Шашылыш кабар:

Кыргызстан доллардан качан баш тартат?

Август 14, 2017 | жарыялаган Nargiz Bayomurоva
196

«Марал» радиосу жана Улуттук банк биргеликте жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатын көздөгөн «Эколикбез» программасын алкагында Экономика башкармалыгынын Макроэкономикалык анализдөө жана финансы рыногуна иликтөөлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Автандил Алыбаев, Өкмөт менен Улуттук банктын доллардан баш тартуу чарасы жана атайын программасы тууралуу маек куруп берет.

Доллар АКШ

Марал: — Саламатсызбы Автандил Шейшенбекович, Кыргызстандын экономика базарындагы доллардын орду кандай?

А.А: — Саламатсыз, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндөгү мыйзамынын 30-31 беренесине ылайык сом Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында эч кандай чектөөлөрсүз төлөмдөрдүн баардык түрлөрүн милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш болгон бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Буга чейин билесиздер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана банктар тууралуу бөлөк мыйзамдар болгон. Бул мыйзам  22-июндан баштап күчүнө кирди. Ушул мыйзамдын негизинде Улуттук валютабыз менен банк тармагындагы иш чаралардын бардык түрлөрү жөнгө салынат.

Мындан тышкары, өлкөдөгү бардык аймактарда товардык кызмат көрсөтүүлөргө баа Улуттук валютада, сом түрүндө коюлуш керек. Буга чейин мындай түздөн-түз чектөө болгон эмес. Былтыртан баштап чектөө киргизилди. Башка мамлекеттердей эле, Кыргызстанда да АКШ долларына муктаждык чоң. Муну биз күнүмдүк жашообуздан көрүп жатабыз.

Марал: Жалпы эле биздин мамлекеттеги долларлашуунун деңгээли кандай?

А.А:  -Депозиттик долларлашуу деңгээли азыркы күндө  48,1% түзүп жатат. Ал эми кредиттердин долларлашуу деңгээли 41,6% түзүүдө.

Марал:Баарыбызга белгилүү болгондой эле өлкөдө доллардын курсу төмөндөп же жогорулап турат эмеспи. Ушул нерсе эмнеден көз каранды?

А.А: -Өзүңүздөр билесиздер, валютага көптөгөн факторлор таасир этет. Мисалы, бул экономикадагы кырдаал, учурдагы соода балансынын абалы, инфляциялык болжолдоо жана финансы рыногундагы катышуучулардын бир-бирине болгон ишеним деңгээли ошондой эле чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттарынын акча которуулары. Акыркы мезгилде акча которуулардын саны кескин өстү. Мезгилдик фактордун да салымы чоң. Өлкөбүзгө кирген туристтик агым. Туристтер өздөрү менен кошо доллар алып келишет. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан чоң-чоң долбоорлор да таасирин берет. Саясий иш чаралар башталганда дагы адамдар валюта каражаттарын которгондо сомго болгон муктаждык көбөйөт.

Марал: — Акыркы мезгилде коңшу мамлекеттер да доллардан арылуу үчүн көп аракеттерди жасап келишет. Ал эми Кыргызстан дагы доллардан баш тартса ал кандай натыйжа бериши мүмкүн?

А.А: -Суроонуз абдан маанилүү суроо. Бирок, бир тараптуу жооп бериш өтө кыйын. Азыркы мезгилде экономикада доллардын орду чоң. Көптөгөн чет элдик алакалар жана эки мамлекеттин ортосундагы соода сатык  доллар менен жүргүзүлүп келет. Ага карабастан, бизде учурда долларлашуу деңгээли бир топко азайды.

Марал:Айтсаңыз, доллардан баш тартуу максатында мамлекет менен Улуттук банктын атайын программасы иштелип чыкканбы?

2015-жылдан тартып Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен биргелешип доллардын деңгээлин азайтуу боюнча чаралар көрүлүп келүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, Жогорку Кеңештин Улуттук валюта курсун турукташтыруу жана Кыргыз Республикасынын экономикасын доллардан арылтуу боюнча чаралар жөнүндө токтомдун алкагында бир топ иштер аткаралууда.

Кыскача токтолсок, экономикада долларлашуу деңгээлин кыскартуу, жыйымдарды  Улуттук валютада топтоого дем берүү чараларынын бири катары  иш аткарылат. Ошондой эле, бизде РППУ деген көрсөткүч бар. Бул боюнча 2015- жылдын май айынан тартып карыз алуучулардын кирешесине жараша  коммерциялык банктар тарабынан чет өлкө валютасы менен берилген насыялар боюнча дагы бир топ калыптар киргизилген.

Мындан тышкары кепилдик төлөмдөрдүн чектик суммасы деген бар. Банк секторуна ишенимди жогорулатыш үчүн көптөгөн иш аракеттер болгон. Анын ичинде биздин калкыбызга, жалпы эле Республикабызга көп таасир берген көрсөткүчтөрдүн бири кандайдыр бир банк банкрот болуп калса, ошол мезгилде ар бир депозит салгандарга төлөп берилүүчү максималдык чек бар. Буга чейин анын көлөмү 100 миң сом болсо, былтыркы жылдан баштап 200 миң сомго көтөрүлдү. Бул депозит салгандар үчүн, банк тармагынын  кызматкерлери үчүн  мыкты кошумча шарт түзүлдү. Бул да болсо, банктарга болгон ишенимди арттырып жатат.

Маегиңизге рахмат.

Маектешкен: Наргиза Байөмүрова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *