Шашылыш кабар:

А. Маматалиев: Өзбекстан менен чек ара маселесин алдыга жылдырууга ыңгайлуу кырдаал түзүлдү

Июль 31, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
152

DSC_0541

Марал: “Марал” радиосунун “Айлампа” программасында “ Чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жараандардын укуктарынын каралышы” тууралуу Кыргыз Республикасынын коргоо, коопсуздук жана чек аралар боюнча мурунку вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев менен маек кылабыз.

Марал:Абдырахман мырза саламатсызбы? Кош келиптирсиз биздин студиябызга… Соңкү жылдардагы мына ушул чек араны тактоо, делимитация жана демаркация иштери бир кыйла көңүл бурууда акыркы 4-5 жылдардан бери көптөгөн  тактоо ишинде ар тараптуу жолугушуулар болууда жана сиз вице-премьер министр болуп турганыңызда ошондой жолугушуулардын башында турдуңуз эле?

Бүгүнкү күндө чек аранын негизги аспектилери кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында көйгөй көбүрөөк экени айтылып келет. Айтсаңыз канчалык денгээлде муз ордунан жылды?

А. Маматалиев: Эми чек ара маселелери  чукул арада чечилип кала турган маселе эмес. Бул нерселерди чечүү үчүн көптөгөн адистердин катышуусунда жыйындарды жана убакытты талап кылат. Туура айтасыз биз 2014-2015-жылдары айрыкча биздин кошунабыз болгон тажикстан  менен көптөгөн жолгушуулар болгон. Ал мезгилде кырдаал бир аз өрчүп кеткен болчу билесиздер чек арада кагылышуу болуп адамдар каза болгон эле, андан кийин Баткен облусунун  жанындагы Көк –Таш айылында 1500 адамга чукул адамдардын катышуусундагы эки тараптын ортосунда чыр чыккан эле. Биз Көк-Таш, Ак-Сай жолун баштап алган мезгил эле бирок, биздин кошуналар макул болбостон 1500 чакырым жерди куруп барганбыз.  Андан кийин  алар чек ара постторун коюп алышкан. Кырдаал курчуп турган мезгилде Таджикстандын вице премьер-министри Мурадалы Алимордон менен байланышка чыгып 9 жолу жолуктук. Ошол жылдын жыйынтыгы менен 2-3 жыл мурдагы чек арада болгон чыр чатактын санын төрт эсеге кыскартканбыз. Андан кийин курулбай калган жолду жана Лейлек районундагы Кулунду Самат деген  айылга эки көпүрө курулмак эле ошолорду куруп бүтүп, биз чек аранын жанында жашаган жараандардын коопсуздугун камсыз кылганга жетишкенбиз. Ошол эле учурда биз бир топ долбоорлорду жасаган элек, алардын ичинен   чек аранын жанындагы жолдорду пайдалануу. Мисалы Көк-Таш айылына баруу үчүн Таджикстанды айланып өтүүгө  өтүүгө туура келчү дагы ошонун айынан эки элдин ортосунда чыр чыкчуб биз биринчи тараптан чырды токтотконбуз жана экинчи тараптан жолдорду пайдаланууга киргизгенбиз. Экинчиден биз чек араны тездетип бизде жумушчу топ бар. Искандар мырза жетектеген бир топ жакшы иштерди жасаган ошол жылдарыбизден мурун 970 чакырымдын 519 чакырымы ишке киргизилген жана 509 такталып комиссияга киргизилген болсо дагы кошумча 60 чакыры жер такталган.Андан сырткары 16гектар шахматтык түрдө жерди алмашуу маселесин көтөрүп жергиликтүү элдин талкуусуна салып, алардын макулдугун алып биздин эле жергиликтүү бийлик эмес Таджикстандын  да жергиликтүү бийлиги менен дагы сүйлөшүүлөр болуп жыйынтыкка жетип калган болук эле да. Өзбекстан менен бир аз жумушчу топ иштеп келгем, бирок өкмөттүк деңгээлде байланыш жакшы болбой келген жана алдыга жылбай келген. 2жыл мурун эки өлкөнүн президенттери жолугуп ошол жолугушууда  2 жылдын ичинде ушул Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо жана дельминанациялоо боюнча ооз эки келишимге келип алдын ала өкмөттөргө тапшырма берген.Бир жыл өткөндөн кийин Өзбекстандын мурдагы президенти менен биздин президент жолугушуп анда дагы чек ара маселелерине көңүл буруп айрыкча жаңы президент келгенден кийин эки өлкөнүн ортосунда бул маселе абдан жакшы талкууланып, өкмөткө тапшырма берилген кыскача айтканда акыркы эки жылда чек ара маселесин алдыга жылдыруу  дельминация, демаркацияны тездетүүгө ыңгайлуу кырдаал түзүлүп турган мезгил.

Угармандан суроо:Саламатсызбы  Абдырахман мырза?

Суроом чек аранын өзүндө эле чечилбеген 50дөн ашуун маселе бар Таджикстан менен болгон чек арада жана Казахстан менен чек арада маселе көп айтып жатышат. Посттун ортодогу айырмасы бир жарым чакырым жерди басып өтүүгө туура келет деп. Ушул маселерди Аким,губернаторлор кошуна мамлекет менен сүйлөшүп иш-чараларды уюштуруп турууга болбойбу?

Чек арага жакын жайгашкан айылдардагы жараандар турак жайларын сатып кетип жатышат дагы ал жерге кошуна мамлекттеги элдер көчүп келип жашап жатышат ушул нерсени туура деп ойлойсузбу?

А. Маматалиев: Туура айтасыз эми Өзбекстан менен 1376 чакырым жерибиз бар 1000ден ашуунун биз тактап буткөн  болчубуз, бул  комиссия менен бектилген. Тилекке каршы биздин кошуналар 1096 чакырымга эмес 700 чакырым жерге гана келишим түзөбүз деген сунуш менен келе башташкан. Бирок 1000ден чакырымдан ашуун жерди комиссия менен тактоо боюнча келишимди даярдап кол коёлу деп бирок алар бизге түшүндүрмө бериңиздер эмне үчүн 300 чакырымдын тегерегинде жерди киргизбейли деп биз жакшы түшүнүп турабыз ал жерлерде кошуналардын стратегиялык кызыкчылыгы бар жерлер бар ошол үчүн кайра карап чыглы деген ой пикирлер бар. Анан эми эки өлкөнүн президенттери карап чыккандан кийин Өзбекстандын тышкы иштер министри бир топ маалыаттар чыкты жана алдыга жылып жатат. Жакында биз мына Кыргыз-Өзбек чек арасы тууралуу келишмдерге кол коюу тууралуу маселени көтөрөбүз деген ойлор айтылууда бул жакшы нерсе бирок ар бир метр, сантиметрге чейин карап чыгуу керек. Биз биринчи кезекте мамлектин кызыкчылыгы болуш керек.

-Экинчи суроо боюнча бул мамлекет тарабынан мезгилинде атайын мыйзам кабыл алынган жана атайые женилдиктер дагы каралган. Анткени көптөгөн депуттар , көптөгөн жергиликтүү бийликтер сунуштары менен абдан айылдарга  келип калган да. Эмибир топ жеңилдиктер каралган жана социалдык жактан дагы камсыздоо үчүн атайын өкмөттөн бюджеттен каражат бөлүнөт. Көбүнчө  Баткен облусуна көп каражат бөлүнөт жана көп маселе бүттү. Бирок ар бир депутат айылына барып эле бул айылга бул нерсе жетпей атат деп эле келип калышат , бирок ал нерселерге мамлекттин күчү жетпейт.

Фейсбуктан суроо: Чек ара маселесин чечүү үчүн биринчи кезекте элдин кызыкчылыгы корголушу керек.  Ийриде тараптардын макулдугу жана чек ара маселеси чечилүүсү зарыл. Айыл өкмөттөрдүн же жергиликтүү бийликтин ролу кандай болуп жатат?

-Чек  ара маселесин чечүүдө жергиликтүү бийликтин, айыл өкмөттөрдүн жана сөзсүз түрдө жергиликтүү элдин оюу маанилүү жана ошолордун сунушун эске алуу  менен чечүү керек. Анткени, бизде жергиликтүу элдин тарыхын, оюн эске албай ССР учурунда чечилип калган учурлар болгон. Ушул себептер  менен азыркы учурда кыйынчылыктарга дуушар болгон учурлар болгон.

Марал: Айтып калдыңыз жерлерди алмаштыруу аракетин баштаганбыз деп. Бул канчалык деңгээлде өзүнүн татыйжасын берүү мүмкүн? Жерлерди алмаштыруу кайра ак жер болот… Дыйканчылыкка жакшы жерлр бар мына ушундай маселер боюнча жергиликтүү элдин тынчсыздануусу бар?

А. Маматалиев: Жерди алмаштыруу бул эң акыркы учурда гана чечилүүчү маселе жана жергиликтүү элдин макулдугу менен болуучу нерсе. Анткени жергиликтүү эл жана эки тарап макул болгон учурда гана  башка жерге көчүрүлөт.

Фейсбуктан суроо: Өзбекстандын өкмөтү чек ара маселеси бир нукка сала алабы? Кыргызстан гана эмес бул маселе боюнча Өзбекстан да жабыркап жатат да?

-Албетте,чек араны жабуу маселеси бул кошуна өлкөнүн чечими болгон жана бул биздин чечимибиз болгон эмес. Мисалы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортсунда 28 автобус каттоо бар болчу окуялардан кийин эч кандай эскертүүсүз жаап койгон. Чынын айтыш керек жабып салгандан кийин биздин жараандар эмес өзбек жараандары көбүрөөк зыянга учурады. Фергана өрөөнүндө эле 1млнго жакын кыргыздар жашайт жана кыргызстанда дагы өзбек улутундагы жараандар жашайт жана бул маселе боюнча Өзбек президенти  эске алат бул маселени.

Угармандан суроо: Соңку беш жыл ичинде Кыргыз-Өзбек чек арасында канча жер жалпысынан такталды?

А. Маматалиев: Жана мен айтпадымбы такталды бекитилди деп биз өкмөт жана комиссия бар жана эки өлкөнү тен эки вице-премьер карайт. Акыркы эки жылдагы жыйынтыкты айта албайм. Ал эми бул маселенин эмне үчүн алдыга жылбай жаткан себептерин айттым бул эки өлкөнн ортосундагы байланышка байланыштуу деп. Кача жер такталды бул тууралуу атайын жумушчу топ бар жана алар азырынча маалымат бере элек.

Угармандан суроо: Абдырахман мырза Анклаф маселесин кантип чечсе болот бул деле чек ара маселесине кирет да?

А. Маматалиев:  Бул маселе эми дүйнө жузундө эле бар жана бизде дагы Барах айылында бар болуп турат. Варох жана сох айылдары бар жана Тажикстан, Өзбекстан тарабынан сунуш  келген биз буга макул болгон эмеспиз. Варох жана Сох айылдарында өзбек жана тажик улутундагы жараандар жашайт.

Чек ара аймактарына өзүнчө статус берүү тууралуу маселе көтөрүү керек. Өзүңүз билесиз түштүк тарапка көбүнө миграция маселеси күчтүү  жана   үйлөр каралбай калган? Өзүңүз дагы эл аралап көрүп атасыз ошол учурда эмне көрө аласыз? Билесиз 3-4 жыл мурун бюджеттен атайын каражат дагы бөлүнгөн?

А. Маматалиев: Чек  арада жашаган атайын айылдар үчүн макамдар, статустар каралган атайын мыйзамда дагы каралган. Буга ылайык атайын программалар дагы даярдалган. Ошого ылайык мен  иштеп турган мезгиле 6млддын тегерегинде каражат каралган жана негизги маселе жол болчу жана чек арадагы көптөгөн маселелер чечилген. Бирок эки жылдан бери бюджетттен каражат бөлүнбөй калыптыр бул өкүнүчтүү, бирок маселе көп бөлүнүш керек.

Угармандан суроо: Кыргызстан-Тажикстандын ортосунда таллаштуу болгон же көптөн бери чечилбей келген канча чакырым  жер бар?

А. Маматалиев: Мен башында эле айтып өткөм. Акыркы 3-4 жылдан бери 60 чакырым жер тактала элек. Биз Таджикстан менен оозеки түрдө жакшы бир келишимге келгенбиз. Биз карталар менен иштешкенбиз жана 1991-жылы эгемендүүлүкү алгандан кийин администрациялык жерлерди бөлүп алганбыз жана  жерлер картада бөлүнгөн жерлерге жараша бөлүнгөн.

Бүгүнкү кундө терроризм маселеси абдан актуалдуу тема болуп жатат. Бул боюнча чек ара бекем болуш керек. Бул тууралуу оюңуз кандай?

А. Маматалиев: Туура мен сизге толугу менен кошулам чек араны бекем кармаш керек. Бирок терроризм уюмдары абдан өнүккөн жана ар кандай жолдор менен кирип кетиши мүмкүн .

Казахстан менен Кыргызстандын чек арасындагы маселелер толугу менен чечилди десек болобу?

А. Маматалиев: Казахстан менен Кыргызстандын ортосундагы дельминация жана демаркация маселеси толугу менен бүтүп чек  ара боюнча 2003-жылы кол коюлган. Эки тарап тең макул болгон. Бирок тилекке каршы 2013-2014-2015 жылдары Таласта демаркация иштерин жүргүзүшүп башташкан. Таластагы жергиликтүү эл тарабынан нааразычылыктар болгон. Биздин мурунку жерлерибиз Казахстанга өтүп кетти деп арадан 10 жыл өткөндөн кийин айтып жатышат. Кол коюлган учурда эч бир тарапта нааразычылыктар жок деп коюлганына байланыштуу бул маселе токтолгон.

Терең ыраазычылык билдиребиз келип маек куруп бергениңиз үчүн Абдырахман мырза!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *