Шашылыш кабар:

Т.Сатаров: Жол коопсуздугу үчүн патрулдук милицияны кайра экиге бөлүү керек

Август 24, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
186

Патрулдук милицияны реформалоонун алкагында, жол кыймылына түздөн-түз жооптуу кызмат түзүү сунушу берилди. Ага ылайык, автоинспекторлордун ыйгарым укуктары кеңейтилди. Бул боюнча атайын жаңы жобо даярдалып, сунуш өкмөткө берилди. Сунушталып жаткан жаңы кызматтын буга чейинки патрулдук милициядан айырмасы кандай?

Бул тууралуу суроолорубузга жол кайгуул кызматынын мурдагы төрагасы Токтосун Сатаров «Күн чекит» программасында жооп берди.

-Жол кыймылын көзөмөлдөй турган жаңы кызмат түзүлгөнү турат. Буга чейин  болсо тескерисинче патрулдук милиция башкармалыгына бириктирилген эле. Демек патрулдук милиция өз максатына жеткен жокпу?

Чын-чынына келгенде патрулдук милиция өз максатына жеткен жок. Мен башында эле жол көзөмөлдөө башкармалыгын патрулдук милицияга бириктирүүсүнө каршы чыккам. Ошондо эле «ушул маселеге кайра кайрыласыңар» деп айткам. Себеби, жолду көзөмөлгө алган башкармалык, бул бир чоң институт. Муну совет мезгилинде эле институттардын баары долбоорлоп чыгышкан. Бүгүнкү күнү заманбап, алдыңкы мамлекеттер деле ошол системаны калтырып эле иш жүргүзүп келе жатышат. Алыс карабайлы Орусия деле бул системаны алып калышкан.  

Анда жолдогу коопсуздук маселесин системаны өзгөртүү менен чече албайбызбы?

Жок! Бул жерде менин айтайын дегеним…жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалыкты патрулдук милицияга бириктирбей эле, ички системасын карап чыгуулары керек болчу. Эгер бүгүнкү талапка карата ошондой иштерди жасаган болсо, менин эч кандай каршылыгым болбойт эле.  Бүгүнкү күнү мас абалындагы айдоочуларды кечиримсиз кылмышка тартуунун Жогорку Кеңешке сунуштап жатышат. Бул эң туура!

Себеби, жакында эле бирөө мас болуп алып, үч адамды сүзүп кетти. Мындай окуялар Кыргызстанда жүздөп саналат. Мындай окуяларды болтурбоо үчүн атайын кызматтар иш алып барат. Мисалы, жолдун талапка ылайык салынышын караган, жолдогу инспекторлорду көзөмөлдөй турган, мектеп жана жалпы эле эл менен иштөө бөлүмдөр бар. Бүгүнкү күнү булардын иши 0 гө барабар болуп калган. Анткени ушул системанын баарын талкалап, патрулдук милицияга кошуп салганбыз. Ал эми башына бул системадан кабары жок кишини алып келди. Анан кантип натыйжалуу иш жүрөт….

-Сиздин оюнузда анда патрулдук милиция түзүлө элек абалга алып келүү керекпи?

Албетте! Мурункудай абалга алып келүү керек.  Бүгүнкү заманбап талапка ылайык келген техниканы берип, программаны түзүп берүү зарыл. Ошондо иш алдыга жылат.  Юридикалык билимди талап кылбай, инженерлерди алып келүү керек. Себеби жолдон баштап унаага чейин кемчиликтер абдан көп. Аны юрист эмес инженер көрөт. Ушундай иштердин кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп жатат.

-Маегиңизге рахмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *