Шашылыш кабар:

Ж.Ташмаматов: Жүгүртүүдөгү төлөм карталары 1 млн 750 миңден ашты

Август 15, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
41

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатта экономикалык багыттагы «Эколикбез» программасынын алкагында төлөм систамасынын бир багыты болгон накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жеңиш Ташмаматов менен маектешебиз.

Марал: — Саламатсызбы Жеңиш мырза, айтсаңыз нак Терминал картаэмес төлөм деген эмне?

— Ж.Т: — Саламатсызбы? Нак эмес төлөм, акча жүгүтүүнүн бир түрү. Мисалы алсак, бир кардардын банктагы эсебинен экинчи бир кардардын эсебине накталай акчанын жардамы жок эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү. Кардар төлөм документинин негизинде өзүнүн эсебинен башка бир адамдын эсебине акча каражатын которот. Эгерде бул эки кардардын тең эсеби бир банктын ичинде болсо, бир кардардан экинчисине гана которулат. Эки башка банкта каражаттык эсеби болсо, экинчи банкка азыркы учурда көптөгөн ыкмалардын жардамы менен нак эмес төлөм жүргүзүлөт.

Марал: Жалпы эле накталай эмес төлөм системасынын бүгүнкү күндөгү абалы кандай?

Ж.Т: — Негизинен жакшы деп айтсак болот. Себеби, юридикалык жактан жарандардын сөзсүз түрдө банкта өзүнүн эсептери болот. Ошол эсептерден кардарлар бири– бири менен өз ара эсептик катнаштарын жүргүзүп төлөмдөрдү өткөрүшөт. Жарандарыбыз банктан эсеп ачып, ага төлөм картасын байланыштырып анын жардамы менен ар кандай төлөмдөрдүн бардык түрүн жүргүзсө болот. Учурдун талабына ылайык, өлкө ичиндеги ар кандай акча которууларды аткарып, банкоматтан нак акча алса болот.

Статистиканы алсак, азыркы күндө төлөм карта рыногунда 1 миллион 750 миңден ашуун төлөм карттары жүгүртүлүүдө. Анын ичинде 700 миңден ашууну «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары, андан тышкары дүйнөлүк эл аралык Виза, Мастер карт, Золотая корона жана башкалар кирет. Биздин талапка ылайык бардык коммерциялык банктар карттарды чыгарып, кардарларды тейлөөгө тийиш.

Марал:- Дагы кандай белгилей кетчү артыкчылыктары бар?

Ж.Т: -Кардарларга төлөм карттарын колдонуу учурунда анын ыңгайлуулугу. Мисалы, жөнөкөй  эле кардардын айлык акысы банктагы эсебине түшөт. Ал кардар качан жана кайда жүрбөсүн карттын жардамы менен өз каражатын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиден, нак акчаны ар дайым чөнтөктө алып жүрүү абдан кооптуу, ошол жаатта да өтө ыңгайлуу болуп коопсуздукту камсыздайт. Азыркы учурда ар кыл аймактарда банктык жабдыктар орнотулуп келе жатат. Кардарлар дистанттык негизде төлөмдөрдү болобу же акча которууларды жүргүзсө болот. Пос терминалдар жок болсо, банкоматтын жардамы менен нак акча алса болот.

Марал:- Карттарды кайсыл жерден алып жана кандай ыкма менен  толтуруш керек?

Ж.Т: -Эң эле жөнөкөй жол менен кардарларга азыркы күндө коммерциялык банктар ыңгайлуу сунуштарды берип жатышат. Жарандарыбыз жарнаманын негизинде же өзү билген башка да булактар аркылуу азыркы учурда Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан 25 банктын каалаганына кайрылып, өзүнүн талаптарына ылайык келген шарттарды карап, анын негизинде банк менен келишим түзсө, алар кардарга төлөм картын ачып берет. Ал карттын жардамы менен каражаттарын сактоо же төлөм жүргүзүү сыяктуу финансылык операциялардын бардык түрүн аткара берет.

Марал: -Ал эми электрондук төлөм жүргүзүүдөгү пос терминалдардын жана банкоматтардын дагы маанисине токтоло кетсеңиз?

Ж.Т: — Мааниси абдан зор. Себеби, кардар өз суроосу менен дайыма эле банктын кеңсесине кайрыла бербестен, ал жакын жерде жайгашкан пос терминал же банкоматтын жабдыктарынын жардамы менен өз алдынча эле төлөмдөрдү жүргүзө берет. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарында ушул жабдыктарды жеткирүү жана орнотуу иштери жүрүп жатат.

Марал: -Төлөм карттарына бүгүнкү күндө суроо-талап кандай?

Ж.Т: -Статистикалык иликтөөлөргө таянсак, азыркы учурда төлөм карттарына кардарлар тарабынан суроо-талап чоң. Мындан үч, төрт жыл мурун карттардын саны 1 миллиондон төмөн болчу.

Кайталай кетсем, азыр 1 миллион 750 миңден ашты. Коммерциялык банктар атаандаштыктын негизинде ар кандай өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, жаңы шарттардын негизинде кардарларды тартуу максатта иштеп жатышат. Жарандарыбыз да заманбап ыңгайлуу шарттарды колдонуп калуу үчүн карттарга болгон суроо-талап күн санап өсүүдө десек болот.

Маегиңизге рахмат.

Маектешкен Наргиза Байөмүрова.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *