Шашылыш кабар:

Талант Султанов: «Таза коом өнүгүүнүн жаңы этабы болот»

Июнь 14, 2017 | жарыялаган Майраш Базлакунова
194

8c23bceec27a641d12d114f970decb63

«Таза коом» долбоорунун негизги максаты,ишке ашыруу этаптары жана анын жыйынтыктары туурасында  Айлампа  программасында «Таза коом» долбоорунун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун эксперти Талант Султанов  маек  курду .

Марал: — «Таза коом» долбоорун ишке киргизүүдөгү негизги максат  эмнеде болду?

Талант Султанов: Аталган  программанын эң негизги максаты- жарандарыбызга,  ишкерлерибизге, айылдагы дыйкандарга жакшы ыңгайлуу жашоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Жаңы инновациялык технологияларды пайдаланып, дүйнөлүк «Акылдуу мамлекет», «Акылдуу өкмөт» деген программаларды  ишке  ашыруу  аракети.   Биз Кыргызстандын айрым өзгөчөлүктөрүн кошуп долбоорду  “Таза коом” деп атадык.Өкмөттүн,   мамлекеттин  ишин ачык, транспоренттүү санарип форматка өткөзүү. Аталган форматка өтсөк мамлекеттик тармактар кандай иштеп жаткандыгын карапайым калкыбыз онлайн аркылуу көрүп тура алат. Санариптик өкмөт деген түшүнүк — бардык мамлекеттик ишканаларды онлайнга өткөзүү, үйдө отуруп алып эле мамлекеттик  керектүү иш-кагаздарды компьютер же уюлдук телефондун атайын программасы аркылуу ала алышат. Бул учурда жарандардын убактысын үнөмдөйт жана коррупциялык көрүнүштөргө таасирдүү бөгөт боло алат.

Марал:- Долбоорду иштеп чыгууда кайсыл мамлекеттин иш тажрыйбасына таяндыңыздар?  

Талант Султанов: Аталган долбоорду ишке ашыруунун алдында ойлодук. Кыргызстан бул чакан өлкө, тоолуу, деңизден эң алыс жайгашкан мамлекет. Минералдык ресурстар да чектелүү. Бизге окшогон Түштүк Корея, Эстония, Жаңы Зеландия өңдүү кичинекей мамлекеттер өздөрүнүн жашоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, жер казып минералдарды издебей эле, чоң- чоң заводдорду курбай эле, жарандарынын адамдык дареметин өстүрүп интелектуалдуу долбоорлорду иштеп чыгышкан. Биз дагы 20 же 40 жылдан кийин дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин тизмесине кирели деп аракет кылып жатабыз. Ошол себептен стратегия узак мөөнөткө жазылып жатат.

Марал: Таза коом долбоору Кыргызстанды  туруктуу   өнүктүрүү стратегиясына кире турган долбоор болуп эсептелет, андыктан долбоорду аткаруу этаптары — убакыт, мөөнөткө бөлүнгөнбү?

Талант Султанов: 20. 40 деген стратегия узак мөөнөттүү долбоор, анын этаптары бар. Кээ бирин 5 жылда ишке ашырышыбыз мүмкүн, кээ бирин 20, 30 жалдын алкагында дегендей. «Кыргызстанды жакырчылыктан алып чыгабыз, жумушчу  күчүн  түзөбүз жана жаратылышты коргойбуз»- деген өзүбүзгө милдеттенме алганбыз. Азыркы учурда технологиянын өнүккөн заманы келгендиктен Өнүгүү стратегиянын ичиндеги эң чоң долбоор «Таза коом» программасынын мөөнөтү кыскараак. Кээ бирин ушул жылы ишке ашыралы деп турабыз. Өнүккөн өлкөлөрдө жарандар мамлекеттик органдарга жашоосунда 3 жолу гана кирет: Үйлөнгөдө, ажырашканда жана турак-жай, мүлкүн сатууда же сатып алууда. Алар бир кагаз үчүн кезекке туруп убакыт жана каражатын коротпойт. Биздин мамлекетке да ушул системаны киргизүү керек.

Марал:- Буга  чейин да көп  амбициялуу  долбоорлор  ишке  ашпай  калган.  Анткени  алардын  каржы  булактары  так  көрсөтүлгөн  эмес  же  жок  болчу. Бул  долбоор  да  кагаз  жүзүндө  калып  калбоо  үчүн  каражат  булагы  табылдыбы?

Талант Султанов: Жакында эле БУУ нун Генералдык катчысы, Дүйнөлүк Банктын аткаруучу директору жана эң ири дүйнөлүк ишканалардын өкүлдөрүнү катышуусунда дүйнөлүк деңгээлдеги форум өткөздүк. Алар дагы Кыргызстан өнүгүү үчүн туура кадамдарды таштап жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары  колдоо көрсөтөбүз деп убада кылышты. Чындыгында биз донорлордон каражат гана сурабастан, алардын билим жана тажрыйбасын алууга умтулуп жатабыз. Дүйнөдө санариптик стратегиянын алкагында D-5 деген ат менен 5 мамлекет биригип иш алып барышат. Өзүбүзгө чоң талап коюп, ушул 5  өлкөнүн катарына кирүүгө биз да максат койдук.

Марал:- Бүткүл Дүйнөлүк банк долбоорду ишке ашырууга 50 млн доллар  бөлүү  макулдугун  берген  экен.   Бул каражат канча насыябы  же  гранттык  негиздеби?  Каражат  кайсыл багытка жумшалат?

Талант Султанов: Дүйнөлүк банк     «Санариптик  Орто Азия, Санариптик Түштүк Азия» — деп аталган  долбоорго  артыкчылык  берүүдө. Алардын айтымында, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде интернетти өнүктүрсө, мамлекет  тез  бутуна турат. Эң негизги талап инфраструктураны куруу жана 3 жыл ичинде ар бир айылга сапаттуу интернетти жеткирүү. Санариптик технологиянын  биринчи этабы  Кыргызстанда ишке ашырылат, ага  дүйнөлүк банк 50 млн. доллар бөлүп берет. Бул каражаттын жарымы гранттык негизде жардам катары берилип жатат. Ал эми жарымы узак мөөнөттүү аз пайыз менен берилген насыя.

Марал:- Мамлекеттин аталган долбоордун ишке ашуусуна катышы кандай болуп жатат?

Талант Султанов: Ушул жылы мамлекет 200 млн. сомдон ашык каражат бөлүп берүүнү карап жатат.  Ал акча өзүбүздүн күчүбүз менен ишке ашырууга мүмкүн болгон программаларды ишке ашыруу үчүн сарпталат. Мамлекеттик деңгээлде аракеттерди кылсак, дүйнөлүк өнөктөштөр дагы «Таза коом» долбооруна кызыкчылыктары чоң экен деп  бизге салым кошуп,  ар тараптуу колдоо көрсөтүшөт.

Марал:- Кыргызстанда «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу үчүн кадрдык  ресурс   жетиштүүбү?

Талант Султанов: 21- кылымда абдан чоң чакырыктар болот. Дүйнөдө эң өнүккөн мамлекеттерде эксперттер 50%  жумуш орундарын роботтор аткарса болот деп белгилешет. Адамдар  замандан артта калбай жаңы билимдерди алып, технологиялык билимди жогорулатыш керек болот. Биз учурда адамдык ресурсту экспорттоп жатабыз. Көпчүлүгү Орусияда, Казакстанда жана башка чет жактарда эмгектенишет. Алардын дээрлик көпчүлүгү кара жумуштарда иштешет. Эгерде акыл эмгек менен технология жаатына барып иштесе, 10 эсе көп акы алып иштөөгө болот.  Жарандарыбыз  мыкты жана сапаттуу интернет болсо Кыргызстанда үйүндө отуруп алып эле дүйнө менен байланышта болуп, иштесе да болот. Бизде IT академиясы ачылып жатат. ПТУ нун базасында компьютердик программа жазган ассоциациясы бар. Бул жерде окуган жаштар  жарым жылдын ичинде окууну бүткүчө эле жумуш орундары менен камсыз болушту. Мындай көрсөткүч учурда компьютерди мыкты өздөштүргөн адистерге канчалык деңгээлде суроо-талап көп экендигин аныктайт. Мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдарга интернет окуу курстарын киргизизүү зарыл.Ар бир министрликке IT директор деген кызмат ачуу зарыл.

Марал: — Мамлекеттик кызматтар жаңы форматта иштеши керек болобу?

Талант Султанов:  Бардык тейлөө кызматтары электрондук шартта иштеп калат. ИИМ де архивдеги картотекалар да системалуу электрондук тизмеге кирет. Керектүү күбөлөндүрүүчү кагаздар да онлайнга кирет. Эгерде адамдар бейтапканага барып көрүнүү үчүн , таң эрте барып кезекке турат. Кечке кезек күтүп отуруп дарыгерге  кечинде кирет. Долбоордун алкаганда  ушул сыяктуу ыңгайсыздыкты жоюу үчүн, үйдө отуруп эле сиз электрондук кезекке турасыз. Ар 5 жыл сайын коомго жаңы технологиялар келип иш жүргүзүү тармагы толук өзгөрүп турат. Андыктан, өзгөчө биздин жаштар билимин бат-баттан жогорулатып туруулары замандын талабы болуп калды. Жаш балдарыбызды дагы кичинекей кезинен тарта эле чет тилдерди жана интернет программаларды үйрөтүүгө кызыктар кылыш керек. Дагы бир жаңылык — электрондук кол тамга киргизилет. Бул тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 2- окууда каралды, 3- окуудан өтүп сунуш күчүнө кирсе, электрондук түрдө жиберген каттар электрондук кол тамга менен бекитилет. Ал официалдуу түрдө юридикалык күчкө ээ болот. Элибиз азыркы жөнөкөй паспортторун биометрикалык паспортко өзгөртө алат. Ал паспорттун ичинде ар бир жарандын электрондук кол тамгасы бар болот.

Маегиңизге рахмат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *