Шашылыш кабар:

Германия Кыргызстанга 3 гемодиализ борборун курат

Август 15, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
154

Кыргызстанда жеке өнөктөштүк программасынын алкагында биринчи долбоорго кол коюлду. Ал  дүйнөдөгү эң алдынкы саналган Германиянын «Fresenius Medical Care»   компаниясы менен түзүлдү.  

0b8b8a50ac0291d4f1ca37b0382d9381

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк — бул мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы узак мөөнөттөгү кызматташтыгы саналат. Мындай кызматташуу долбоорлор, каржылоо, курулуш, калыбына келтирүү жаатында жүргүзүлөт. Кыргызстанда мындай өнөктөштүк жөнүндөгү мыйзам  2012-жылы кабыл алынган.  Аны ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн баардык  ченемдик укуктук базасы  дагы түзүлгөн.  Кодекстерге 15 ашык  өзгөртүүлөр кирген. Ишти алып баруу үчүн Экономика министрлигининин  астында Инвестицияны алдыга жылдыруу боюнча агенттик түзүлгөн.

Бул аралыкта мамлекет негизги 24 долбоорду иштеп чыккан. Анын эң алгачкысын ишке ашыруу боюнча биринчи долбоорго кол коюлду. Ал эки жолку тендердин жыйынтыгында Германиянын «Fresenius Medical Care»  компаниясы республиканын үч аймагына гемодиализ борборун куруу боюнча утуп чыккан. Эми алдыдагы жарым жылда заманбап борборду бүткөрүү пландалып жатканын экономика министри Арзыбек Кожошев журналисттерге айтты.

Эки жылдан бери демилгеленип келген долбоорлордун алгачкысына бүгүн кол коюлуп отурат. Анын алкагында 3 шаарда гемодиализ борборлору курулат. Буюрса бул долбоорлор жакшы ишке ашат. Себеби аталган компания дүйнө жүзүндө «эң мыкты» деп саналат. Ошондуктан биринчи долбоорубуздун ийгиликтүү ишке ашышы, башка дагы долбоорго түрткү берет.  

Бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча 6 гана гемодиализ борбору бар. Бул жерде 79  гемодиализ аппараты бар. Бирок анын ичинен 26 жабдуу жарактан чыккан. Натыйжада гемодиализ аппаратына таңкыстык кескин көп. Азыркы маалда 3-4 мөөнөт менен гемодиализ кызматын алып жатат. Бир жолку канды тазалатуу 100 долларды түзүүдө. Мындай шартта жаңы борборлордун ачылышы менен гемодиализ кызматынын баасы 20 пайызга чейин арзандоосу күтүлүп жатканын, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев айтты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы гемодиализ аппараттарынын 33 пайызы жарактан чыккан. Мурун эмнегедир келишим түзүп жатканда аппараттардын тейлөөсүң, сатып алуусун баарын моюнубузга алып алчу экенбиз. Эми анда болбойт. Бир гана кызматты талап кылабыз. Мындай борборлордун көбөйүшү менен гемодиализ кызматтарынын баасы 20 пайызга арзандайт деп күтүп жатабыз.  

Саламаттык сактоо министринин маалыматында бүгүнкү күнү  Кыргызстан боюнча гемодиализ кызматын 943 жаран алып келет. Андан 560 бейтапка  республикалык бюджеттен акы төлөнөт, дагы 314 кишинин милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан жеңилдиктер бар. Калган 69 жаран жеке өзүнүн чөнтөгүнөн төлөп канын тазалатышат. Учурда кезекте 1340 жаран турат.

Эми мындай заманбап борборду куруу милдетин алган германиялык компания ушул жылдын аягына чейин инфраструктура иштерин бүтүрөт. Ошондой эле аппараттарды оңдоо же  керектүү дары-дармектер менен камсыздоону өз мойнуна алат. Бул тууралуу «Fresenius Medical Care»   компаниясынын Чыгыш Европа боюнча башкы жетекчиси Юри Кремер кабарлады.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын алкагында биздин компания гемодиализ борборундагы баардык жоопкерчиликти мойнуна алат. Ошонун ичинде эле курулуш иштери же болбосо турган имаратты оңдоо иштерине кеткен чыгымдар дагы бар.  Андыктан биз  учурда курулуш иштерин жүргүзүүгө инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, качан даяр болгон соң өз ишибизди баштайбыз.

Кошумчалай кетсек, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 1 млн адамга 400 миң бөйрөк оорусу менен жабыркаган адам туура келет.

Адистер билдиргендей, эгерде гемодиализ кызмат көрсөтүүсү оң жолго коюлса, бөйрөгү оорулуу адамдардын бөйрөк алмаштыруу муктаждыгынын да алдын алууга болот.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *