Шашылыш кабар:

Ч. Алкадырова: Мегакомдун түз сатылышы учурдун талабы

Август 22, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
143

«Мегаком» компаниясы эми аукционсуз эле тике сатуу ыкмасы менен сатылат. Мындай чечимге буга чейин аукциондордун ийгиликсиз аякташы себеп болгон. Мамлекеттик мүлк фондунун билдиришинче, ишкананы сатып алуу үчүн 13 млрд 500 млн сомдон кем эмес көлөмдө сатып алуу сунушу менен кайрылышы керек. Айрым  экономисттер бийликтин бул аракетин сынга алып, өзүнө тиешелүү адамдарга сатууну көздөп жаткандыгын айтышууда. Технология өнүгүп, уюлдук операторлорго болгон муктаждык азайып жатканда, мамлекет тобокелчиликке баруудан оолак болуусун туура көргөн депутаттар да бар. Ушул теманын алкагында экономика илимдеринин доктору, профессор Чолпон Алкадырова менен “Күн чекит” программасында маек курдук.


0e93e5b7-e83c-4f6f-af21-b2b388d158ea.JPG.850x445_q82_crop

Буга чейин «Мегакомду» сатуу боюнча үч жолку аракеттен майнап чыккан жок эле. Эми мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аны түз сатуу чечимин кабыл алды. Бул жыйынтык берерине ишенсек болобу?

-Экономиканын өнүгүүсү эки типте каралат. Бирөө күчтүү мамлекеттик орган бар жерде экономика өз күчү менен өнүгөт, ал эми экинчи моделде болсо, алсыз мамлекеттик орган болгондуктан  башка мамлекеттер, башка моделдер менен өнүгөт. Мисалы бизде мамлекеттин алсыздыгы болгон үчүн бардык мамлекеттик кызматтар  (билим берүү, саламаттыкты сактоо) коммерцияланып кетти. Ошондуктан, мамлекеттин тарабындагы ишканалар эч кандай пайда алып келбесе, анда аларды туура пайдалануу суроосу турат. Анын ичинде “Альфа Телеком” ишканасын сатуу туура чечим. Балким азыр киреше алып келиши мүмкүн. Бирок кийинчерээк киреше да жок болот. Ал эми түз сатуу мыйзам ченемдүү. Анткени мыйзам боюнча эки жолу аукцион өтпөгөндөн кийин түз сатуу жолу менен ишкананы менчиктештирүүгө болот.

Компанияны сатуу боюнча баанын суммасы 13,5 млрд сомду түзөт экен. Айрым эксперттер муну көп десе, айрымдар аз деп чыга баштады. Бул кандай негизде эсептелиш керек эле?

-Биринчи жолу аукционго берип жатканда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу баалап, азыркы көрсөтүлүп жаткан баадан ылдый көрсөткөн. Ошого байланыштуу коомдук байкоочу кеңеш башка баалоочу компанияларды алып келип баасын көтөрткөнбүз. Бирок баалоо мыйзамына ылайык, аукцион өтпөй калса бааны ылдыйлатууга болот. Ошонун негизинде 19 млрддан 13 млрдга түшкөндүгүн айтууга болот. Базар жагынан караганда туура эле бааланган деп айтууга болот.

Эгер компания сатылып кетсе, бардык соттук териштирүүлөрдү инвестор өз мойнуна алышса реалдуубу. Анткени буга чейин инвесторлор дал ошол соттук териштирүүлөрдөн чочулаганын айтылып келген.

-Биз ошондой жакшы инвестор келишине үмүт кылышыбыз керек. Анткени азыр мамлекет аны кармап тура албайт. Себеби бардык  соттук териштирүүлөргө акча төлөнүш керек. Бирок андайга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Эң жакшысы ошол териштирүүлөрдү моюнга алган инвестор болсо сатуу абзел.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *