Шашылыш кабар:

Каныкей: Биринчи кезекке чыгармачылыкты эмес, уулум менен жолдошумду койдум

Июнь 14, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
2228

Кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчө орду бар, заманбап менен этно стилди айкалыштырган образдуу ырчы Каныкей бүгүнкү «Радиожеле» программасынын коногу. Каныкей менен анын учурдагы чыгармачылыгы, өткөн кези, жаштыгы, азыркы мезгилден тартып, улуттук баалуулуктар чейин талкууладык. Андан сырткары Каныкей радио угармандардын суроолоруна жооп берип, жеке ой-толгоолору менен да бөлүштү.

11987096_489522027875891_1478467675059253771_n

Саламатсызбы Каныкей, студияга кош келипсиз. Сиз менен маекти ырларыңыздын тексти тууралуу баштасак. Текст жазууда кимдер менен иштешип жүрөсүз? 

-Чынын айтканда менин чыгармачылыгым альтернативдүү багытта кеткен. Атайын бирөө менен кеңешип, ой-толгоп ырларды деле жазбадым. Өзүм жаздым, өзүмдүн калемиме таандык. Сахнага мен аруу кыял, таза сезимдер менен жазып, жаштык менен алпурушкан мезгилде чыктым. Ошон үчүн менин ырларымда, ой-толгоолорунда ошол кезге туура келген нерселер чагылдырылган. Муну атайын бирөө багыттаган жок. Бул жөн гана каалоом болду. Маселелерди кандай көрсөм мен ошолорду жаздым.

 Сиздин ырларыңызда арман, тагдыр маселеси басымдуулук кылат. Сиз ошондо бирөөнүн тагдырын жазасызбы же баарын башыңыздан өткөрөсүзбү?

 -Өткөөл курак адамга аябай таасир берет деп ойлойм. Мен ушул нерсени байкадым, ырларымдын баары жаштыкта жазылган ырлар. Жаштыкта учкуң келет, кыялданып айткың келет, аркы-беркини байкабайсың, от болуп жалындап турган кезиң, ошондой өткүр кезде айтылган ойлор.

 Сиз жогоруда айтып калбадыңызбы, ырларым өткөөл куракта жазылды деп. Азыркы Каныкей анда кандай ойлонот же эмнелерди ойлоп жүрөт?  

 -Тамаша болуп кетпесин, бирок менин башыма бир велосипед деген ыр келди. Мунун бир маңызы бар. Биз турмушта баардыгын эле кандай болот, эмне болот деп калчап, кыжалат боло беребиз. Чындыгында турмуш андай деле оор эмес. Аны өзүң кыласың. Мына ушул маңызда жашоону велосипедке салыштырып ошол ырды жазып жатам. Жөндөн жөн эле жашоону велосипедке айлантып, кыйналбай эле жөө басып кете берсең, жашоо өз нугунда улана берет дегендей.   Бул чыгармама бир чети күлсөм, бир чети турмуштун тамашасы экен деп карап койдум.

 Мурун сиздин ырларыңыз байма-бай чыгып  турчу. Акыркы кезде сиздин жаңы чыгармаларыңызды эл күтүп калгансыйт.  

 -Мен турмушта балалуу болдум. Бакыт, үй-бүлө деген жакшы нерсеге туш болдум . Жаштык кезимде ырдап, жакшы мезгилдерди өткөрдүм десем болот.  Андан кийин турмуш жолуна аттандым. Азыр убактымды үй-бүлөм, бала-бакырам менен өткөрүп жаткан учурум. Бул үчүн бир мүнөт да өкүнбөймүн.

 Чыгармачылыгыңызга үй-бүлөлүк шарттар тоскоолдук кылбай элеби?

 -Чындыгында турмуш деген кинодогудай же болбосо барактарда жазылгандай болбойт. Турмуш деген бул алпурушуу. Албетте үй-бүлөлүк жагдайлар болот. Мен эң биринчи кезекте балам менен күйөөмдү сыртта калтыргым келбейт. Биринчи кезекке чыгармачылыкты эмес, ушул эки адамды койдум. Чыгармачылыкка көп аралашпаганымдын да себеби ошондон. Бирок бул өтүп кетчү бир этап.

 

 Анда адамдарга мотивация бере турган чыйралтуучу ырларды жазганы жатасызбы?

 -Бул аябай олуттуу суроо экен. Менин кандайдыр бир ырды, сапты жаратышым мүмкүн, бирок бирөөнү жашаганга үйрөтүүгө акым жок деп ойлойм. Анткени бул жерде абдан чоң принцип бар.

 Биз баарыбыз заманды ээрчип жүрөбүз. Заманды ээрчүү туура элеби?

 -Ар бир нерсенин өзүнүн убагы бар. Жаш кездин өзүнүн убагы, карылыктын өзүнүн убагы бар. Жаштыкты жаштай өткөрүш керек дегенде булар заманды ээрчип кетип калды, баалуулукту унутуп калды деген ойлор кетиши мүмкүн. А бирок мындайча карап көргөндө ар бир адам өзүнө берилген укукту өткөрө алат деп ойлойм. Мисалы “ачуунун даамын татпаган, таттуунун баркын биле албайт”. Жаштарга силер туура эмес жашап жатасыңар, элечек кийгиле деп таңуулай албайсыңар. Бул жерде жаштардын жашап жаткан деңгээли, өсүүсү, көрөгөчтүгүнүн жеткен чеги. Адам өзүнүн жан-дүйнөсүнө, эргүүсүнө келиш керек.  Бирок адамдын жан дүйнөсү кандай толукталаарын таңуулаганга акыбыз жок.

 “Бакытты издебе, күт” дешет. Сиз ушуга кошуласызбы?

-Бул эми аябай эки тараптуу суроо экен. Күтөйүн десең күтүп өтүп кетемби дейт, изде дейин десең издеп жүрүп өтүп кетемби дейт.

 Түзмө түз айтылган сөз жеткиликтүү болобу же кыйытып сүйлөгөн сөз таасирдүүбү?

 -Мен бул жерде бир нерсени айта кетейин. Кыргыз эмне үчүн кыргыз? Кыргыз деген өзүнүн фольклору, энчиленген тарыхы, каада-салты, маданияты, макалы, санжырасы менен кыргыз. Нечен кылымдардан бери келе жаткан биздин макалдарыбызды карасак, чоң философия. Кыйыр мааниде айтылган, бирок өзөкө жеткен, сөөктү козгой турган накыл сөздөр бар. Ошондуктан түз деген бул аябай эле жалпак тил менен айтуу же адамдардын жалпак болуп кеткендиги. Ал эми кыйыр дегени бул өзүбүздүн маданиятыбыздын сакталган фольклору. Ар бир макал баа жеткис нерсе.

 Жашаш үчүн иштеш керекпи же иштеш үчүн жашаш керекпи?

 -Экөө тең туура деп ойлойм. 

 Азыр заманбап макал деген да түшүнүк чыкпадыбы. Реп форматындагы ырларга, уйкаштыкка туура деп же болбосо бирөөнү күлдүрүү максатында макалдар да бурмаланып кетүүдө. Эгер сизге ушуну токтотуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кандай жол менен токтотот элеңиз?

 -Атайылап адамдарды токтотуу мүмкүн эмес. Атайылап ыкмаларды жасоо бул чоң басым. Турмуштун өзүнүн нугу бар. Адамдардын жашоосуна, маданиятка жакшы бир нерсени киргизгибиз келсе «ирония» башкача айтканда адабият, ыр, тамсил, макал-лакаптар  аркылуу адамды тарбиялап койсо болот. Анткени адам маңкурт эмес. Сөз менен эле адамга жеткирүү мүмкүн деп ойлойм.

Сиз ырларыңызда коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү камтып кетесиз. Ошол көйгөйлөр сиздин жашооңузга да келип калат деп коркпойсузбу?

 -Андай да ой кетиши мүмкүн. Так, даана айтылыптыр. Абайлаш керек ошон үчүн.

 Коркуп жашаш керекпи же оңдоп жашаш керекпи?

 -Оңдоп жашаш керек. Менин принцибим “100 жыл кой болуп жашаганча, 1 күн арстан болуп жаша”. Мен 100 жыл кой болуп маарап жашагым келбейт. Андан көрө 1 күн арстан болуп жашап өлүп калганым жакшы.

 Эми кайрадан сөз тизгинин сиздин жеке чыгармачылыгыңызга бурсак, жеке концертиңизди качан берейин деп жатасыз?

 -Концертке да жакшы даярданыш керек. Жөн эле туруп  концерт коет элем деген түшүнүк менде жок. Эрте менен тура калып эле ой концерт коюш керек эле деп концерт кое албайм.

Чыгармачылык мен үчүн чоң ой-толгоо. Ырларды мен өзүм аркылуу өткөрүп, анан элге тартуулайм. Концерт буюрса болот. Мени күткөн, самаган күйөрмандарым көп мен аны билем. Ошол күйөрмандарымдын оюн, мүдөөсүн аткаруу үчүн жакшы нерселерди, ойлорду салышым керек.

 Сиз кыргыз эстрадасына өзгөчөлүк менен кирип келгенсиз. Дагы кандай өзгөчөлүктөрдү ойлонуп жүрөсүз?

 -Менин азыркы жашоо турмушум мага жетиштүү. Турмуш өзү тараза. Убактысы келгенде чыга турган ырлар, ойлор бар. Бардыгы өз учуру менен.

 Сиз океандын ары жагында да жашап келдиңиз. Америкадан биз үйрөнө турчу нерселер жана алар бизден үйрөнө турган нерселер бар де ойлойсузбу?

 -Америкада мыйзам катуу иштейт. Биз америкалыктардан адекваттуулукту үйрөнүшүбүз керек. Алар башка элдин маданиятын, фольклорун сыйлашат жана жакшы жактарын алгысы келет.

 Чынчыл өлкөлөрдүн катарына биздин Кыргызстанды кошсо болобу?

 -Билбейм. Социалдык жактан чоң баамды жүргүзө элекмин.

 Сиздин стилиңизди түшүнбөгөндөргө кандай жооп кайтарасыз?

 -Мен бир нерсени далилдеген адам эмесмин. Мага бул нерсе кереги жок. Бирөөгө далилдеп, мен ушундаймын деп жашабайм. Бир гана өзүмдүн чыгармачылыгымды жасадым, ырдадым, обон создум. Мен өзүмдүн ким экенимди билем. Максатым, позициям, чыгармачылык жолум бар. Жаман күн өтсө андан сабак алыш керек, жакшы күн болсо ага топук кылыш керек.

Эми балалык кезиңизге кайрылып кетели. Балалыкты эстегенде биринчи эмне эсиңизге келет?

 -Балалык кезде көп куурчак ойнодум, аны чоңойгондо ырдап да койдум (күлүп). Аябай жөнөкөй жашаганыбыз эсиме келет.

 Угармандардан келген суроолор: Сизди узун кыргыз көйнөгү менен сахнада көрө алабызбы?

 -Жок. Андан 2 эсе узун көйнөк менен чыккым келет.

 Угармандардан келген суроолор: Бул жашоодо сүйүү таптыңызбы? Кайдан жана азыр кайда?

 -Бул жашоодо үй-бүлөлүк сүйүү таптым. Ошого ыраазымын.

 Чыгармачылыктан сырткары эмне менен алектенип жатасыз?

-Өзүмдү-өзүм өнүктүрүү менен алектенем. Үнүмдү тарбиялап дегендей.

 Социалдык тармактарды кандай колдоносуз?

-Көп байланбайм. Мен күйөрмандарым үчүн гана колдоном.

 Акыркы окуган китебиңиз?

 -Муракаминин көп чыгармаларын окудум.

 Китепканаларга wi-fiдын кереги барбы?

 -Муну илимий жактан карайлы. Балким китептен табылбаганын интернеттен карап аткан чыгар.

 Мектепте кайсы сабакты жаман көрчү элеңиз?

 -Мен математикага анча кызыкчу эмесмин. Бирок жакшы эле коз караштамын. Турмуштун өзү математика экен. Музыканы жаратып жатканда математика сөзсүз керек.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *