Шашылыш кабар:

Гендердик эксперттер: Өспүрүм кыздар турмушка чыгууга шашылбашы керек

Июль 20, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
56

DSC_0392

“Марал” радиосунун толкунунда  “Айлампа” программасында, «Жашы жете элек өспүрүмдөр мене  никеге туруу жана анын кесепеттерин алдын алуу» темасынын алкагында «Аялдарды колдоо уюмунун» эксперти Бакен Досалиева, гендердик эксперт Гулбарчын Жумабаева жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова менен маек болду.

Марал: Саламатсыздарбы? Кош келиптирсиздер! Жогоруда айтып өткөндөй эксперттер коңгуроо кагып келе жатышат.  Кыз бала качан жетилет жана канча жашында турмуш куруп, бала тарбиялаганга даяр болушат?

Бакен Досалиева: Бул социалдык көйгөй десек болот. Анткени кийинки учурда этникалык кыргыздар жана Тажикстандан жана Оганстандан келген мигрантар эрте никеге байланыштуу проблемаларын көрсөтүп жатышат. Андан тышкары үй-бүлөдөгү социалдык, материалдык абал. Эрте никеге жергиликтүү калк дагы көңүл буруп, экинчи, үчүнчү аял кылып жаш кыздарды алуу көбөйгөндүктөн коомдук уюмдар бул маселеге көңүл бура башташты. 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам кабыл алышты. Анын негизинде « Кылмыш жаза кодексинин»  155,1 беренесине өзгөртүү киргизилди. Өзгөрүү боюнча кызын эрте турмушка берген ата-эне же анын асыроочулары, молдо, ошону менен бирге бал, анын ата-энеси 3 жылдан 5 жылга чейин камакка алынат.

Марал: Сиздер иш тажрыйбаңыздарда жаш кыздар менен сүйлөшкөндө кандай көйгөйдү белгилешет? Бул нерсе алардын өз көңүлү менен болобу же мажбурлоо жолу көбүнчө колдонулабы?

Бакен Досалиева: Жашы жете элек кыздардын 45 пайызы ата-нелердин же туугандарынын мажбурлоосу менен, ал эми 20 пайызы гана өзү таанып турмушка чыккандыгын белгилешкен.

Марал: Мажбурлоо эмне себептен болот экен,турмуш шартынын жетишсиздигиби? Же биз билбеген башка дагы себептер болушу мүмкүнбү?

Бакен Досалиева: Албетте, турмуш кыйынчылыгы дагы себеп болот. Андан тышкары Ош жергесинде өзбек калкы менен аралашып калган эл алардын таасири алдында кыз 18 ге чыкканда кара далы болуп калат деп кабатырлана башташат. Алар салт катары кабыл алып көнүп алышкан.

Марал: Бактыгүл айым сиз кандай ойлойсуз?

Бактыгүл  Жумакулова: Менимче кыздарын эрте турмушка берген ата-энелер эрте өз парзынан кутуулууну ойлошот. Экинчиден коомдогу терс көрүнүштөрдүн көп болушу. Мисалы кулчулукка сатылып кеткен кыздар, жеңил ойлуу кыздар жана башка терс жолдорго түшүп кетпесин деген ой менен ата-энелер кыздарын турмушка эрте бере салганга шашышат. Чындыгында бул коомчулукта маалыматтын жетишсиздиги.

Марал: Бүгүнкү күндө эрте турмушка аттанган кыздар канчалык деңгээлде даяр?

Бактыгүл  Жумакулова: Үй-бүлө куруу үч компоненттен турат: физиологиялык-биологиялык, социалдык, психологиялык.

Физиологиялык жактан 12-14 жашта  жетилет. Бирок 18 жашта деле азыркы заманда баланы төрөп, тарбиялоо, бир үй-бүлөгө көнүп кетиши абдан кыйынчылыкка турат. Негизи келин болуп келгенден кийин көнүп кетиши 1 жылдан 5 жылга чейин созулат. Ошону менен катар эле баланы тарбиялоо, чоңойтуу үчүн психологиялык  жана физикалык жактан күч керек. 16,17 жашта турмушка чыкса  биринчиден мектепте окуусун токтотот, окуу жайга окуу мүмкунчүлүгү жок болот да жакыр үй-бүлөлөрдүн көбөйүшүн пайда кылат. Дүйнөлүк коомчулукта билим жагынан артта калабыз. Үчүнчү компонент үстүндө үйү болсо, шарты түзүлгөн болсо бала багып кетүүгө дагы жеңилирээк болот.

Марал: Угармандан суроо: Жашым 17 жашта, ата-энем мени көңүлүм жок балага турмушка чыгарганы жатат. Анкени, алар жакшы турушат. Ошого карап эле эркиме каршы бергени жатышат. Кимге кайрылам, менин укугумду ким коргоп бере алат?Эмне кылсам болот?

Бакен Досалиева: Эгерде ошондой болуп жаткан болсо 17 жаштагы өспүрүм кыздарды турмушка берген законго да каршы келет жана айылда аялдар кеңеши, аксакалдар соту бар. Аялдардын укугун корогогон “Сезим” кризистик борбору бар жана атайын  111 жана 112 номуруна мобилдик телефон менен  байланышуу дагы бекер, чалып сурооңуздү берип, кеңеш алсаңыз болот.

Марал: Айтсаңыз  ушу азыркы реалдуу жашоодо канчалык деңгээлде ишке ашып жатат? Анкени, ата-эне дагы айтат да, бул менин кызым, мен жоопкерчиликтүүмүн деп…?

Бакен Досалиева: Азыр мыйзам чыкпадыбы жашы жете элек кыздарды турмушка берсе ата-энеси дагы соттолуп кетет. Ойлойм, ата-энелер мындай ишке барбайт го деп. Молдолордун жана ата-энелердин ортосундагы келишимдер тууралуу роликтер чыгып калды. Массалык маалыматтардан да ушундай сыяктуу роликтер көрсөтүлсө анда мындай учурлар жок болот деген ишеничтемин.

Бактыгүл Жумакулова: Албетте 17 жашта законго каршы келген жаш болуп эсептелет. Бирок, азыр көп кездешип жатат. Бул эки үй-бүлөнүн социалдык теңсиздигинен келип чыккан көйгөй. Бул жаңы түзүлгөн үй-бүлөдө башынан эле тирешүүгө алып келет. Ал кызга үстүртөн мамиле кылып, тең теңи менен тезек кабы менен дегендей жагдай түзүлөт. Мындай психологиялык басмырлоого кыз чыдап жашап кетиши күмөн болуп калат.  Эгер кыз барган үй-бүлө дагы кызды түшүнүп, ага психологиялык колдоо болсо, ал канчада болбосун жашап кетет.

Угурмандан суроо: Саламатсызарбы? Мен Жалал-Абаддан чалып жатам. Аты-жөнүм Курбаналиев Ысмайыл. Союз мезгилинде мектепте окуп жүргөндө эле бир кесиптин ээси болуп чыкчу. Сунушум, мамлекеттин күчү кыздарга билим берүүгө жетпейт. Чет мамлекеттен келген  фонддордун колдоосу менен кесиптик курс ачып бериңиздер. Сөзсүз түрдө медицинага тиешелүү кесипти алыш керек. Анкени баланы тарбиялоодо, өзүнө керек. Ушуну колго алсаңыздыздар?

Бактыгүл Жумакулова:  Сизге толугу менен кошулам. Мурун союз мезгилинде чынында мектепти бүтүргүчөктү эле бир кесиптин ээси болуп чыкчубуз. Аялдар үчүн сөзсүз турдө ашпозчу же тигүүчүлүк кесиптин ээси болуш керек.

Угармандан суроо: Учурда 18 жаштамын. Турмушка чыкканыма 2 жыл болду жана бир балалуу болгом.  Азыркы учурда жолдошум тарабынан эмес, өзүм психологиялык жактан кыйналып жүрөм? Кеңеш сурайын дегем, эмне кылсам болот?

Гүлбарчын : Жогоруда айтып өткөндөй, эрте турмушка чыгуу менен бирге  балалуу болуу психологиялык жактан абдан кыйынчылык алып келет. Баланы тарбиялоодо бир эбин таба албай жаткан учуру. Эгер сизде жакын апаңыз же баланы тарбиялоодо тажрыйбасы бар адамыңыз болсо ошолордон кеңеш алыңыз жана “Сезим” «Шанс» кризистик борборунун психологдоруна байланышып, көйгөйүңүз тууралуу кеңеш  алсаңыз болот. Эгер шаарда болсоңуз психологдорго күйөөңүз менен кошо келип кенеш алыңыздар.

Бактыгүл Жумакулова:  Бул эрке өскөн болсо керек. Мындай учурда апасына же айыл ичиндеги көп балалуу энелерден жардам сурасаңыз болот.

Угармандан суроо: Жомоктогудай сүйлөбөй фонд ачып жабыркаган кыздарга жардам бергиле, эл каражат чогултуп өз салымыбызды кошолу?

Бактыгүл Жумакулова:  Биз жомок айткан жокпуз, кылып жатабыз. Мына мен Бишкектеги мектептерди медициналык тейлөөдө 7 жыл изилдеп отуруп азыркы учурда 10-11 класстагы өспүрүмдөргө биологиялык  маалымат менен чектелип калганын аныктадык. Бирок биз азыркы учурда  үй-бүлөнү пландаштыруу аттуу темада психологиялык, социалдык жактан маалымат жеткирип жатабыз. Бирок бир адамдын колунан көп иш келбейт экен, бизди колдоп келе жаткан Октябрь районунун акиминин орун басары жана билим берүү министрлиги колдоо көрсөтүп келет, мына мурун 5 мектептин деңгээлинде иштеп келсек, азыр 20 мектептин денгээлинде иштеп атабыз.

Буга чейин Кыргызстан боюнча 20 га жакын юридикалык, психологиялык жактан жаштарга ыңгайланышкан кабинеттер ачылган, тилекке каршы коомчулуктун, мамлекеттин колдоосу болбогондуктан жабылып калган.

Марал: Айрым ата— энелер турмушка кызын берип жаткан учурда, кызы кандай жерге барат, келечеги кандай болот, деп ойлонушпайт. Бул кыз үчүн чоң спихологиялык чыңалуу болсо керек?

Бактыгүл Жумакулова:Көпчүлүгүбүз мурдагы заманыбыздагы талаптар менен жашап калганбыз дагы, азыркы заманыбыздын талабын унутуп калганбыз. Ошол үчүн ар бир ата-энеде жоопкерчилик болгон күндө гана бул нерселер болбойт. Негизи биз ата-энелер менен баарлашуу, жолугушуулар болгондо кыздарды канча жашында турмушка берээрин да билбегендер болуп чыккан фактылар катталган учурлар болгон.

Гүлбарчын Жумабаева: Кыздарды эрте турмушка берүү мыйзамы кабыл алынгандан кийин атайын маалыматтык кампания кылдык. Чүй өрөөнүндө беш районду кыдырып, мыйзамды түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Ошол жолугушуудагы ата-энелер канча жаштан никеге турууга мыйзам жол берээрин билишпейт экен? Бул таң калтырды.

Марал: Азыр айылдарда эч кимге билдирбей эле молдолор нике кыйып койгон учурлар бар? Мыйзамдын иштешин дагы көзөмөлдөө керек эмеспи?

Гүлбарчын Жумабаева: Мыйзам боюнча жакында эле муфтият тарабынан атайын токтом кабыл алынган. Муфтиятка баш ийген бардык мечиттердеги молдолордун атайын ачылган күндөлүктөрү бар жана нике кыярдын алдында паспортту көрүп анан гана молдолор нике кыйып жатышат. Ал эми мыйзамды бузган молдолор да болгон, беш кол тең эмес экен да.

Марал: 18 жаштагы кыздарга турмушка чыгуу эрте эмеспи, анкени билим алыш керек, көпчүлүк учурда терс таасирин тийгизбейби? Бул кыздардын реппродуктивдүү саламаттыгына кандай таасирин тийгизет?

Бактыгүл  Жумакова: Албетте эрте. Анткени кыз эрте турмушка чыкса организм жетиле элек болот, көпчүлүк учурда балдары ара төрөлөт. Үй-бүлөдө баланы пландоодо дагы 2 же 4 жашка чейин ортодо айырма болуш керек, Кыргызстандагы айымдардын арасында спираль абдан популярдуу. Бирок Орусияга окууга барганда спиралды өзүн сыйлабаган айымдар гана салдырарын айтышты. Себеби, спирал тикенекке окшогон нерсе дагы ден-соолук үчүн абдан зыян, бул төрөй албай калышы да мүмкүн. Аял киши канчалык эрте турмушка чыкса ошончолук зыяны болот.

Марал: Биз эрте никенин кантип алдын ала алабыз?

Гүлбарчын Жумабаева: Азыркы мезгилде турмушка эрте чыгуунун алдын алуу иштери боло баштады. Эң негизгиси мыйзам кабыл алынды. Саламаттыкты сактоо министринин, ИИМдин, массалык маалымат кызматкерлеринин жана атайын уюмдардын, коомдук активистеринин жардамы менен ишибиз алдыга жылып жатат. Буйруса сентябрь айынан баштап дагы ишибизди улантабыз. Коомчулук үй-бүлө институту эмне экенин билсе, маалымат алса ошондо гана бул маселени жоёбуз.

Бактыгүл Жумакова: Эң негизгиси үй-бүлө институту деген эмне экендигин элге жеткиришибиз керек. Буга ММК лар уоң салым кошот.

Марал: Ыраазычылык билдиребиз келип, маек куруп бергениңиздерге!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *