Шашылыш кабар:

Сапар Исаков: «Таза коомго» каршы болуу өз элине душман болуу менен барабар

Июнь 20, 2017 | жарыялаган Майраш Базлакунова
325

 «Таза Коом» долбоору , анын мааниси  жана  ишке  ашыруу  жагдайлары  тууралуу   “Айлампа» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын  Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков менен маектештик.

DSC_0259

Марал:- Коомчулукта соңку  жарым жылдан бери кызыуу талкууга алынган «Таза коом» долбоору  эмнеден улам  жаралды?  Долбоорду  ишке  ашыруудагы   негизги кыймылдаткыч күч  эмне болуп эсептелет?

Сапар Исаков: —   Президентибиз Алмаз Шаршенович «Кыргызстандын жарандарынын жашоо деңгээлин канткенде жакшы деңгээлге алып чыгабыз»- деген суроону койгон. Аталган суроонун үстүндө көп ойлондук, издендик. Биринчи долбоорлордун бири болуп биз Бүткүл  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын ойлоп таптык. Кыргызстанды  бүтүндөй дүйнө жүзүнө даңазаладык . Экинчиден   идеологиялык жактан бул өтө чоң долбоор болду. Негизги максатыбыз- мекендештерибиздин аң сезимин көтөрүү эле.  Андан  кийин албетте бир чоң улуттук долбоор керек болчу.  Акыры  көп  изденип,  ойлонуп, Кыргызстандын экономикасын, жарандардын жашоо турмуш деңгээлин “Таза коом”  долбоору көтөрөт деген жыйынтыкка келдик. Программанын эң негизги милдети- Кыргызстанга санариптик экономиканы куруу. Таза коомдун алкагында  “Акылдуу  жол  чырак ”,  “Акылдуу жол”,“Акылдуу унаа токтотуучу жайлар” жана башка көптөгөн башка да санариптүү тейлөөлөр болот. Азыр  булар  кол жеткистей  айтылган  менен бул  жакынкы  келечектин  иши.

Марал:- Менимче, өнүккөн өлкөлөрдү эске албаганда Орто Азияда алгачкылардан болуп Кыргызстан аталган долбоорду баштады.  Муну  оппоненттериңиздер  амбициялуу  план  катары  баалап  жиберишти.  Кыргызстан  санариптик трансформация программасын  ишке  ашырууга  белсенген  “пионер  өлкө ” болду  окшойт?    

Сапар Исаков:- Дал ушул амбициялуу долбоорго кириш үчүн 3 жыл иштедик. Кыргыз элине тартуулагандан мурун, бул долбоорду атайын адистер менен абдан изилдедик.   “ Чайна телеком”  компаниясы 3 жыл мурун аталган долбоор ишке ашса Кыргызстанга кандай экономикалык өсүш жарата алат деп эсептөө иштерин жүргүзүп берди. Жети өлчөп бир кесип жатабыз. Бул абдан маанилүү долбоор элди толкутуп, үмүттөндүрүп коюп ишке ашпай калса, мамлекеттик башкарууга эл тараптан  ишеним кетип залакасы тие турган маселе. Ошондуктан, баштаган ишти биз аягына чейин алып чыгабыз. Долбоорго кайчы пикирин жаратып жаткан оппозиция өкүлдөрү да бизге дем күч берип, ар тараптуу кайчы пикир көз карашын айтып бизге жардам берип жатышат. Негизинен бул ар бир демократиялык мамлекетте болуп туруучу көрүнүш болуп эсептелет.

Марал: —  2040-жылга   чейин  эсептелген  Кыргызстандын улуттук  өнүктүрүү стратегиясынын   иштеп чыгуу   жумушчу топ иш  алып  барууда.  “ Таза коом”  андагы  негизги  бөлүк.    Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү кандай көрсөтүлдү?  

Сапар Исаков:— Сиз айтып жаткан стратегиялык документ 2040- жылга чейин жазылып жатат. Албетте, “Таза коом”  улуттук долбоор болгондуктан, ал документтин негизги бир бөлүгү десек болот.  Кээ бир адистер   бул долбоорду 5-6 жылдын ичинде эле ишке ашырып койсо болот дешет. Туура, техникалык , инфраструктуралык жактан долбоорду 5-6 жылдын ичинде ишке ашырсак болот. Бирок, бул долбоор менен катарлаш дагы бир муун өсүш керек. Билим берүү министрлиги тарабынан дагы тиешелүү иш программалары да иштелип жатат. Окуу программаларына  өзгөртүүлөр киргизилет. Тилди программалоо, башкача айтканда англис же француз тилин үйрөнгөндөй эле мектепте 1- класска кирген бала ошол программалоону чет тилдерей эле окуп өздөштүрүп алат. Келечектеги 23 жылдын ичинде биз дүйнө жүзүнө керектүү кадрларды өстүрүшүбүз керек. Ошондо биздин мамлекет өсөт. “Таза коом” долбоорунун эң негизги багыты бул- адамдын мүмкүнчүлүгүн өстүрүү. Жарандарыбыздын мүмкүнчүлүгүн өстүрмөйүнчө «Таза коом» долбоору толук кандуу 100 % күчүнө кирбейт деп айтсам болот.

Марал: — Сапар мырза, сиздердин оппоненттер 2040- жылга чейин аткарууга мүмкүн болгон, узак мөөнөттүү убакытты камтыган долбоорду  ишке  ашырууга  ким  жооп  берет  деген  суроону  коюшууда.    Саясий эрк менен башталган  долбоордун  өмүрү  кыска  болбойбу  деп  кооптонгондор  да  жок  эмес.

Сапар Исаков:- Аталган стратегиялык документти Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр бекитет. Партиялык өкүлдөр, бийликтин  бутактары, бизнестин өкүлдөрү бул долбоорду бекитип берет. Келечекте Премьер министр болобу, Президент болобу ким болсо да ушул документти токтотсо, анда ал адам Кыргызстандын душманы болот. Ошондуктан, менин оюмча бул долбоордун келечеги абдан кең.

Марал:- “Таза коом”  долбоорун ким жетектейт, атайын орган түзүлөбү  ,  түзүлсө   анын курамына кимдер кирет?

Сапар Исаков: — “Таза коом” долбоорунун алкагында, өкмөттүн тиешелүү токтому менен “Таза коом кеңеши” түзүлдү. Аталган кеңештин төрагасы Премьер министр Сооронбай Жээнбеков дайындалган. Төраганын орун басары Президенттик аппараттын жетекчиси, долбоордун мүчөлөрү бул-  парламенттин,  сот  корпусунун  өкүлдөрү , коопсуздук кеңешинин башчысы, андан тышкары бизнестин бир өкүлү жана илимий өндүрүштүк бирикменин бир өкүлү.  Андан тышкары бизде мамлекеттик маалымат технологиялык комитетинин башчысы да  кирет . Тиешелүү аткаруу кеңеши бар , анын алкагында  дүйнө жүзүндө ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырган адамдарды чакырып иштетебиз. Кыргызстанда мекенчил  iT технология жаатында абдан тажыйырбалуу кыз — жигиттер бар , алар дагы биз менен биргеликте кызматташат.

Марал:- Бардык мамлекеттик тармактарда  iT  технологиясын билген жаштар иштеши  керек  деген  принцип  колдонулабы ?  

Сапар Исаков:- Албетте,  заманбап технологияны мыкты өздөштүргөн адистерге  артыкчылык  берилет.  Мамлекеттик структуралардын, министрликтерде,  ар бир тармактарда, башкармалыктарда  тиешелүү билими бар,  бир iT директору болуш керек.  iT жаатындагы уюштуруу иштеринин   бардыгын ошол кызматтагы адам колго алып,  министрликтеги экинчи адам болушу зарыл. Муниципалдык мекемелерде, айыл өкмөттөрдө иштеп жаткан адистердин билимин тиешелүү деңгээлде жогорулатып, иш жөндөмдүүлүгүн арттырып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландары каралган.

Марал:  Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектеле   турган  каражаттын  көлөмү  эсептелип  чыкканбы?

Сапар Исаков:- Сиздер билесиз,  каржы маселесин чечиш үчүн биз эки  чоң конференция өткөрдүк. Себеби, биздин чоң максатыбыз, ушул долбоорду өнөктөштөрдүн жардамы менен ишке ашырыш керек. Белгилүү бир түзүлгөн трансфонддун негизинде иштеп жатабыз. Бул фонд абдан ачык-айкын иштеш керек. Долбоорду ишке ашыруу үчүн тиешелүү бир билим менен тиешелүү технологиялар менен, эл аралык тажрыйба менен ишке ашырууга багытташ керек. “Таза коом” долбооруна Мамлекеттик бюджеттен жылдын аягына чейин 220 млн. сом каражат каралып жатат.

Марал: Бүткүл дүйнөлүк банк “Таза коом” долбоорун ишке ашырууга 50 млн доллар бөлгөн экен. Бул каражат насыя түрдө берилеби же гранттык  колдоосу  барбы?  Тышкы  карызыбыз  өсүп жатканда  деп, жумурткадан  кыр  издегендер  да  бар?

Сапар Исаков:- Бул берилүүчү  насыянын эң негизги эреже шарттары бар. 1- бул насыя көп мөөнөткө берилип жатат. Анын 45%ы — бул бекер гранттык түрдө берилген каражат. Ал эми калганы 0,07% менен берилет. Мындай шарт менен берилген насыя эч жерде жок. Бул каражат колго тийсе биздин жасай турган ишибиз, ар бир айылга интернетти жеткизебиз. Ар бир Кыргызстандык жаранга интернет жеткиликтүү болсо, интернеттин баасы кыйла түшөт.Арзан, сапаттуу интернет менен биздин жаштар , өспүрүм балдар окуу программаларын өздөштүрүп, дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар жана жаңылануулар менен кабардар болушат. Бул шартта Кыргызстандыктардын билими, мүмкүнчүлүктөрү кыйла өсөт.

Марал: -Долбоордун  ишке  ашышы  менен  коррупцияны кыскартууга толук мүмкүн боло алат,- деп Президент белгиледи эле. Таза коомдун алкагында негизги механизмдер иштелип чыкканбы?

Сапар Исаков: — Бизге мындай  мазмунда көп арыздар түшүп жатат. Мамлекеттик мекемелелердеги пара алуу көрүнүштөр бар деген мааниде. «Таза коом» долбоору ушул көйгөйдү толук чечет. Себеби, мамлекеттик төлөм алып жаткан кызматкер менен кардардын байланыш болбойт. Кызматтагы тиешелүү адистер компьютердик, техникалык жактан тейлөө жумуштары менен иштейт.

Марал:- «Таза коом» долбоорун башында «Смарт коом» деп баштадыныздар эле. Муну кандай негизде өзгөрттүңүздөр?

Сапар Исаков:- Башында ар кандай тандоолор болгон. «Смарт коом», «Таза коом», «Тунук коом» сыяктуу. Сунуштарды талкуулап отуруп, жыйынтыгында  «Таза коом» деген аталышка токтолдук. Буюрса, биздин мамлекетибиз таза болсун, Кыргызстандыктар таза болсун, өлкөбүз  коррупциядан таза болсун деген мааниде. Өлкө башчыбыз белгилегендей, мына акыркы 5-6 жылдын ичинде мамлекетик бюджетибизди 2,5 эсеге кирешени көбөйттүк. Бул көрсөткүч бийлик  коррупция менен күрөшкөн үчүн болуп жатат. Биз чоң-чоң завод фабрикаларды курган жокпуз. Болгону паракорчулук менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар болууда. Ал эми Смарт деген аталышка кайрылсак; санариптүү, мобилдүү, акылдуу, руханий, технологиясы болуп чечмеленген эле. Англис тилинен Smart сөзү бизче акылдуу деп которулат.

Марал: — Кыргызстанда экономикалык өнүгүүгө өзгөчө басым жасоо керек дейбиз. Бирок коомчулукта сырттан келген инвестициянын көлөмү азыраак же көбөйбөй жаткандыгын сындап  келишет. Өлкөгө  инвесторлорду тартуу үчүн «Таза коом» долбоору канчалык деңгээлде шарт түзүп бере алат?

Сапар Исаков:- Бул долбоор дал ушул инвесторлорго шарт түзүп бере турган долбоор. Мамлекетте паракорчулук болбосо, мамлекеттик мекемелер, соттор ачык-айкын иштеп калса анда Кыргызстанга бир топ инвесторлор келет. Президентибиз Кыргызстан инвесторлорго бейиштин өлкөсү болуп калат ,- деп айтып жатат. Буюрса, ошондой өлкөдө жашап калабыз. Ошондуктан биздин келечек бул — «Таза коом» долбоору. Бул оюбуздун ишке ашышы өзүбүздөн көз каранды болот. Биздин жарандардар бул долбоорду колдоп берсе Кыргызстан сөзсүз оңолуу жолуна түшөт.

Марал:- Буга чейин эле Кыргызстандагы сот реформасы тууралуу көп талкуулар, ар кандай  ой- пикирлер айтылып келе жатат. Негизи, соттордун ишин ачык — айкындуулукка чыгаруу, соттордун чечими менен коомчулук жалпы таанышып чыгуу үчүн  Таза коомдун алкагында атайын программа киргизилеби?

Сапар Исаков: — Алмазбек Шаршенович баса белгилеп айткандай, ар бир сот залдарында видеокөзөмөлдөр туруш керек. Андан сырткары соттун чечимдери ачык- айкын  тиешелүү мамлекеттин порталдарына илинип, карапайым жарандарыбыз сот чечимдери менен толук кандуу  кабардар болуп турушу керек. «Таза коом» долбоорунун кеңешине жогорку соттун орун басары кирген. Сот өкүлдөрү да реформага даяр экендиктерин билдиришти. Бул абдан жакшы көз караш.

Марал:- «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагандагы иштерди «Таза коом» долбооруна кошуп жиберсе болобу?

Сапар Исаков:- «Коопсуз шаар» эмес, аны эми биз  «Акылдуу шаар» деп атап жатабыз. Акылдуу шаардын ичине «Коопсуз шаар» кирет. Акылдуу жол чырактар, Акылдуу унаа токтотуу жайлары ушулардын бардыгы — Акылдуу шаарга кирет. Ал Таза коомдун эң негизги болгон чоң бөлүгү. Кыргызстандыктардын барына айта кетейин«Акылдуу шаар» долбоору жакынкы 3-4 жылдын ичинде  ишке ашат. Эң алгачкы кадамды Бишкек менен Оштон баштайбыз. Келечекте 2 шаар биздин акылдуу шаарлар болот.

Марал:- Ооруканаларга барганда аягы жок кезекке турган маселер да чечилсе керек?

DSC_0263

Сапар Исаков: — Сөзсүз түрдө чечилет. Электрондук медицина деген аталыштагы долбоор 3 жылдын ичинде бүтөт.

Марал:- Кыргызстандыктар качан долбоор ишке ашат, эл  аны    жон териси менен сезе баштайт?

Сапар Исаков: —Бул долбоор толук кандуу ишке ашышына 10 жыл керек. Бирок 3 жылдын аралыгында жарандарыбыз коомдогу жана өлкөдөгү жакшы өзгөрүүлөрдү сезе башташат. 1 жылдын ичинде биздин компаниялар ачылып ишке кире баштайт. Эл менен ачык байланышып сунуш же суроо талап угуу үчүн байланыш кызматтарыбыз ишке кирет.

 Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *