Шашылыш кабар:

Гемодиализ: Кезек күтүп арыздангандар азайды

Август 11, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
88

Өлкөдө калкка гемодиализ кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырган. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министри өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда айтты. Ал белгилегендей учурда бейтаптар тарабынан кезек боюнча дооматтар жокко эсе. Анткени электрондук кезек түзүлгөн. Ал эми азыркы тапта алыскы аймактардагы калктын да кан тазалоо шарттарына жеткиликтүү кылуу үчүн   гемодиализ борборлорун куруу боюнча аракеттер жүрүүдө.


315605794_90158500-600x400

9-августта өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алып, учурда  бул тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча министрдин маалыматын укту. Анда өзгөчө калкка көрсөтүлүп жаткан гемодиализдик кызматтын абалы боюнча да сөз болду.

Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, учурда бул кызматтын абалы бир кыйла жакшырган. Калктын жеткиликтүүлүгү да жогорулаган. Анткени мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн негизинде түзүлүп жаткан шарттар бейтаптар үчүн ыңгайлуу болуп жатат. Мында сан менен кошо сапатка дагы көңүл бурулууда. Ага кошумча электрондук кезектин ишке ашышы менен, бейтаптардын гемодиализ кызматы боюнча арыз-дооматтары да азайган. Анткени азыр ар бир бейтап өзүнүн кезегин сайт аркылуу карап, көз салып тура алат.

-Абал көп эле жакшырды. Мындан 2-3 жыл мурда кезек адилетсиз түрдө болуп жатат деп көп арызданышса, азыр андайлар жок. Медициналык жардам бардык жарандарга бирдей болушу керек. Азыркы күндө ар бир бейтап өзү кайсы кезекте экендигин байкап көрө алат.

Министрликтин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев да акыркы бир жылдын ичинде бул тармактын жакшыргандыгын айтат. Муну ал атайы бөлүнгөн каражатка байланыштырат. Анын натыйжасында мурда 200-300 бейтап кезекте турган болсо азыр жокко эсе болгондугун белгилейт.

Албетте, бул тармакты жакшыртуу үчүн 100 млн сом бөлүнгөн. Натыйжада жакшырууда. Быйылкы жылдын апрель-май айларында эле кезек жок болчу. Бул тармак жакшырууда деп айта алам. 100% гемодиализге муктаж болгондорго жардам берилип жатат. Ага кошумча ишкерлер да өз алдынча гемодиализ борборлорун ачып жатпайбы.

Бирок ага карабай, гемодиализ кызматын көрсөтүүдө жасала турган кемчиликтер көп экендигин министр Талантбек Батыралиев моюнга алат. Бул дарт менен жабыркаган ар бир бейтапка шартты түзүп берүү маанилүү дейт. Айрыкча алыскы аймактарда.

Ошентсе да кемчиликтер бар. Мисалы чет өлкөлөрдө чоң шаарларда май куюучу бекеттерде да бар болуп жатканда, биз алыскы аймактарда, башка облустарга жеткире албай жатабыз. Буйруса бул багытта иштер жүрүп жатат. Мисалы бүгүнкү күндө Нарында да курулуп жатат. Биз дүйнөлүк стандарт менен, бейтаптын шартына жараша борборлорду курушубуз керек. Мисалы бейтап Баткенден гемодиализ үчүн Бишкекке же Ошко келип кыйналбашы керек.

Кан тазалоочу борборлор ачылып жатканы менен бул аппараттарга муктаж болуп жашагандардын саны да көбөйүп жаткандыгы талашсыз. Күнүмдүк жашоо шарт, тамак-аш, жаман адаттардын кесепетинен өнөкөт бөйрөк оорусуна чалдыккандар көбөйүүдө. Ошондуктан, «гемодиализ борборлорун куруп жатабыз» деп мактангандан көрө алдын алуу иш-чараларын алып баруу керек дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакулова.

-Чындыгында абал жакшырды. Бирок биздин саламаттыкты сактоо министрлиги бул оорунун кесепеттери менен күрөшкөн абалга түшүп калган. Бул дартты алдын алуу керек. Алдын алуу менен гемодиализге муктаж болгондордун да саны азаймак. Бүгүнкү кундө дүйнөдө жада калса, эс тутумдун, ички абалды дарылоо, менталдык саламаттык менен алдын алынып жатканда, биз ал боюнча ойлоно да элекпиз.

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча адистер да жокко эсе болгондуктан, бейтаптар Түркия, Казакстандан алмаштырууга аргасыз болушарын айтышат. Түркияда мындай операция жасатуу 40 миң доллар болсо, Казакстанда  20 миң доллардын айланасында жасалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *