыргыз улакчылары сатылды деген курулай ушак

Август 28, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
147

1029087746

27-августта Казакстандын Астана шаарында көк бөрүнүн казакча түрү — көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунун финалдык беттеши болду. Анда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды. Бирок буга чейин кыргыз эли улуттук команданын чемпион болушун чыдамсыздык менен күтүп турушкан. Кыргыз –казактын финалдык беттеши тууралуу түз байланыш аркылуу Кыргызстандагы көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов менен «Күн чабыт» программасында маектештик.

Алгач Кыргызстандын улуттук курамасы экинчи орунду камсыздашы менен куттуктап өтөлү. Финалдык беттеште көпчүлүк күйөрмандар Кыргызстандын чемпион аталаарын күтүп турушкан. Сиз көк бөрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын вице-президенти катары айтсаңыз оюн кандай болду?

Эми оюндун жүрүшү толук бойдон түз эфир болуп турду. Калайык калк кандай болгонун толук көрүп турду. Биздин балдар аракет кылышты. Бирок тилекке каршы, биз көп күйөрмандарыбыздын, кыргыз элинин үмүтүн актай албай калдык.

-Оюндун финалдык беттеши жыйынтыкталган соң, социалдык тармактарда «кыргыз улакчылары Казакстанга сатылып кетти» деген кептер чыкты. Муну социалдык тармактын колдонуучулары эмнеге негиздеп жазышы мүмкүн?

Бул маалымат курулай эле доомат! Курулай эле ушак!  Же ат үстүндө ойнобогон, спорттон алыс, көрө албастар деп эле айтам. Ал маалыматты мен дагы Астанадан уктум. Анда көк бөрү федерациясынын вице-президентине оюнчулар  5миң доллар берүүнү сунуштаптыр, бирок ага менин каршы чыкканым жазылып жүрөт. Биринчиден мага кимдир бирөө келип соодалашкан дагы эмес. Экинчиден мындай маселе дагы көтөрүлгөн эмес. Эгер андай сөз болгон болсо, мен ачык эле кыргыз элинин алдында айтмакмын. Мындан тышкары, ошончо алыстыктан өз аттары менен мамлекеттин атынан барып туруп сатылып кетти деген болбогон нерсе. Андыктан мындай кептер кайдан чыгып жатат түшүнбөй турам.   

-Анда биздин оюнчулар кайсы жерден ката кетирди?

Биздин улакчылар кетирген катаны улуттук кураманын жетекчиси айтса жакшы болмок. Бирок биздин сураганыбызда балдар жакшы оюн көрсөтө алышкан жок.

-Улуттук кураманын жетекчиси Талас Бегалиев оюн учурунда айрым эрежелер бузулганын журналисттерге кабарлады. Кандай эреже бузуу болду?

Мен ошол жерде болдум. Бизде спорттук этика деген бар.  «Жеңүүчүнү талкуулабайт» — деген.  Кандай болгон күндө дагы казактар жеңишке жетишишти. Биз утулдук, алар утту. Спортчулар утканды дагы, утулганды дагы сөзсүз билиши керек. Андыктан эмне деп гана талкуулабайлы биз тараптан утулуу болду. Ошондуктан болбогон ушактарды социалдык тармактардан таратууну токтотсок. Себеби канча айдан бери балдар үй-бүлөсүн таштап өлкө намысын коргойбуз деп сыртта жүрүшсө, мындай кептер аларга чоң сокку болуп жатат.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *