Шашылыш кабар:

А.Сейдакматов: Интернетти туура колдонуп, дүйнө кыдырып билим алып жатам

Август 22, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
1695

Бүгүнкү биздин каарманыбыз бир канча тилде эркин сүйлөгөн Аман Сейдакматов. Ал Түркияда билим алып, андан ары билимин Кытайдан уланткан. Учурда Европада өз кесиби боюнча иштеп, тажрыйба топтоп жүргөн кези. 22 жаштагы Аман биздин редакция менен маек куруп, акысыз программа, стипендиялар менен чет өлкөгө кантип чыкса болору тууралуу ой бөлүштү.

P70731-190501

 

Чет өлкөдөн билим алуу балалык кыялым болчу

Мектепте окуп жүргөндө  эле чет өлкөдө окууну кыялданып, кандай жолдору бар деп, программаларды изилдеп жүрчүмүн. Окууну аяктаганда чет өлкөгө окууга өткөм. Бирок үйдөгүлөр уруксат бербей, кетпей калдым. Ошентсе да чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин тандагам. Ал жерде бир жыл даярдоо курсунда түркчө үйрөндүм. Андан ары Түркияга кетүү үчүн “Түркия стипендиялары” деген программага тапшырдым. Бирок мен тапшырайын деген учурда аталган программага “Манастын студенттерин албайт”,- деген кептер  чыккан болчу. Андай сөздөр азыр да бар экен, бирок ал калп демекчимин (күлүп). Ошентип, 2014-жылдан бери  Түркиядагы Анадолу университетинде экономика жана административдик башкаруу факультетинде окуп жатам.

Анадолу университети студенттердин саны боюнча дүйнөдө 3-орунда турат. Бул жерде убакытты белгилөө, сабак тандоо, өзүңө жаккан мугалимден сабак алуу сыяктуу мүмкүнчүлүктөр жогорку деңгээлде түзүлгөн. Адамдардын, мугалимдердин мамилеси сага окуганга, жакшы иштерди жасаганга стимул берип турат.

P70511-171333

Түркия мага башка өлкөлөрдүн эшигин ачты

Бирок мен билим алуу жагында Түркия менен гана чектелгим келген жок. Дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү издеп баштады. Акырында “Мевлана студенттерди алмашуу” программасы менен Кытайдын Нанжин университетине 1 жылдык окууга өттүм (ред. Nanjing University of Aeronautics and Astronautics). Баары стипендиялык негизде болчу, болгону баруу жол киресин өзүбүз төлөшүбүз керек деп айтылган. Жол киреге акчаны Түркияда официант болуп иштеп жүрүп таптым. Тагыраак айтканда, Мен Кыргызстанга каникулга баруунун ордуна,  Түркияда жайкы окууларга жазылдым. Эртең мененки саат 8ден 11ге чейин окуп, түштөн кийин официант болуп иштедим. Ошентип, Кытайда окуу тилегим орундалган.

Кытайда жүрүп англис тилин мыкты үйрөндүм

Кытайдан тапкан эң чоң пайдам, англис тилин мыкты деңгээлде үйрөнүү. Андан сырткары кытай тилин да жакшы өздөштүрдүм. Ошол эле учурда Кытайдагы кыргыз боордоштор менен жакын болуп, алардын мекенчилдиги мени таң калтырды. Алар “Манас” эпосун өздөрүнүн адабий чыгармасы катарындай баркташат экен.

Ал эми Кытайдагы күндөрдөн эң эле эсте калганы, Кыргызстанга автобус менен келгеним десем болот. Кытайдан кышында Кыргызстанга келүү үчүн 60 саат жол жүргөнүмдү эч унутпасам керек (күлүп).

Америкага Кытай аркылуу бардым

Түркияда жатаканда чогуу жашаган түркмөн досумдан Америка тууралуу угуп, ал жакка болгон кызыгуум ойгонгон.  АКШга “Work and travel” программасы менен барууну чечтим. Бирок Кытайдан Америкага баруу кыйынга турду. Анткени, биринчиден Кытайдын жараны эмесмин, экинчиден негизги окуум Түркияда болчу. Ошого карабастан кичине көбүрөөк төлөсөм да, Латвиянын бир компаниясы менен Америкага жол тарттым.

Ал жакта Нью-Йорк мага өзгөчө таасир калтырды. Ал жакта мени адамдардын мамилеси таң калтырган. Баары жылмайып жүрүшөт, жардам берүүгө даяр. Алгач барганда 30 саат уктабастан, чарчабастан  шаарды бүт кыдырып чыккам. Ал жактан белгиленген Виржиния Бич шаарына барганымда үй маселеси кыйынчылык жараткан. Казак балдар менен таанышып, чогуу жашап калдык. Алар менен күнүнө 15-16-сааттан 2 жумушта иштеген күндөр болгон.

Польшада өз кесибим боюнча тажрыйба топтоп жатам

АКШда иштеп, Түркияга келген соң “Фараби программасын” колдонуп, университетти алмаштырдым. Эге университетине тапшырып, Измирде бир айга жакын окуп калгандан кийин, менин Түркияга барган негизги программам (Түркия стипендиялары) “Измирге барууга болбойт”,-деп тыюу салып, кайра Анадолу университетине кайттым. Бир жылдан соң, “ERASMUS” программасы аркылуу Польшага стажировкага кеттим.

Стажировкага өтүүнүн негизги талаптары: университеттеги жалпы жетишкендик (баа), англис тилин мыкты билүү жана коомдук иштерде активдүү болуу.  Талаптарга жооп берсең, сага стипендия бөлүп беришет. Жумушту бирок өзүң табышың керек. Мен азыркы учурда  Варшава шаарында компьютердик программаларды чыгаруучу фирманын эл аралык маркетинг бөлүмүндө иштеп жүрөм. Мен иштеген компанияда бүт шарттар түзүлгөн. Сага стажер ирээтинде эмес, кадимки жумушчулардай мамиле жасашат.

Компанияда жумуш убактысы деген түшүнүк жок. Сени эч ким көзөмөлдөбөйт. Болгону сага берилген тапшырманы бүтүрүп беришиң керек.

P70730-174604

Европадагыдай тактык бизде да болсо…

Европанын маданияты өнүккөн. Биз алардан бир гана экономикалык жактан эмес, адамдык мамиле же маданияттан да артта калгандайбыз. Элдери мыйзамды сыйлашып, жардам берүүгө даяр турушат. Жакында эле өзүм да таң калган окуяга туш болдум. Тааныбаган бир кыздан “электричка ушул жакка барабы?”,- деп сураганымда, кыз “ооба” деп жооп берген. Отурсам бир маалда жанагы кыз артымдан чуркап келип, “чык, чык, туура эмес жака түшүп алдың” деп башка туура жолду кайра көрсөтүп койду. Көрсө ал мага туура эмес айтып койгон окшойт.

Европалыктар абдан так болушат. Мисалы автобус 7:48де келет десе, ошол учурга келет. Бирок анын жаман жагы да бар экен (күлүп). Кыргызстанда кечигип баратсаң “ай, байке токтоп туруңуз” деп, светофордон болсо деле отуруп аласың. А бул жакта андай эмес. Бир мүнөткө кечиксең да күтүшпөйт. Айдоочунун милдети киши ташуу эмес, айдоо. Адамдык фактордон мурда, өзүнүн жумушун так аткаруу фактору өйдөрөөк турат. Бул жалпы коомдун туура түзүлүшү, системанын так иштеши үчүн жакшы көрүнүш.

Чет өлкө окугандын баары эле байдын балдары эмес

Мени апам жалгыз тарбиялап, чоңойткон. Ошондуктан эрезеге жеткенден кийин апамды кыйнабай өзүмдүн жанымды өзүм багып, акысыз окушум керек деп максат койгом. Мындан улам дүйнөнүн он үч мамлекетине барган болсом, анын көпчүлүгү атайын стипендиялар жана гранттык орундар аркылуу ишке ашты. Андай программаларга өтүү үчүн, интернет менен жакшы “дос” болуш зарыл. Бирок, интернет десе эле Инстаграм, Фейсбук, Одноклассники сыяктуу социалдык тармактарда көп отуруу туура эмес. Атайын сайттардан издеп, жаңы стипендия, программалар тууралуу жаңы маалыматтарды окуп туруу зарыл.

Чет өлкөдө окугандар байлардын балдары же көпкөн балдар деп ойлошот. Чындыгында андай эмес. Көпчүлүгү карапайым, жөнөкөй эле үй-бүлөдөн чыккан жаштар.

P70423-103846

“Дүйнө кыдырган адам акылдуу” деген өзүмдүн теориям бар

Ар бир барган жеримде көп нерселерди көрүүгө аракет кылам. Казахстан, Россия, Украина, Польша, Чехия, Венгрия, Германия, Бельгия, Голландия, Франция, АКШ, Кытай, Түркия мамлекеттеринде болдум. Көргөн нерселеримди эч унутпайм. Анткени булардын баары кийин Кыргызстанга барганда жакшы тажрыйба болуп берет.

Негизи “китеп окуган адам акылдуубу же кино көргөнбү”-,деп айтышат эмеспи, менде “дүйнө кыдырган адам акылдуу” деген өзүмдүн теориям бар. Анткени, дүйнө кыдырган адам китеп жазат, жаңы нерселерди үйрөнөт. Жөн гана окуп же туюп калбастан, ал нерселерди жон териси менен өткөрөт.

P70804-152516P70731-150337

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *