Шашылыш кабар:

Ош базардагы жеке медициналык жайлар талапка жооп бербейт

Август 25, 2017 | жарыялаган Айжамал Худайбердиева
82

Оорукана

Жеке медициналык борборлордун саны көбөйүүдө. Анын себеби алардын тейлөө кызматы мамлекеттик ооруканаларга салыштырмалуу арзандыгында. Мындай клиникалар ар бир кардарга өзгөчө көңүл бурат дегендердин бири Бишкек шаарынын тургуну Айпери Эсенова. Өзү борбор калаадагы ооруканалардын биринде каттоодо турса да, мамлекеттик ооруканалардын тейлөө кызматына канааттанбайт. Кээде дарыгерлер эл көп, биздин убактыбыз жок деп коёрун айткан каарман жеке менчик бейтапканалардан дарыланууну тандайт. Бирок ушул убакытка чейин бир да барган жеринен лицензия талап кылган эмес.

“Мамлекеттик ооруканалар карашпайт. Ал эмес тез жардам чакырсаң да келишпейт. Барсаң болбогон эле анализдерден өткөрүп, бир жума сүйрөп жүрө берет. Жеке менчиктер бир күндө баарын бүтүрүп берет. Экөөнүн ортосунда  150-200 сомдой айырма болот. Барган жерлерде лицензиясы барбы, билбептирмин”. 

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Бишкектеги Ош базарынын аймагында жайгашкан жеке медициналык борборлорду кыдырып, алардын иши менен таанышкан. Министр барганда алардын көпчүлүгү эшигин жаап качып кетишкен же ичинен жаап алышкан. Т.Батыралиев көпчүлүк жеке медициналык жайларга лицензия башка бирөөнүн атына жазылып берилгенин, ал эми аны иштеткен дарыгерлер башка адамдар болуп чыкканына токтолду.

“Барсак “кайсыл закондун негизинде текшерип жатасың” деп сурагандар да болду. “Таанышканы келдим, анткени бул саламаттыкты сактоо тармагы деп” карасак, көзгө көрүнө асылып турчу лицензия да жок. Кайсыл врач иштеп жатканы да белгисиз. Кээ бир жерде иштеген дарыгерлер лицензия сураган врачтар эмес. Алардын ичинде башка мамлекеттик кызматта иштегендер да бар. Деги эле санитардык абал абдан начар. Ошондуктан алардын баарын көзөмөлдөп алып, тапшырма бердим.”

Алдыда республикалык санитардык эпидемиялык кеңеш өтөт. Анда министр берген тапшырманын жыйынтыгын алып, сунуш менен чыгышат. Ал коллегиядан каралып, өкмөткө саламаттыкты сактоо тармагындагы жеке ишкерлерди көзөмөлдөө боюнча нормативдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуш беришет. Анткени лицензиялар өткөн жылдан бери мөөнөтсүз берилип келет. Ал эми, саламаттыкты сактоо министрлигинде  көзөмөлдөө системасы жок. Мындан улам качан гана арыз түшсө соттон чечими же Экономика министрлигинин уруксаты менен текшере алышат.

Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарга лицензия берүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыкулова жеке менчик медборборлорго лицензия берүүдө эң негизгиси санитардык көзөмөлдүн уруксаты керек дейт. Андан сырткары, имараттын аянтынан тарта, анда иштегендердин диплому, квалификациялык деңгээли каралат. Юридикалык документтери да толук бүткөндө 15 кишиден турган комиссиянын чечими менен лицензия берилет. Кызыгы Ош базардын ичинде жайгашкан айрым медициналык жайлардын лицензиясы жок.

“Ош базардын ичинде биздин каттоодон өткөн медборборлор жок. Көчөлөрдүн кесилишинде же атайын санитардык уруксаттын негизинде биздин талаптарга жооп бергендер гана лицензия алган. Базардын ичиндегилердин лицензиясы жок, биз уруксат берген эмеспиз. Базардын ээлери, мэрия арендага жер берип, лицензиясыз жеке менчик медициналык жайларды ачып алгандар бар. Эл билбей барып алып ВИЧ, Гепатит сыяктуу оорууларга чалдыгып жатат. Калайык калк билсин, уруксаты жок медборборлорго барбасын.”

Анткен менен борбор калаага келип, каттоодон өтпөгөн жарандар үчүн мындай медборборлордо дарылануу абдан ыңгайлуу. Беш жылдан бери Ош базарында иштеген Назгул Абдыллаева Жалал-Абаддан келген. Ал базарлардын ичиндеги медициналык жайлардын болгону жакшы дейт, анткени башка жеке менчик ооруканалар кымбатка турат.

«Беш жылдан бери Ош базарында иштейм. Өзүм Жалал-Абадтык болгондугума байланыштуу жеке менчик ооруканаларга барууга туура келет. Анткени мамлекеттик жайлар документ талап кылат. Базарга медборборлордун болгону абдан жакшы, мамлекеттиккиндей болуп кезек күтпөйсүн. Бул жактан башка жактагы жеке менчик бейтапканалар абдан кымбат».

Эске салсак, жеке медициналык борборлорду ачууга уруксат кагазды Саламаттыкты сактоо министрлиги берет. Бирок талап кылынган стандарттарга ылайыксыз, антисанитардык шарттарда иштеп жаткан борборлордун лицензиясын кайра чакыртып ала албайт. Бул маселе сот аркылуу чечилет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *