Шашылыш кабар:

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк программасынын алкагында 24 долбоор ишке ашкан жок

Июнь 15, 2017 | жарыялаган Чолпон Бейшелең кызы
82

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк — бул мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы узак мөөнөттөгү кызматташтыгы саналат. Мындай кызматташуу долбоорлор,  аларды каржылоо, курулуш, калыбына келтирүү жатында жүргүзүлөт. Кыргызстанда мындай өнөктүк жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.  Аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн баардык  ченемдик укуктук базасы түзүлүп бүткөн. Ал үчүн бир катар кодекстерге өзгөртүүлөр кирди.

Ишке ашпаган 24 долбоор

SAB_0604

Дүйнөдө мамлекеттик жеке-өнөктөштүк  эч качан кыска убакытка түзүлгөн эмес. Алды 20 жылдан башталып 50 жылга чейин кетет жана басымдуу бөлүгү жол курууга багытталат.  Кыргызстанда  болсо, социалдык объектилерге суроо-талап көп.

Бирок бул багытта атайын мыйзам кабыл алынгандан бери 24 долбоор  демилгеленгени менен бүгүнкү күнгө чейин  алардын бирөө да ишке ашкан эмес. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын канча долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөр бар экени  так жок.  Ал үчүн мамлекеттик органдар түзүлүп ишке ашыруусу керек.

Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк программасынын алкагында гемодиализ борборлору курулат

1024772251 

Мындай кадамды жасоо үчүн 2012-жылы  мыйзам кабыл алынганы менен  иштер 2014-жылы гана башталды. Мындай милдет Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлүп берилген.  Мамлекеттик жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү иштери 2014-жылы гана  башталганын  директордун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу айтты.  Эң приаритеттүү тармактарга социалдык  кызмат көрсөтүү жана инфратүзүмдү жакшыртуучу  объекттилер камтылган.

Биринчи кезекте Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына гемодиализ борборлорун ачуу болуп эсептелген.  Үстүбүздөгү жылы биринчи кызматтар көрсөтүлөт.

Техникалык экономикалык негиздеме жасоо этабына болсо,   3 долбоор кирген. Экөө саламаттык сактоо министрлигинин, бири Бишкек шаардык мэриясыныкы.

«Стилсофт» компаниясы бир дагы шаарга камера орноткон эмес

IMG-20170615-WA0001

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн биринчи 85млн долларга тендер өткөн.  Бул тендерде мамлекетке 2млн сомдун тегерегинде зыян алып келген.  Экинчи жолку тендер өткөрүү үчүн  25 кишиден турган комиссия түзүлгөн.  Анын ичинде  коопсуз шаарды тап-такыр түшүнбөгөндөр, соттолуп келгендер дагы болгон. Буга мурунку ички иштер министри Мэлис Турганбаев токтолду. Ошондуктан экинчи жолу  өткөн тендерди уткан «Стильсофт» компаниясы текшерилген.  Ага чейин мамлекет менен жеке өнөктөштүк боюнча жети пунктан турган   өкмөттүн токтому чыккан. Бирок эки жолу тең тендерди уткан «Стильсофт» компаниясы жети пунктун бирөөнө дагы дал келген эмес.  Мындан башка тендердин туура эмес өткөндүгү боюнча 15 катасы аныкталган.  Тажрыйбасы жок. Бир шаарга камера орнотпогонун Турганбаев белгилейт.

Коопсуз шаарды ишке ашырууга саясий эрк керек

1033027087

«Коопсуз шаар» долбоору боюнчи иш сотто. Районлор аралык сотто өкмөттүн пайдасына чечилген.  Эми иш жогорку сотто. Бирок долбоорду ишке ашыруу үчүн соттун чечимин күтпөй чекит коюлушу керек.  Тендер жокко чыгарылышы керек. Ал үчүн саясий эрк керек.  Бул жаатта Түштүк Кореянын  тажрыйбасы бар бир канча компаниясы бар. Керек десе Кыргызстандын өзүнүн чамасы жетет. Административдик айып пулдун эсебинен этап-этабы менен бүткөрсө болот. Себеби административдик айып пулдан жылына 200млн сом түшөт. Ошонун жылына 50млн сомдон жылдыруу менен ишке ашырса болот,дейт Турганбаев.

Кошумчалай кетсек, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында  Кыргызстан боюнча 1750 камера, 49 радар, 700 кылмышты каттай турган электрондук система алынышы керек.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *