Шашылыш кабар:

Ниязалиева: Мыйзамсыз жеке клиникаларды жабууга министрдин эрки жетпей жатат

Август 25, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
86

Жеке менчик медициналык борборлордун көпчүлүгү белгиленген стандарттарга жооп бербейт. Бирок аларды министрлик жаап кое да албайт. Анткени алар ишкерлик катары белгиленгендиктен министрликтин мындайга укугу жок. Буга байланыштуу министрлик жеке ишкерлерди көзөмөлдөө боюнча нормативдик укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунушун өкмөткө жибергени турат.

Ош базарынын айланасындагы талапка жооп бербеген медициналык борборлорду ирээтке келтирүү маселесин «Күн чабыт» программасында КР мурунку вице-премьер, Жогорку Кеңештин  V чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева менен талкууладык.

— Ош базардын айланасындагы талапка жооп бербеген медициналык борборлорду жабуу иштери канча жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок натыйжасы бүгүнкү күнгө чейин жок.  Ушундай медициналык борборлорду көзөмөлдөөгө  саламаттык сактоо министрлигинин күчү жетпейби?

-Буга министрликтин күчү жетет. Ал үчүн министрдин саясий эрки керек. Бирок тилекке каршы эркти көрбөй турам. Бул маселени канча жылдан бери айтып келе жатабыз.  Биз биринчи көтөргөн жылдары азыркыдай терс көрүнүштөр жок болчу. Ал эми соңку 2-3 жылда жарандарыбызды тажрыйбасы жок, керек десе медициналык билими жоктор доктурмун деп операция жасап жатышат. Мунун кесепетинен гепатит С, СПИД дарттарын жугузуп алуу чоң көрсөткүчтөргө жетти. Ошондуктан министрлик саламаттык сактоо тармагында иштеп жаткан мыйзамдарга эле өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ирээтке келтирип койсо болот. Себеби саламаттык сактоо министрлиги өкмөттүн бир тармагы катары мындай демилгени көтөрүп чыкканга толук укугу бар.  

-Сиз депутат кезиңизде кийин вице-премьер-министр кызматында отурганыңызда дагы талапка жооп бербеген жеке медициналык мекемелер боюнча маселени көтөрүп чыккансыз. Ал үчүн кандай механизмдер иштелип чыгышы керек?

Биринчиден саламаттык сактоо тармагында лицензия берүү тармагы бар. Ошол жакты реформалоо керек. Анткени бүгүнкү күнү ал жерде 3-4 эле киши иштеп жатат. Анан албетте алар эч нерсеге жетишпейт. Ошондуктан ал жерге атайын бөлүм түзүлүүсү керек. Же дары-дармек менен камсыздоо департаментин астына ачса деле болот. Себеби ал жерде шарты дагы жакшы. Жыйынтыгында лицензиясы жок иштеп жаткан медицина борборлорун аныктап, аларды укук коргоо жана прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жоопко тартса болот.  Болбосо жарандарыбыз арзан деп, мындай борборлорго баруу менен ден соолукту чыңдабай эле талкалап жатышат.

-Демек сиз айтып өткөн механизмдерди канча убакытта ишке ашырса болот?

Механизмдердин ишке ашыруу толук мыйзам аркылуу болот. Ошондуктан бул процесстер 3-4 айга созулушу мүмкүн. Бирок ага чейин деле карап турбастан азыр эле ишти баштоо керек.

-Бүгүнкү күндөгү жеке медициналык борборлорду деги кимдер ачып жатат?

Ар кандай. Бүгүнкү күнү билими бары деле жогу деле ачып жатышат. Ачылган медициналык борборлор талапка жооп бербейт. Ал эми карапайым эл аларга аябай ишенип, ден соолугун опурталдуу адамдардын колуна берип коюп жатышат.

Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *