Шашылыш кабар:

Психолог: «Балдарды күч менен эмес, мээрим менен тарбиялоо керек”

Июль 25, 2017 | жарыялаган Гүлбарчын Тилембаева
147

DSC_0424

Өспүрүм балдар арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана аны алдын — алуу жолдору тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкармалыгынын ага тескөөчүсү Марат Сапаев, Балдарды  коргоо коомдук бирикмесинин социалдык адиси Таалай Жакыпов жана Бишкек шаардык мэриясына караштуу балдар жана жаштарды реаблитациялоо борборунун социалдык кызматкери Нуркыз Үсөн кызы жооп берди.

Марат мырза, 2015-жылдагы статистикалык маалымат боюнча балдар арасындагы кылмыштуулук 8 % өскөндүгү айтылган. 2009-2010 жылдары 9% өскөн. Ал эми бүгүнкү күндөгү абал кандай?

Марат Сапаев: Негизи биз азыркы учурда тиешелүү түшүндүрүү  иштерин жүргүзүү менен кылмыштуулук жана жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштар 2017-жылдын акыркы алты айын алып караганда 20% кыскаруу байкалган. Былтыркы жылдагы кылмыштуулуктун саны 500дөн ашуун болсо, ал эми быйылкы жылы 400гө жакын кылмыш катталган. 2015-2016-жылдагы кылмыштуулук кыскарганы байкалган.

Бул эмнеге байланыштуу? Демек, адистердин, укук коргоо органдарынын натыйжалуу иштегенинен кабар береби же дагы себептери барбы?

Марат Сапаев: Мен муну мындай түшүндүрөт элем. Бизде азыр мурункуга караганда 145 штаттык кызматкер көбөйгөн жана жаш өспүрүмдөр менен иштешүү жакшы жолго коюлуп  калды. Акыркы алты айда 800дөн ашуун профилактикалык иш-чаралары республика боюнча жүрдү. «Селсаяк”,  “лидерлик” , “антирекет “ деген иш-чаралар болуп өттү.

Балдар арасында кылмыштын  кайсы түрү көбүрөөк катталат?

Эң көп катталган кылмыш бул — уурулук анан тоноо. Кылмыштын ушул эки түрү менен  кылмышка барган балдардын 80% ашууну алектенишет.

Ошол эле уурдоо, тоноо фактылары боюнча кайсы курактагы балдар көбүрөөк кылмышка барышат?

Марат Сапаев: Биз бул суроо боюнча талдоо кылсак, 14 жаштан өйдө балдар кылмышка катышып жатышат. Биз Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен рейд жүргүзөбүз. Себеби, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында. Ар бир айылга барып, ар бир үйгө кирип текшерүү жүргүзгөнүбүздө 60 миңден ашуун балдар аныкталды. 40миңдей ата-эне КМШ мамлекеттерине жумуш издеп кетип, ушунча балдар туугандарынын, чоң апа, чоң атасынын колунда калганынан жакшы көзөмөл жок кылмыштуулукка барып атышат.

Таалай мырза сиз көптөгөн жылдардан бери ушул тармакта балдар менен түздөн-түз  иштеп келесиз. Коомдук бирикменин анализи кандай? Балдар арасында аларды кылмыштуулукка түрткөн, себеп болгон факторлор кайсылар?

Таалай Жакыпов:  Жакыныраак бир үй-бүлөнү ала турган болсок, анда ал үй-бүлөнүн ич ара мамилесинин жоктугунан болот. Эгер жалпы эле Республиканын масштабында ала турган болсок анда саясат, экономиканын жана мамлекеттин жүргүзүп жаткан социалдык саясаты түздөн түз таасир берет. Бирок азыр өзүңөр байкап жатсаңар керек, саясий жана экономикалык жактан бир аз болсо да турукташуу байкалууда. Ошого жараша жаштар арасындагы кылмыштуулуктун саны  азайды. Жогоруда айтып өтпөдүкпү көбүнчөсү 14 жаштан өйдө курактагы балдар кылмыштуулукка барышат.  Мунун себеби, бул курак өспүрүм курак болгондуктан ички жан дүйнөнүн алоолонуп күйүп турган мезгили болот. Ошону каякка иштетээрин билбей анан кылмыштуулукка барып жатышат. Балдар арасында анан өзүн-өзү көргөзүү максатында уурдоого, тоноого барышат.

Демек, балдардын кылмыштуулукка барышына үй-бүлөдөгү ата-эне мээриминин  жетишсиздиги, андан обочо калышы түрткү болуп жатабы?

Таалай Жакыпов:  Сөзсүз түрдө мээримдин жетишсиздигинен болот. Менин практикамда бир окуя болгон. Бала ата-энесинен акча уурдай берет. Анын атасы банкир, энеси жеке ишкер. Баардык шарты бар, жакшы жашаган үй-бүлө. Бирок, баласы уурулук кылчу, талап тоноого катышчу. Көрсө ата-энеси иш менен алек болуп, балага жетиштүү көңүл бурган эмес. Баланын ал акчага досторуна майда-чүйдө алып берип, өзүнө көнүл бурдуруу максаты болот. Ата-эненин көнүл буруусу абдан маанилүү бала үчүн. Эгер бала ошол нерседен өзүнө күч алып жашап калса, анда ал кийинчерээк жоро-жолдошторун сабап күч алса, үйлөнгөндөн кийин аялына кол көтөрүп негизи эле коомчулукка терс таасирин тийгизет.

Нуркыз айым, сиздердин реабилитациялык борборго көбүнчө көңүл бурулбаган, кароосуз калган балдар келип түшөт. Анан алардын тарыхы дагы абдан оор болот. Реалдуу кандай жардам  бере аласыздар?

Нуркыз Үсөн кызы: Туура айтасыздар, биздин балдарды жана жаштарды реаблитациялоо борбору турмуш шартынан кыйналган жана кароосуз калган балдар менен иштешет. Кээ бирөөсүнүн атасы, апасы бар же кароосуз калган балдар. Балдар алты ай ичинде психологдор жана соцалдык кызматкерлер балдар менен иштешип оор кырдаалдардан чыгарууга биргеликте аракетибизди кылып келебиз. Кээ бир учуларда балдардын ата-энеси жок болсо бир туугандары келиши мүмкүн. Ошол эле учурда балдардын укугу тепселенип калбоосу үчүн аракетибизди кылабыз. Биз багып алабыз деген туугандары келсе кандай жерге барат, кандай үй-бүлө экенин анализдеп, алардын шарттарын текшеребиз. Кылмыштуулукка барып жаткан балдардын көбүнчөсү айылдан келген өспүрүмдөр жана аларды камагандан деле эч нерсе чыкпайт, болгону түшүндүрүү иштери болуш керек.

Марат Сапаев: Туура айтат. Азыр кылмыш жасаган балдарды түрмөгө камоо менен эч нерсе чечилбейт. Бизде мамлекеттик программанын негизинде Сузакта, Караколдо жана Бишкекте пилоттук программа кылып жатабыз. Ушул  программанын негизинде кылмыштуулукка барып жаткан балдардын укугун коргоо максатында социалдык кызматкерлер жана мамлекетке тиешеси жок коомдор бар. Ошолор менен биргеликте иштешип кылмыш жасаган балдардын иштерин сотко жеткирбей тергөө учурунда эле баланы өзүбүздүн көзөмөлүбүзгө алабыз.

Таалай  Жакыпов: Орусияда изилдөө жүргүзүшкөндө көп кабаттан секирип каза болгон окуяларды 3-4айда бат-баттан сыналгы аркылуу көбүрөөк көрсөтүлгөндө 20-30% көбөйгөн. Демек, ачууну чыгаруу жолдорун да көпчүлүк өспүрүмдөр күч аркылуу жана эмоцияны туура башкара албагандыктан кылмыштуулук болууда. Биз азыркы учурда ата-энелерге окууларды жүргүзүп келебиз. Окуунун аталышы “Ачууну чыгаруунун жолдору” бул сабакка ата-энелер эки жолу келгенден кийин кайра акы төлөп  келип бизден сабак алып жаткандар да бар. Мектепте  өзүнөн кичүү  балдарга рекет болуп жүргөн балдарга да сабак өтүп, азыркы учурда ошол балдар өзүнө окшош балдарга сабак өтүп жатышат.

Марал: Өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун кантип алдын алабыз. Реалдуу механизмдер кайсылар? Биз белгилүү тармактарга гана жоопкерчиликти жүктөп койгонбуз дагы коомчулук карап тургандайбыз?

Таалай  Жакыпов: Ар бир ата-эне коомчулук алдында баласы үчүн жооптуу болуш керек.  Андан тышкары жамаат биргелешип иштеши керек, анткени бир айылда же көчөдө кылмышкер бала болсо,  ал тегерегинде жашагандарга дагы таасирин тийгизет. Жалпы коом аракет кылышыбыз керек. Жума намаздарга барганда түшүндүрүү иштери жүрүш керек. Анкени динге көпчүлүк адамдар ишенет.

Дагы бир маселе, мектептердеги социалдык кызматкер жана психологдордун айлыгы аздыгы. Алардын ишинин жакшы алып баруусууна таасирин тийгизип жатат.

Андан кийин ММК аркылуу берилсе коомчулуктун салымы абдан чоң. Анан гана социалдык жана ички иштер министрликтер аркылуу иштер жүрө берет.

Марал:  Маегиңиздер үчүн ыраазычылыгыбызды билдирем!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *