Шашылыш кабар:

Төкмө акын Акжолтой: Апамдын ырларын ырдаганда көкүрөгүмдөгү нерселер жакшы чыгат

Июнь 15, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
292

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасында айтылуу төкмө акын Майра Керим кызынын уулу Акжолтой Канат уулу конок болду. Апасынын жолун улаган жаш төкмө акын менен “Улуу муундан үлгү ала турчу жаштар барбы?” деген теманын алкагында кызыктуу маек болду. Андан сырткары угармандарды кызыктырган суроолорго да жооп берди.

 ак-710x450

-Саламатсызбы Акжолтой, студиябызга кош келиптирсиз! Бүгүн сиз менен улуу муундан жаштар кандай үлгү алса болот?- деген теманы талкуулайбыз. Теманы баштаардан мурун чыгармачылыкта эмне менен алексиз, ошого токтоло кетсеңиз.

 -Азыр чыгармачылык мени ар тараптан талап жаткан учуру. Жумуш көп, убакыт жетпейт. Чыгармачыл адамга бул өтө жакшы нерсе. Буйруса ушул жылы чыгармачылыкта көп-көп ийгиликтерди жаратам деп турам.

 —Ошондо «жөжөнү күздө санайбыз» дегени турасыз го?

 -Буйруса.  Эми сөзсүз күздө санайбыз деп айта албайм. Ушу жылдын аягына чейин  кеминде  беш жөжө пайда болуш керек деп турабыз (күлүп).

 -Кыргыз эли сизден мурун маркум апаңыз Майра Керим кызын жакшы таанышат. Сиз да азыр бараалыңызга келип, домбраны да, комузду да колго алып айтышка чыгып жүргөн учуруңуз. Сиз чыгармачыл жолдо, дегеле жашоодо кимдерден үлгү алып келе жатасыз?

Кичинекейимден өскөн чөйрө чыгармачылыктагы чөйрө болду. Бугүнкү күндүн темасына ылайык жооп берсем, билем алты жашымда улуу адамдар  менен чыгармачыл турнирге Ак-Талаа жергесине чыктык. Алардын арасында айтылуу Ашыраалы Айталиев, Турганбай Абдиев, Мукаш Мамбеталиев  катарында апам Майра Керим кызы да бар эле. Ошол күндөн ушул элес эсимде Назаркул Сейдиракматов аябай күпүлдөп “Манасты” жарым сааттан ашык  айтып жатат, мага аябай башкача таасир калтырды. Анан Назаркул атабыз демин басып алайын деп жатканда эле  Манас айтып баштадым. Айланабызда аксакалдар отурушкан, анан ошондо баары баталарын берип, устукандарын апамдын алдына тартышкан. Азыр айтып жатпайбызбы, “ Улуу муундан жаштар кандай үлгү алат”-деп,  улуулардан үлгү албайбыз, баары улуулардын таасиринен башталаарын айтаар элем.

 —Улуу муундагы адамдарды эстегенде кайсы ырлар эске түшөт?

-Эми улуу муундагы адамдарды эстегенде эле албетте апамдын ырлары эске түшөт, бала кезимден апамдын ырларын ырдаганда көңүлүмдөгү, көкүрүмдөгү нерселер жакшы чыгат.

 

 -Илгери аксакалдар жаштарды чакырып алып, өзүнүн накыл кебин, насаатын айтып калчу эле…Азыр уккан жаштар, айтып берген аксакалдарыбыз барбы?

-“Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” деп коёт. Өзүм тууралуу айтсам мен насаат же санжыра эмес улуу муундагы адамдардан бата гана алдым. Азыркы жаштарыбыз үлгү ала турган адамдар да көп. Тагыраагы аларга багыт боло ала турган агаларыбыз бар, уучубуз кур эмес. Залкарларыбыздын изин басып келе жаткан айтылуу Ашыраалы, Замирбек,  Эстебес, Турганбай аталарыбыздын аркасынан Амантай, Элмирбек, Аалы, Азамат агаларыбыз чыкты. Демек, улуу муундан үлгү алууда биздин жаштардын, куржунубуз кур эмес деп эсептейм.

-Үгүт айткандар көп да, үлгү көрсөткөндөр аз. Кошуласызбы?

 -Толугу менен кошулам. Аброй деген нерсе “алгач өзүң кыл, анан сенин сөзүңдө салмак пайда болот”- дейт.

 Кыргызстан дегенде эле көз алдыңызга эмне келет?

 -Албетте, биринчи эле көз алдыма  тоо келет. Кичинекейимден тоонун арасында, тоодой бийик адамдардын арасында  өскөм.

-Театр жаатына кайрылсак…Сиз толугу менен калыптанган актёрмун деп эсептейсизби?

-Жок. Мен азыр жаңыдан басып келе жаткан баладаймын. Алдыда канчалык узак жолду басып өтөөрүмдү да билбеймин. Актёр деген бул жашоосундагы бардык проблеманы унутуп, чыныгы актёр өз үйүнө келгендей эле сахнага байланган каарман боло алсаң ошондо гана толугу менен актёр катары калыптанган болосуң!

 —Акжолтой мырза келип маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *