Шашылыш кабар:

Чет өлкөлөрдөн тажрыйба топтогон Табылды келечекте БУУда иштегиси келет

Август 18, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
1270

23 жаштагы Табылды Муратбеков, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун долбоорлор боюнча координатору.  Ал жаш экенине карабай, коомдук иштерде активдүү катышуучулардын бири. Ал кыргызстандык жаштардын өзгөчө ойлонуп, жаштардын жаңы агымы пайда болуусуна көмөкчү болгусу келет. Бир жылдан бери Кытайда билим алып келген Табылды, бүгүн «Марал» радиосунун редакциясына келип, келечектеги максаттары жана жаштардын орду тууралуу ой толгоолору менен бөлүштү.

[034155]

Балалыгым Каркыра жайлоосунда өттү

1994-жылдын 10-ноябрында Ысык-Көл облусунун, Түп айылында жарык дүйнөгө келгем. Эң бир кызык балалык күндөрүм өлкөбүздүн четки аймактарынын бири, Казакстан менен чектеш, айтылуу Каркыра жайлоосуна жетпеген Сары-Тологой деген ажайып-кооз айылда өттү. Мектепте жакшы окугандыктан, коомдук иштерге активдүү катышчумун.

Үй-бүлөдө эң улуусумун. Эки карындашым, эки иним бар. Апам айылда сатуучулук менен алектенет. Окуучулук күндөрүмдүн белгилүү бөлүгү ушул кесипти өздөштүрүү менен өттү. Сатуучулук өнөрдө жашоого керектүү көп сапаттар бар дээр элем.

Дипломат болуу кыялым

2012-жылы окуумду ийгиликтүү аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин студенти болдум. Келечекте дипломат болуу окуучулук күндөрүмдөгү кыялым эле. Бул кесипти тандаганым да жөн жерден эмес. Дүйнө мамлекеттерине эл-жеримди көрсөтүү, таанытуу менен бирге дүйнөнүн түрдүү элдеринин, мамлекеттеринин өнүгүү тарыхын, тажрыйбасын үйрөнүп, изилдеп, аларды өз өлкөбүздө колдонуу, жакшы нерселерди алып келүү деген максат, аруу тилек менен ушул кесипти тандагам. Кудайга шүгүр, учурда максатыма ылайык көп нерсени үйрөнүп калдым жана алдыда үйрөнө турчу нерселер, кыла турчу иштер да көп.

Студенттик күндөрдө бош жатпоо керек

Студент болгон күнүмдөн тарта убактымдын негизги бөлүгүн окуума, андан сырткары университетибиздин, шаарыбыздын коомдун иштерине активдүү катышып, коомго колдон келишинче пайдасы тиер иштерди жасаганга аракет кылып келем. Мисалы: окуу жайымда Студенттик илимий коомунда (төрагасынын орун басары, кийин төрага), жаштар иштери бөлүмүндө иш тажрыйба топтой алдым. 2015-жылы жаштардын ар тараптан өнүгүүсүнө багытталган “Инсандык Өнүгүү-КУУ” студенттик клубун түптөп, командам менен университетибиз үчүн, Кыргызстанда төбөсү көрүнгөн адамдар менен жаштардын диалогун уюштуруп жүрдүк. Мисалы, экс-президентибиз Отунбаева Роза Исаковна, Кыргыз Эл жазуучусу Шайлообек Дүйшеев, төкмө акындар Аалы Туткучев, Жеңишбек Жумакадыр, чет элде билим алып, өз тармагында ийгилик жаратып келаткан Нуржигит Кадырбеков, Жоомарт Жолдошев (ж.б.) сымал инсандар менен түрдүү темада студенттердин жолугушууларын уюштурдук.

“Салам, Нью-Йорк” тасмасынын таасири

Мен окуучулук кезде мектепти бүтүп кеткен улуу агаларыбыздын чет жерде жүргөн сүрөттөрүн көрүп, “мен да барсам экен” деп кыялданчумун. Айрыкча, “Салам Нью-Йорк” тасмасынын да өбөлгөсү чоң болду. Кинону көргөндө таасирленгем, чынын айтсам ыйлагам. Кийин “Work and Travel” программасы менен АКШга, так ошол Нью-Йоркко сапар тарттым. Жалгыз учтум, ал жактан да тосуп ала турчу таанышым жок эле. Бирок эч ойлонгон эмесмин.  Алгач Москва аркылуу Нью-Йоркко учуп, ал жактан 30 саат унаа күтүшүм керек болчу. Ал учурда англис тилим  да анча эмес эле. Самолетто ак калпак кийип отургам. Бир киши келип баш кийимимди сурады. Теги армян улутундагы Жорж деген киши экен. Мен Кыргызстан жөнүндө айтып бергенимде биздин өлкөгө кызыгуусу арткандыктан бир топко чейин сүйлөшкөнүбүз эсимде. Сөз аягында ал менден жалгыз экенимди,  тосуп алчу эч кимим жок экенин билгенде “эр жүрөк” экенсин деген баа берген. Кийин “Табылды мен сени Нью-Йоркто жалгыз калтыра албайм. Бул жак кооптуу”-деп, өз үйүнө алып барды. Үйүндө бир күн түнөп, эртеси жумушуна бардык. Бир эмеректи эки жерден жылдырганга эле мага 20 доллардан берип атышты. Ошентип, алгачкы 60 долларымды ошол жерден тапканмын.

[033728]

“Жылмаюунун” таасирин АКШдан үйрөндүм

Жорж Түштүк Каролина штатынын Мертл-Бич шаарына узатып койду. Досумдун досу тосуп, үйгө жайгаштырды. Менде ал жагынан маселе жаралган жок. Компания менен келишимде мен пицца жасап иштемекмин, бирок барганымда бош орун жок деп коюшту. 1-2 күн шаар аралап, эч нерсе сезген жокпуз. 3-күндөн баштап, кыргыз студенттер менен биргеликте 100 долларга велосипед сатып алып, жумуш издей баштадык. 10 күнүбүз жумуш издөө менен өттү. Ыйлаган күндөр да болгон. Ал  күндөр аба-ырайы, тамак-аш, үй жагынан эмес, жан дүйнөбүзгө кыйын күндөр болду. Баарынан мекенге болгон сагынуу оор болду. Сүйлөшүлгөн компанияга чалсам, коңшу түндүк Мертл-Бичке бар, ошол жакта жумуш бар дешти. Акча менен барайын десем акча көп кетет. Кыргыз балдардан сурайын десем алардын да жумуштары бар. Велосипед менен жолго аттандым. Жолдо жаан жаады. Үчтөн бирин өткөндө суунун жээгине эс алып бир аз отургандан кийин карасам велосипеддин дөңгөлөктөрү жарык.  Айла жок, велосипедимди жетелеп 4-5 саат жол жүрдүм. Ошол учур мени чыйралтты, кийинки жумушума дем-күч берди. Компанияга барсам, жообун эртең айтабыз деген болчу. Ачка болгондуктан, тамактанып отурганда телефонум шыңгырап калды. Алсам, биринчи келген компаниянын администратору “орун бошоду, бүгүн ишке келе берсең болот”,- деп чалган экен. Ал жака кайра барган 50 доллар. Ал учурда биз үчүн 50 доллар чоң акча болчу. Бирок айла жок такси менен барып, биринчи жумушубузда пицца жасап 3 ай иштедим.

Чет жерде иштеп, мен эң негизги нерсени үйрөндүм. Ал жылмаюу. “Жылмаюунун” күчүн, сырын түшүндүм жана үйрөндүм.

20151009_201313

Кытайдагы жашоом, мекенчилдикке үйрөттү

Былтыр Шанхай кызматташтык уюмунун 1 жылдык программасынын негизинде Кытай Республикасынын Урумчи шаарындагы Синьцзян педогогикалык окуу жайына тапшыргам. Эртен консулга киребиз деп турганда Кытай элчилигинде жардыруу болуп, узак мөөнөткө жабылып калды. Ага чейин айылга барып, тууган, достор менен Кытайга барам деп коштошуп келген болчумун. Бакытка жараша элчилик бизди октябрдын аягында Кытайга жөнөттү.

Кытайга баруума балалык кездеги кыялдар себепчи болду го деп ойлойм. Анткени, мектепте окуп жүргөндө доскабызда дүйнөнүн саясий картасы илинип турчу. Бир күнү ким каяка баргысы келээрин белгилеп, сүрөткө түшкөнбүз. Мен ошондо кытайлык кыргыздарга аябай кызыгат элем, Кытайдын Урумчи шаарын белгилеп сүрөткө түшкөн экенмин.

Биз окуган окуу жайдын 12 кабаттуу китепканасы бар. Ошонун 9-кабатында кыргыздын маданиятын, адабиятын, турмушун чагылдырган оруну бар экен. Ал жакка киргенде өзүңдү Кыргызстанда жүргөндөй эле сезесиң. Кыргызстанда жок китептер орун алган.

Кытайдын окуу шарты жогорку деңгээлде. Өзгөчөлүгү тартиптин катуулугунда. Студенттерге да талап катуу. Кечигүү, келбей коюу деген жок.  Кечкисин китепканага барып, окуганга орун жок учурлар болду.

Кытайлык кыргыздардын эмгекчилдиги, ынтымактуулугу, “кыргыз” деген атты татыктуу алып жүргөнү кубандырды. Бизге салыштырмалуу мекенчил келишет экен. Бир байке “Биз Кыргызстандагы кыргыздарга капабыз. Ушундай эгемендүүлүктү алдык. Бирок эмнеге аны өнүктүрө албай жатасыңар. Эмнеге кечке уруша бересиңер”,-деп, кейиди.  Бул жакта мекеним деп төш каккылаган менен мамлекеттүүлүктүн кадырын ошол жактан билет экенсиң.  Урумчидеги кыргыз студенттери Кыргызстанды таанытуу үчүн “Айкын келечек” деген уюм түзүшүптүр.

IMG_20170614_131317

Бириккен Улуттар Уюмунда иштесем…

Учурда, Кытайдан келип, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонддунда  долбоорлордун координатору катары иш алып барып жатабыз. Азыр “Адеп олимпиадасы” деген долбоордун үстүнөн иштеп жаткан чагыбыз.

Буюрса келечекте БУУда иштесем деген максаттар бар. Азыр бизде качан Европа мамлекеттери же Россия бизге грант бөлүп берет , качан жолдоубузду оңдоп берет экен деген түшүнүк бар. жеке максатым биз башкалардан жардам ала бербестен, тескерисинче Кыргызстан өнүгүп, өзүн-өзү камсыздап, башка мамлекеттерге жардам берсек. Элестетиңиз, “Кыргызстандын университети Америкада ачылыптыр”-деген кандай сонун угулат. Бирок мындай ойду ишке ашыруу үчүн бир адамдын күчү жетишсиз. Ал үчүн жаштардын жаңы агымы келиши  керек. Андайлар көп. Өз ою, пикири бар жаштар келе жатат. Буюрса ошондой мыкты кадрлар келе жатканда жогорудагы ойлор сөзсүз ишке ашат.

0N5A7782

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *