Шашылыш кабар:

Т.Саадабаева: Керектөөчүлөргө акысыз маалыматтык жардам көрсөтүлөт

Август 15, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
41

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн «Эколикбез» программасын алкагында керектөөчүлөрдүн кайрылуусун карап чыгуу тартиби туурасында маектешебиз. Темага ылайык суроолорго Улуттук банктын инспектирлөө башкармалыгынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башкы инспектору Таалайкан Саадабаева жооп берет.

Банк кардар

Марал:- Саламатсызбы Таалайкан Мукашевна, айтсаңыз кардарларды кандай шарттарда банктык кызмат көрсөтүүчүлөгө арыз же даттануу менен кайрылса болот?

Т.С: -Коммерциялык банктар жана финансы кредит уюмдары өзүнүн кызматтарын сунуштаганда, кардарларга толук, ачык маалымат берип мыйзамдын талаптарында көрсөтүлгөндөй берилген сунуштарын түшүндүрмөсүн берип, ал менен байланыштуу тобокелчиликтерин толугу менен ачып берип, ошол шарттарды жөн эле сунуштап тим болбостон, кардар ошону туура түшүнүп жатканын, кандай келишимге кол коюп жатканын толук түшүнүп жоопкерчиликти сезип жатканына ынануу менен мамиле кылыш керек. Бул талаптар мыйзамда көрсөтүлгөн.

Эгер кардар кандайдыр бир шарттар менен жакшы түшүнбөстүктөн келишимге кол коюп, жыйынтыгында ошол келишимдин аркасынан улам кандайдыр бир чыр чатак же түшүнбөстүк суроолор чыгып жатса, ал кардар ошол финансы мекеме уюмуна арызы менен доомат коюп кайрылууга укугу бар.

Марал: —Ушул кайрылуулардын карап чыгуу тартиби барбы жана ал кароо тартиби бекитилгенби?

Т.С: -2017- жылдын 22-июнунан тартып жаңы мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкттар жана банктык ишмердүүлүккө байланыштуу. Башка мыйзамдардан айырмаланып аталган жаңы мыйзамдын өзүнчө бир 2-бөлүмүндө кардарлардын укугун коргоого багытталып, кардарлардын суроо-талаптарын кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн мекеме уюмдары кандай иш аткаруу керектиги бекитилген. Андан тышкары, Улуттук банк ичинде атайын жобо иштелип чыккан. Бул жобо 2015 — жылдын 1-сентябрынан баштап иштеп келе жатат. Жободо финансы кредиттик мекемелери кардарларга болгон маалымат ачык түрдө көрсөтүлүшү керек. Кардарлар келишимге кандай кол коюш керек, тартиптери бардыгы  мыйзамда жана жободо бекитилген.

Марал: -Финансы кредит мекемелери тарабынан кайрылуулар канча мөөнөттө каралат?

Т.С: -Башынан тактап айтып кетсем, кайрылуулар ооз эки берилиши мүмкүн жана жазуу түрүндө. Эгер ооз эки түрдө кардар өзүнүн суроосун берип же доомат менен кайрылса, ардунда чечилүүчү маселе болсо, ошол жерден эле жоопту толук түрдө банктык адис бериши керек. Ал эми дооматы боюнча кандайдыр бир иликтөөлөрдү жүргүзүү керек болсо, дыкат текшерип, толук маалымат, ага тиешелүү далилдерди алыш керек болсо, анда жазуу түрүндө кайрылуу сунушталат. Анда кардар тиешелүү  документтерди кошо тиркеп берсе болот. Мыйзамда 30 календарлык күндөн ашпаган учурда кат түрүндө кайра кардарга жооп берилиши керек деп бекитилген.

Марал: -Кайрылуунун берүү тартибин айтып берсеңиз?

Т.С: -Жогоруда айтылгандай эле, оозеки жана жазуу түрүндө берилет. Ооз эки бул, ар бир мекеменин жетекчилиги тарабынан бекитилген кабыл алуу тартиби болот. Ошол иш тартиби менен келип кардарлар тиешелүү суроолоруна жооп ала алышат. Эгер жазуу түрүндө калтырам десе, ар бир финансы кредит мекемесиндеги тактада кайрылуунун үлгүсү, жол жоболору тартиби жазылып туруусу керек. Кардар кайрылуусу менен кимге кайрылса болот ар бир мекемеде жоопкерчиликтүү кызматкерлер дайындалган. Сиздин кандайдыр бир түшүнүксүз сурооңуз болсо ошол кызматкерлер толук маалыматты ачык көрсөтүүсү зарыл. Керектөөчүлөргө бул жардам акысыз, бекер көрсөтүлөт. Ар бир финансы мекемелеринде ушундай тартип киргизилсин деп мыйзам талап коюп турат.

Марал: -Ал эми кандай учурларда кайрылууну кароосуз калтырууга укуктуу? Жарандарыбыз ал кайрылуулардын жыйынтыгын кандай билсе болот?

Т.С: -Ар бир кайрылууда, кайрылууну жазган адамдын аты жөнү, так дареги жана байланыш телефондору толук жазылышы керек. Жазуу түрдөгү кайрылуу болгондон кийин жазылган күнү жана өз кол тамгасы коюлушу шарт. Эгер, бул талаптар аткарылбаса, сиздин кайрылууңуз каралбай калуусу мүмкүн. Ошондуктан, кайрылуу жазып жатканда толук маалымат берүүгө аракет кылышыңыз керек. Ар бир кайрылуу боюнча банк өз учурунда милдеттүү түрдө толук текшерип жооп бериши керек. Эгер сиз оозеки кайрылсаңыз ооз эки жооп аласыз, жазуу түрүндө кайсыл тилде кайрылсаңыз ошол тилде жооп алууга укуктуусуз.

Марал: -Айтсаңыз, кардар кандай учурда Улуттук банкка кайрылууга укуктуу болот?

Т.С: -Финансы кредит мекемелерине карата атайын мыйзам кабыл алынган. Ар бири өзүнүн сунуштаган продукциясы боюнча түшүндүрмөлөр  толук түрдө ачык-айкын маалыматтарды бериши керек. Мыйзамдуу, адилеттүү мамиле кылып, продукциянын толук баасын жана артыкчылыктарын айтып маалымат берип туруусу керек. Кандайдыр бир түшүнбөгөн суроолор, дооматтар болсо, ошол финансы мекемелерине кайрылууга укуктуу болот.

Эгерде, кардардын кайрылуусу каралбай калса же ал финансы мекемеси сиздин укугуңузду бузган болсо, анда Улуттук банкка кайрылсаңыз болот. Улуттук банкта атайын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү  ачылган. Биздин максат: Банк мекемелери, финансы мекемелери кардарларга туура мыйзамдын талабына туура келген мамиле кылып, кардарлардын кайрылууларын толук карап берүүнү камсыздоо.

Эгерде кардар бизге кайрылса, ошол кайрылуунун негизинде биз толук кандуу текшерүү иштерин жүргүзүп, банктардан керектүү иш кагаздарын талап кылып, мыйзамдын негизинде бардык шарттарын текшерип чыгабыз. Банктын иш аракетинде кардарга карата туура эмес жагдайлар учураса, тиешелүү ченем актыларда катталган мыйзамдуу иш аракеттер көрүлөт. Ал эми кайрылуу жөнөткөн кардарга толук түрдө кат жүзүндөгү жооп 14 календарлык күндүн ичинде кайтарылат.

Маегиңизге рахмат!

Маектешкен Наргиза Байөмүрова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *