Шашылыш кабар:

Асыкулов: VIP аңчыларга 1,5 млн сом айып пул аз эле акча

Август 24, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
414

D7B532AD-8063-41AD-90B2-E1BF1A746F0D_cx0_cy11_cw0_w1023_r1_s

Бүгүн, 24-августта Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу боюнча экинчи эл аралык форум башталат. Дүйнөнүн 12 гана өлкөсүндө кездешкен бул жаныбарды коргоо жана илбирстерге болгон өлкөдөгү камкордук тууралуу «Күн чабыт» программасында Германиянын табиятты сактоо боюнча кыргыз бөлүмүнүн жетекчиси Толкунбек Асыкулов менен маектештик.

Марал: Ак илбирсти сактоо боюнча биринчи форум Кыргызстанда 2013-жылы өткөн эле. Эми ал форум экинчи ирээт уюштурулуп жатат. Бул иш чаранын баасы теңдешсиз болгон жаныбарды сактап калууда мааниси канчалык?

Толкунбек Асыкулов: Быйылкы форум 2013-жылдагы форумдун уландысы. Негизи 2012-жылы ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин эксперттеринин жолугушуусу болуп, форум өткөрүү сунушу айтылган. Муну биз президентке киргизип ал ак илбирсти сактоо форумун Кыргызстандын демилгеси катары алып чыкканбыз. Биринчи жолугушууларда илбирс жашаган мамлекеттердин аны сактоо боюнча улуттук долбоору жок экени аныкталган. Кийин атайын план кабыл алып ошонун негизинде иш алып барсак деп болжогонбуз. Андан соң ар бир мамлекет өзүнүн улуттук стратегиялык планын иштеп чыгып, 2013-жылы Бишкектеги форумда ал жактырылган. Ошону менен эле Бишкек декларациясы кабыл алынган.

Марал: Толкунбек мырза, буга окшогон форумдарды өткөрүп коюу менен эле ак илбрсти сактап калууга мүмкүн эмес экенин баары түшүнүп турат. Кыргызстандын өкмөтү сейрек кездешкен жаныбарды сактоого кандай реалдуу иштерди жасап жатат?

Толкунбек Асыкулов: Экологиялык саясатты жүргүзүүдө мамлекет, өзгөчө Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча агенттик жакшы иштерди алып барып жатат. Ак илбирсти коргоо боюнча биринчи форумдан баштап эле мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү менен мыйзамсыз аңчыларга айыппулду көтөрүү аракеттери ишке ашты. 2016-жылы «Ханачу», «Абатай», «Хан-Теңири» деген өзгөчө корголуучу аймак ачылды. Буга окшогон аймактарды чет өлкөдө ачуу өтө татаал нерсе. Себеби эл менен сүйлөшүп, чарбалык иштер менен кошо экономикалык маселени жөнгө салып, жергиликтүү эл менен тил табышып, жаратылышты бөлүп чыгуу өтө оор нерсе.

Марал: Ак илбирске аңчылык кылгандарга салынчу айып пулдун көлөмү 500 миң сомдон 1,5 млн сомго көтөрүлүп жатат. Бул каражат кулакка көп угулганы менен чет элдик аңчылык кылган ышкыбоздорго бул акча деле эмес да. Жазаны мындан дагы катаалыраак кылса болбойт беле?

Толкунбек Асыкулов: Албетте, бул каражат чет өлкөлүк миллиардерлер үчүн эч нерсе эмес. VIP аңчылар деген бар, бул акча аларга өтө эле аз. Бирок алардын мыйзамсыз аңчылыкка барышына жергиликтүү калк эле жардам берет. Анткени жолду жакшы билген жергиликтүүлөр VIP аңчыларга жолду көргөзүп, ак илбирс байырлаган аймакты көрсөтүп берет. Бирок, 1,5 млн сом Кыргызстанда жашаган адам үчүн чоң акча. Биздин экономикалык деңгээлибизге карасак 500 миң сом деле көп каражат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *