Шашылыш кабар:

К.Эсенгелдиева: Учурда сомдун төртүнчү чыгарылышы жүгүртүлүүдө

Август 22, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
670

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн “Эколикбез” экономикалык программасынын кезектеги чыгырылышы.  Бүгүнкү программанын алкагында Улуттук банктын нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Эсенгелдиева менен кыргыз валютасынын өнүгүү этаптары жана сомдун тарыхы тууралуу маектешебиз.

сом

Марал:- Саламатсызбы, Күмүшай Темировна. Биз быйыл улуттук валютабыздын 24 жылдыгын белгиледик. Ушул басып өткөн 24 жылга саресеп салып, сомдун тарыхына токтоло кетсеңиз?

К.Э:  — Сомдун тарыхы 1993- жылдын 10 — майынан башталат. Анткени бул күнү улуттук валютаны өлкөбүздүн  расмий төлөм каражаты катары чыгарганбыз. Улуттук валютаны киргизүүнүн негизги себептери болуп СССРдин кыйрашы, суверендүү мамлекеттердин пайда болушу, алардын ортосунда жалпы төлөм каражаты рубль болчу. Аны айласыздан пайдаланышчу. Ошондуктан биргелешкен долбоорлор, салык, бажы, валюта сыяктуу программалар жок болгондуктан, өз алдынча экономикалык саясатты жана реформаларды ишке ашыруу үчүн улуттук валютаны чыгарууга мажбур болгонбуз. Ошондуктан, Кыргызстан улуттук валютаны оор учурда киргизген. Сомду чыгарууда өздүк максат деле болгон эмес. Анткени ошол убакта өлкөдө гиперинфляция 2000% га  чейин жеткен болчу. Ошол көйгөйдү ооздукташ үчүн улуттук валютаны киргизип, андан аркы мамлекеттин экономикалык реформасын ишке ашырыш керек болчу.

Марал: -Кыргыздын улуттук валютасы канча ирет жаңыланып  басылып чыкты эле?

К.Э: -Басып өткөн 24 жылдын аралыгында улуттук валюта этаптык стратегияга ылайык өнүккөн. Азыркы учурда жүгүртүүдө сомдун 4-чыгарылышы бар. Эң биринчи чыгарылышы бул 1993-жылы чыккан биринчи сомдор жана кагаз түрүндөгү тыйындар болуп эсептелинет. Кыска мөөнөттүн ичинде өтө минималдуу чыгымдар менен жасап чыгарылган. Албетте, алар да коргоо элементтерди камтыган, өткөөл мезгилдеги банкноттор деп аталып, жашоо мөөнөтү болгону 6 ай мөөнөткө эсептелинген болчу. Кыргыз калкы сомду кандай кабыл алат же кабыл албайбы, рублду эле колдонобуз дешеби деп күмөн болушкан. Ошондуктан, өткөөл мезгилдеги убактылуу банкноттар чыгарылган.

Кийинчерээк, турмушубузга сом киргенден баштап, акырындап жүгүртүүгө улуттук валютанын экинчи чыгарылышы пайда болду. Даярдалып Кыргызстанга келгенден баштап мезгил мезгили менен чыгарылып турду.  1994-1995- жылдары 1 сомдон 100 сомго чейин банкноттор абдан көрүнүктүү инсандарды камтыган коргоо элементтери көбүрөөк туруктуу банкноттор дал ушул экинчи чыгарылыштан башталды десек болот. Улуттук банк өзүнүн улуттук валютасын жаңыртууга тийиш. Бул биринчиден, учурдагы заманбап коргоо элементтерди камтыш керек жана жасалма акча жасоочуларга каршы күрөшүү максатта, акчаны жаңылап туруш зарыл.

2000- жылдары үчүнчү чыгарылыштагы өркүндөтүлгөн коргоо элементтерди камтыган улуттук валюталар жарыкка чыккан. Анын ичинде дагы жогорку номиналдагы банкноттор 200, 500 жана 1000 сомдук  чыгарылды.

Кийин 2009-жылы төртүнчү чыгарылыштагы сомдор абдан заманбап коргоо элементтердин көбүнө ээ болгон улуттук валюта жүгүртүүгө берилди. Быйыл ал  2017- жылы жаңыланды.

Марал: — Биздин валюталар кайдан чыгарылат?

К.Э: -Биздин улуттук валютабыз Кыргызстанда чыгарылбайт. Анткени, бизде тиешелүү мекемелер жок. Ошондуктан, эл аралык тендер өткөрүлүп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталат. Биздин сомдорду Британиялык Де Ла Ру жана Француз Обертюр Фидюсиер компаниялары басып чыгарып беришет. Ал эми жүгүртүүдөгү металл тыйындарды болсо, коңшу өлкөнүн Казакстан теңге сарайы чыгарат. Булардын бардыгынын технологиялары эл аралык стандартка ээ. Негизинен, аталган компаниялар менен 4 же 5 жылдык узак мөөнөттөгү келишим менен иштешебиз.

Марал: — Ал эми сомду чыгаруунун наркы канча турат?

К.Э: -Сомдорду чыгаруу үчүн Улуттук банк  мамлекеттен бир тыйын да албастан, чыгымдарды өзү каржылайт. Миллиондоп басылып чыгып жаткан акчалардын бардыгына тең  акчанын өзүнүн номиналынан ашпаган каражат сарпталат. Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларынын жоболоруна ылайык биз анын так баасын айта албайбыз. Бирок ар бир улуттук валюта дайыма жүгүртүүдө эскирет, айрылат. Биз алардын ордун толуктап кайра жаңылантап чыгарып турабыз. Ошондуктан, жарандарыбызга дагы акчага аяр мамиле жасаңыздар деп айткым келет. Себеби, 100 сомду чыгаруу үчүн ага 100 сом сарпталат.

Марал: -Канча убакытта бир валюта жаңыланып чыгарылып туруусу керек?

К.Э: — Ушул улуттук валютанын этаптык стратегиясына ылайык, ар бир чыгарылыштын ортолук аралыгы 7 же 10 жылды түзөт. Бул ыкма эл аралык уюмдардын жана борбордук банктардын  тажрыйбасына ылайык аныкталган. Анткени, ар бир 7 же 10 жылдын ичинде  жасалма акча жасоо менен алектенгендер анык банкнотторго жакын же окшош кылып банкнот жасап чыгаруу коркунучу бар экен. Ошондон улам, коргоо чарасын күчөтүү максатын көздөп, жаңылап турабыз.

Марал: — Күмүшай Темировна айтсаңыз, банкнотторго  кимдин элесин түшүрүү кандайча чечилет?

К.Э: — Улуттук валютанын алдыңкы жана арткы бетиндеги адамдардын элесин түшүрүү маселесин чечүү үчүн атайын Президенттик аппараттын алдында мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Президент өзү, Премьер министр, Улуттук банктын төрагасы,илимдер академиясынын өкүлдөрү жана дизайнер сүрөтчүлөр кирет. Алар Улуттук банк сунуштаган көрүнүктүү инсандарды карап чыгып  бекитип беришет.

Банкноттун бетине элеси түшүрүлгөн адамдын мекенге кошкон салымы абдан зор жана кыргыздын маданиятына жана тарыхында аты калган көрүнүктүү инсан болушу керек. Ал адамдын сырткы келбети да каралат. Ошондой эле Кыргызстандын ар кайсыл аймактарынын чыккан инсандар жана гендердик теңсиздикке каршы да аял эркек дебей  тең салмакта тандалып  берилет. Банкноттун жана жүгүртүү монеталардын эскиздерин  жогорудагы шарттарга ылайык кылып дал ушул комиссия бекитип берет.

Маегиңизге рахмат

Маектешкен Наргиза Байөмүрова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *