Шашылыш кабар:

Боксчу Флойд Мейвезер Макгрегорду нокаут менен жеңди

Август 27, 2017 | жарыялаган Түмөнбай Абдинаби уулу
112

31_main_new.1503769445

Америкалык боксчу Флойд Мейвезер UFC эрежесиз мушташтын эки салмак категориясындагы чемпиону Конор Макрегорду нокаут менен жеңип алды. Аталган беттеш АКШнын Лас-Вегас штатында орун алды. Эки башка багыттагы мушкердин беттеши 10-раундга чейин созулуп, аягында Мейвезер Макгрегорду бир канча жолку удаа соккулары менен техникалык нокаут абалын түзүп, жеңишке жетишти.

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк басылмалар бул беттештин мушташ эмес атайын шоу экенин да жызп чыгышкан. Анткени аталган кез келүү түз эфирлерден акчалай негизде көрсөтүлүп, билеттин баалары да 500-1000 доллардан сатылган. Жалпылап айтканда, Мейвезер 100 ал эми Макгрегор кеминде 75 миллион долларга ээ боло тургандыгы жазылган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *