Шашылыш кабар:

Дүйнөдөгү эң ылдам жүрүүчү автоунаалар (ФОТО)

Июль 17, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
511

Сиз автоунааңызды жогорку ылдамдыкта айдаганды жакшы көрөсүзбү? Анда бул макала сиз үчүн кызыктуу болору шексиз. Жакында эле технология жаатындагы журналдардын бири дүйнөдөгү эң ылдам жүргөн автоунаалардын тизмесин жарыялады. Төмөндө сиздерге ошол автоунаалардын тездиги жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат беребиз:

Aston Martin One-77: 355 км/с

Улуу Британияда иштеп чыгарылган автомобилдин мотор бөлүмүндө 7,3 литр көлөмдөгү  V12 цилиндрдүү  700 ат күчүнө ээ кыймылдаткыч  (двигатель) жайгашкан. Ал 6 баскычтуу секвентал узартуучу кутусу менен бирге иштейт. Бул үлгүдөгү автоунаа  3,5 секундда саатына 100 км тездикке жүрө тургандай болуп от алат.

Lamborghini Veneno: 355км/с

Купе 750 ат күчүнө ээ. Анда 12 цилиндрлүү, 6,5 литрлик мотор жайгашкан. Суперкар 2,8 секундда «жүзгө» чыга алат. Бул автоунаанын базар баасы 7 млн евронун тегерегинде.

Noble M600: 362 км/с

Британиянын дагы бир суперкары.  4,4 литрлик V8 мотор 650 аттын күчүнө барабар.

Zenvo ST1: 375 км/с

Арткы дөңгөлөгү негизги ролду ойногон Zenvo ST1 суперкары 7.0 литр, 8 цилиндрлүү, механикалык күчөткүчкө ээ. Ал 1104 аттын күчүнө барабар.

McLaren F1: 386,4 км/с

Легендарлуу F1 суперкарынын 6,1 литр, 12 цилиндрлүү мотору 636 аттын күчүнө ээ.  Купе 3,2 секундда «жүзгө» чыгат.

Saleen S7: 399 км/с 

2005-жылы S7 эки турбиналдуу кыймылдаткычка ээ болгон. Анын натыйжасында унаанын күчү 750 аттын күчүнө теңдешти. Мындай суперкар саатына 100 км ылдамдыкка жетүү үчүн 2,8 секунд коротот.

Koenigsegg Regera: 400 км/с 

Regera – 5.0 литр, V8 кош-турболуу гибрид болуп, үч электромоторго ээ. Жалпы күчү 1500 аттын күчүнө тең.

SSC Ultimate Aero: 412,22 км/с

SSC Ultimate Aero суперкары 6,2 литр, 8 цилиндр, 1183 ат күчүнө ээ болгон кыймылдаткыч орнотулган. Бул унаа да 2,8 секундда «жүзгө» чыгат.

Bugatti Chiron: 420 км/с 

Chiron 500 аттын күчүнө ээ. Chiron саатына 100 км т ездикке 2,5 секундда чыга алат. Ал эми  6,5 секундда 200 км, 13,6 секундда 300 км ылдамдыкка чыгат.

Hennessey Venom GT: 435,3 км/с

Hennessey суперкары модификацияланган Lotus Elise платформасында иштеп чыгарылган. Ага 7 литр, 8 цилиндрдүү, эки туриналдуу кыймылдаткыч орнотулган жана 1244 ат күчүнө ээ. Бул машинанын наркы 1,2 млн АКШ доллары.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *