Шашылыш кабар:

Үрөнчүлүк — агрардык өлкөнүн келечеги

Июль 19, 2017 | жарыялаган Субанбек Исмакеев
113

Кыргызстан агрардык өлкө, ага карабастан акыркы он жылдарда жашылча өсүмдүктөрдүн жергиликтүү сортторун пайдалануу практикасынын кескин түрдө кыскаруусу байкалган. Өлкөдө селекциялык иштердин жүрүшүнүн төмөндөшү жергиликтүү агробиотүрдүүлүктүн жоготууларына алып келет. Бул болсо азык-түлүк коопсуздугу үчүн коркунуч пайда кылат. Мындан тышкары, фермерлер агротехниканын жана үрөн чарбасынын эрежелерин сакташпайт, бул болсо үрөндөрдүн сапатынын начарлашына жана түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо жана сертификация бөлүмүнүн башчысы, Дамирбек Байдалиев Кыргызстандагы үрөнчүлүк чарбасы жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

“Бүгүнкү күндө үрөнчүлүк боюнча 5 уюм “акционердик коом” болуп катталган. Мамлекеттке катталгандардын саны 44, менчик үрөн чарбачылыгы 48,  кылкандуу дан өсүмдүктөрүн  өстүрүү 72, ал эми картошка жана жашылчалардын көп жылдык үрөндөрү менен 2 үрөнчүлүк чарбасы аракеттенет. Бул көрсөткүчтөр биздин өлкө үчүн абдан эле аз. Күзгү жана жазгы үрөнчүлүккө уруктарды жалпысынан алганда 100 миңге жакын үрөнчүлүк чарба өндүрөт. Акыркы үч жылдан бери үрөндү жандандырып жатабыз. Алгачкы жашылчалардын үрөндөрү союз мезгилинен кийин таркап кетип токтоп калган. Азыр биз Сокулук районуна Орусиядан сортторду алып келип, жашылча-жемиштердин үрөндөрүн өстүрүп жатабыз. Бизге келген ар бир үрөндү текшерип, 2 жыл сактагандан кийин гана сертификациялап 7  облуска таратабыз”.

Фото Дыйкан Мурас.

Агроном, окумуштуу Кызайым Эргешова: Кыргызстандын климаты үрөн алууга абдан ыңгайлуу

“Мурун биз союз мезгилинде пияз, капуста, сарымсактын гибриддик түрүн үйрөнүп, өзүбүз чыгарчубуз. Негизи эле Кыргызстандын климаттык түзүлүшү үрөн алууга абдан ыңгайлуу келет. Экологиялык жактан абдан таза жана жоголуп бара жаткан жашылчалардын сортторун өстүрүп жатабыз. Бул Кыргызстанга абдан эле пайдалуу. Себеби, өзүбүздөн чыккан өсүмдүктөр сапаты жактан таза, пайдалуу жана жыл сайын дыйкан өзүн үрөн менен туруктуу камсыздай алат. Бул өз кезегинде дыйканчылыкка жумшалган чыгымдарды бир кыйла азайтууга шарт түзөт. Себеби, чет өлкөдөн келген үрөндөр дыйкандар үчүн кыматка түшүп жатат». 

Ошол эле учурда үрөн жана өндүрүлгөн продукциянын экологиялык жактан таза кылып сактоонун мааниси тууралуу  «Дыйкан Мурас”жергиликтүү сорттордун үрөндөрүн сактоочулар бирикмесинин жетекчиси Дилфуза Мурашева биз менен ой бөлүштү.

Фото ОФ Агентство инициатив развития ADI.

“Биздин экономикалык шартка байланыштууэлибиз «азыраак урук менен көбүрөөк түшүм алсак» деген максатты көздөп, гибриддерди көп колдонушкан себептүү өзүбүздүн жергиликтүү үрөнчүлүгүбүздү унутуп бара жаткандайбыз. Аны менен бирге биз көп жылдан бери мурас катары сакталып келген жергиликтүү сортторду жоготуп бара жатабыз. Ал биздин агробиотүрдүүлүктүн кескин түрдө кыскарышына жана башка ири дүйнөлүк компанияларга көз карандылыкка алып бара жатат.  Ар бир фермер өзү өстүрүп жаткан өсүмдүгү даамдуу, таза, жакшы ниет менен өндүрүүгө далалат кылып, муну менен балдарынын, жакындарынын азык-түлүк коопсуздугу жогору болот деп түшүнүшү керек». 

Биздин максатыбыз Кыргызстандын биотүрдүүлүгүн сактап калуу жана ден соолугу чың коомдуу өстүрүүгө көмөктөшүү

Бүбүмайрам Сариева: Мектеп окуучуларына практика жүзүндө да көрсөтөбүз.

Фото ОФ Агентство инициатив развития ADI. “Дыйкан Мурас” долбоорунун негизинде жалпы Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары боюнча 14 үрөндөрдү өндүрүү тилкеси уюштурулган. Биз болсо эл арасында унутулуп, эскирип, сапатын жоготуп бара жаткан жашылчалардын уруктарын жандандыруу менен дыйкандарды элдик, заманбап агротехнология ыкмаларына үйрөтүп келебиз. Андан тышкары, айылдардагы мектептер менен тыгыз байланышта иштеп, окуучуларды үрөнчүлүккө жана дыйканчылыкка кызыктырып, маанилүүлүгүн түшүндүрүп, үрөн өндүрүү процессин практика жүзүндө көрсөтөбүз».

«Дыйкан-Мурас» жергиликтүү сорттордун үрөндөрүн сактоочулар бирикмеси баардык кызыктар тараптарды, дыйкандарды кызматташууга жана өлкөбүздүн агробиотүрдүүлүгүн сактап калууга көмөктөшүүгө чакырат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *