Шашылыш кабар:

А. Исмаилова: Паспорт чыгарган жабдыкты алып келүүгө чоң салым кошком

Июль 10, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
548

“Марал” радиосунун “Эстафета” программасында кесиптери ар башка адамдар конокко чакырылып эркин темада маек курушат. Аталган программанын шарты: Биринчи программада маектеш болгон конок кийинкиде өзү алып баруучу болот. Андан ары программа эстафета катары улана берет. Бул жолку берүүнүн алып баруучусу  Саламаттыкты сактоо министирлигинин  коомдук көзөмөл кеңешинин мүчөсү  Жумакулова Бактыгүл. Ал эми программанын коногу Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык маселелер билим берүү илим маданият жана саламаттыкты сактоо  комитетинин мүчөсү Аида Исмаилова.

11096549_1724980571062154_7117688101500892877_o

-Саламатсызбы,куш келипсиз. Биз ушул эфирден пайдаланып сизге мындай суроо берейин дедим эле.Сиз жогорку билимдүү, Жогорку Кеңешке депутат болуп бизнес тармактан келген экенсиз. Баардык адамдар эле чоң боло калбайт, баардык адамдар балалыгын басып өтөт, жаштыгын басып өтөт, сиз ушул бала кезиңиз жөнүндө айтып берсеңиз?

Мен Бишкек шаарында 1976-жылы төрөлгөм. 62-мектепти бүтүп, Бишкек гуманитардык университетине тапшыргам. Өзүм япон тилине тапшырып, бирок орун аз болуп корей тилине которулгам. Корей тилин эң жакшы бүтүп, корейлер менен иштеп баштагам. Бешинчи курстан эле иштеп котормочу болуп жүрүп көнүп кеттим. Андан кийин мени ар кандай фирмаларга чакырып башташты. Ал жакта мен менеджер болуп иштедим. Андан кийин директор болдум. 2012-жылы кореялык фирманын өкүлү болуп, Кыргызстанга инвестиция тарттык. Тагыраагы паспорттук тармакка алып келинген инвестициялардын бири болду. 2012-жылга чейин биздин Кыргызстандын паспортун менчик компания жасачу, анан мен Түштүк Кореянын компаниясынын өкүлү болуп, өкмөткө атайын жабдык алдык. Мына азыркы биздин жарандардын паспорттору менин жардамым аркылуу болду десем жаңылышпайм. 

Эң сонун, буга чейин кошкон салымыңызды эч ким билбесе да, сиз эстафета аркылуу элге билдирип алдыңыз.Айтыңызчы Аида айым, аял кишинин негизи турмушта болгон түйшүгү оор  болот, сиз өзүңүз жашсыз, үй-бүлө курдунуз.Үй бүлөңүз жөнүндө айтып кетсеңиз?

-Мен алгач ата-энем жөнүндө айтып кетейин, атам — Исмаилов Жекшенбай. Тилекке каршы, бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти. Атама аябай жакын болчумун, билим берүү системасында кырк жылдан ашуун иштеди. Атам менен аябай сыймыктанчумун. Өзү Нарын жергесинен болот. Апам болсо ЖетиӨгүздүк, көлдүн кызы болот. Биз да ал жакта чоңоюп калдык. Апам да, атам да политехти бүтүшкөн. Биз  беш бир тууганбыз. Улуу эжем бар, мен өзүм, эки иним анан кичүү сиңдим бар. Баарыбыз турмушта өз ордубузду тапканбыз. Баарыбыздын үйбүлөбүз, балдарыбыз бар. Мен корейлер менен иштеп жүргөндө бизди бир жыйынга чакырышкан. Ал жерге таэкван-до менен ойногон балдар келген. Ошол жерден мен жолдошум менен тааныштым. Ал өзү Бишкекте төрөлүп өскөн бала. Аты Эрнис. Сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп анан үйлөндүк. Улуу кызыбыз 15теал эми уулубуз 11де.

Жогорку Кеңеште депутат болуп отурган аялдарын ролу кандай экен? Бизнестен Жогорку Кеңешке өтүү сизге кыйынга турган жокпу?

-Мен үчүн оор шарттар деле жок. Дары-дармек мыйзамы боюнча эле мен аябай кыжаалат болдум. Бул мыйзамдын ичине баш отум менен кирип, бүт барын изилдеп чыктым. Изилдеп чыгып өзгөртүү киргизейин десем, тилекке каршы болбой калды.

 —Бул мыйзам кимге ыңгайлуу болду? Бизнесмендергеби же мамлекетке ыңгайлуу болдубу?

-Эч кимге.

 —Эмнеге кабыл алды анда?

-Ушуну мен да түшүнбөй калдым, бирок  депутаттар бул теманы жакшы эле көтөрүштү. Биз өзүбүздүн улуттук мыйзамыбызды гармонизация кылыш керек болчубуз. Менин эң капа болгон  нерсем, департамент обеспечение лекарство деген нерсе бар. Бул департамент 2012-жылдан  бери мыйзамсыз иштеп келе жатат экен. Бул боюнча Экономика министрлигине кайрылганыбызда да алгылыктуу жооп болгон жок. 

 —Саясаттан тышкары да бир суроо берейин. Мен сизди чыгармачыл адам деп уктум. Айтыңызчы кандай ырлар сизге жагат?

-Мен онунчу классымдан баштап ЭРСАЙ тобунда ырдагам. Конкурстан өтүп ошол топто ырдагам. Азыркыга чейин Алина Жетигенова, Жамийла Муратова, Расул Маматкулов, ошол кишилер менен байланышып турам. Мерген Турган дагы бир топто биз менен ырдап калчу, бирок андан бери канча жыл өтүп кетти. Жан дүйнөм ырга жакын.

 -Азыр да ырдап турасызбы? 

-Машине айдап кетип атып ырдайм, кээде досторумдун арасында ырдайм.

 —Азыркы учурда телевизордо жакшы берүү жүрүп жатат “Кош Жылдыз”.Эмне үчүн чыкпайсыз?

-Убакыт жок болгондуктан, андай программаларга катышпай жүрөм.

 -Сиз өзүңүз кореялык компаниялар менен иштептирсиз. Анан акыркы убакта Бишкеке Чыгыш медицинасы кенен жайылып, Бишкекте азыр ГОНКОНГ деген клиника иштеп жатат. Ага сын-пикирлер да айтылууда. Сиз депутат катары ушул жөнүндө маалыматыңыз барбы?

-Мага бул боюнча арыз түшкөнүнө жарым жыл болуп калды. Булар болсо лицензиясы токтогонуна карабастан, дагы деле иштеп жатат. Анан мен угушум боюнча клиниканын баалары аябай эле жогору. Ошол жакта жасалган операцияларды кайра башка клиникага барып оңдоп кетип жатышат. Булардын ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү жерге кайрылганымда, мен жеке өзүм барып текшергенге укугум жок экен. Муну депутаттык комиссия гана аныктай алат деген жооп айтышты. Бирок мына ушул сентябрда келип, жеке клиникалар боюнча мыйзамды оңдоюн деп жатам. Текшерүүгө барыш үчүн он күн мурун айтыш керек. Ал эми алар он күн ичинде баарын түздөп оңдоп коюшат. Ошон үчүн мен эскертүүсүз эле барып  текшерүү деген пункту тиешелүү мыйзамга киргизүүнү сунуштаганы турам.

Биздин медицинага болгон көз карашыңыз?

-Биздин медицинага аябай чоң реформа керек. Мына азыркы айтылып жаткан нерселер бул реформа эмес. Реформа деген кардиналдуу өзгөрүүнү талап кылат. Мисалы, Грузия менен Эстонияны алып көрөлү. Алар медицина тармагына реформа жасады. Мен эстониялык кесиптештер менен сүйлөшүп, алардын модели бизге туура келет деп ойлоп калдым. Бизде да ошондой реформа жүрсө, анда элдин баары акысыз медициналык жардам алмак.

 —Азыркы жаштардын көпчүлүгү ийгиликсиз, же жумушсуз болуп эле,университетти эптеп бүтүрүп дипломдору эч нерсеге жарабай калып атат.Сиз жаштарга эмне деп кеңеш бере алат элеңиз?

-Мисалы мен деле өзүм корей тилин бүттүм. Жумушсуз калмакмын. Ар бир эле компания бизди издеп жүрбөйт да. Ар бир киши өз аракетин көргөзүш керек. Мен эч качан ата-энемдин атын колдонгон жокмун. Ар бир адам өз аракетин кылыш керек. Мен өзүмдү өзүм өнүктүрдүм десем болот. Бир туугандарыбыз менен аябай ынтымактуу болчубуз, чогуу иш алып барчубуз. Жаштар ата-энесин же туугандарын карап отуруп албай, билимге өздөрү умтулушу керек. Сапаттуу билим алганда гана жумуш сөзсүз табылат, ага жараша аракет да болушу зарыл.

-Эфир аягына чыгып атат, мен сизге дагы бир суроо берейин. Ийгиликтүү айымдын ийгиликтүү формуласы кандай?

-Ийгиликтүү айымдын формуласы бул чыдамкай болуш керек. Анан баары келет.

-Маегиңизге чоң рахмат.Кийинки эстафетаны сизге ийгиликтүү өткөрүп бердим.

-Чоң рахмат.

P.S Депутат Аида Исмаилова кийинки Эстафета берүүсүндө өзү алып баруучу болуп, башка тармактын өкүлү менен маектешет. Бизди 88.5 жыштыгында ар бейшемби күнү саат 17:00дөн 18:00гө чейин уга аласыздар. 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *