Шашылыш кабар:

Онкология борборундагы оңдоо иштери октябрда аяктайт

Август 8, 2017 | жарыялаган Бурулай Шергазиева
148

58 жылдан бери бир да жолу капиталык оңдоп түзөөдөн өтпөгөн Улуттук онкология борбору толугу менен жаңыланып жатат. Оңдоо иштери октябрда аяктайт. Учурда ички түтүк, электр зым, лифттен тартып, чатырларына чейин алмаштырылууда. Ага кошумча зыяндуу нурдан сактоочу эшиктер да коюлат.


27924-1-768x538

Улуттук онкология борборунун имараты толугу менен жаңыланууда. Оңдоп түзөө иштери октябрдын башына бүткөрүлүшү керек. Мындай тапшырма өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин 1-июнь балдарды коргоо күнүндө аталган борбордо дарыланып жаткан балдарды зыярат кылгандан кийин берилген. Учурда оңдоп түзөө иштери план боюнча кетип жатат. Лифттен тартып, чатырына чейин алмаштырылууда. Улуттук онкология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков билдиргендей, белгиленген убакытта бүткөрүү үчүн учурда 300дөй жумушчу кызуу иш алып барууда.

“Капиталдык ремонт жүрүп жатат. Жумуштун башталганына 1,5 ай болду. 6 гектар жерде жайгашкан 7 имарат оңдоп түзөөдөн өтөт. Электр зымдар, түтүктөр алмаштырылат. Ошону менен бирге арыктар алмаштырылат. Эскирген дарактар алмаштырылат”.

Оорукана буга чейин бир да жолу капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн эмес. Жада калса лифттер да иштен чыгып калган. Буга байланыштуу оорукананы жаңы заманбап технологиялар менен жабдып, терезе, эшиктер да коргоочу өзгөчөлүктөргө ээ. Ошондой эле бейтапка болгон психологиялык таасир дагы эске алынып, ички жана сырткы көрүнүштөрү да каралат. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдиргендей, мындай оңдоп түзөө иштери  борбор курулгандан бери алгачкы жолу жүрүп жатат.

“Буга чейин бир да жолу реконструкциядан өткөн эмес. Бир гана бузулган түтүктөрдү оңдоп, көчкөн дубалдарды шыбаган үстүртөн ремонттор болгон”.

Оңдоп түзөө иши менен катар жаңы аппарт дагы орноштурулат. Министр Талантбек Батыралиев билдиргендей, аталган акыркы үлгүдөгү аппарат Индиядан алынып келди.

“Оңдоп түзөө менен кошо аппарат да коюлат. Индиядан жаңы аппарат алынып келинген. Ремонттук иштер бүткөн соң жабдуулар коюлат, тестирлөө системасы киргизилет, бейтаптын ыңгайы менен кошо, анын жакындары үчүн да шарттар каралат”.

Ошондой эле буга чейин онкогематолия борборун куруу демилгеси да көтөрүлгөн. Учурда ал долбоор боюнча да иштер жүрүүдө. Онкология борборунун жетекчиси Эрнис Тилеков билдиргендей, аталган борбор эски имараттын ордуна курулат деп болжолдонууда.

Маалыматка ылайык, улуттук онкология борбору 1959-жылы курулган жана бир да жолу оңдолгон эмес. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *