Шашылыш кабар:

Сатылганова: Жаштарды эле сындайбыз, биздин муунда деле жандуу үн менен концерт бере албагандар көп

Июнь 13, 2017 | жарыялаган Орозгүл Арстанова
954

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гульнур Сатылганова Марал радиосунун «Радио желе» программасынын коногу болуп, «Конкурстарда калыстарды тандоодо, кадыр-баркка карашабы же билиминеби?»деген теманы биз менен бирге талкуулады. Андан сырткары жандуу үн, жаш ырчылардын кемчилиги ж.б угармандарды кызыктырган суроолорго да жооп берди.

 

Безымянный

Гүлнур эже студияга кош келипсиз! Эфирди сиздин чыгармачылыктагы акыркы жанылыктарыңыздан угуп баштайлы?

-Акыркы убактарда мен жалкоо болуп бара жатат окшойм. Башка кесиптештерибизди карасам тытынып иштеп жаткан болот. Мен болсо азыр «Махабат» аттуу киного композитор Райхан Бейшеналиевага таандык ырды саундтрек кылып чыгардым. Андан сырткары Адилет Азимов экөөбүздүн «Болсочу» аттуу ырыбызга клип тарттырганы турабыз.

Эми сөздү программанын негизги темасына бурсак, азыркы күндө Кыргызстанда өтүп жаткан ар кандай жергиликтүү же эл аралык конкурстарда, кароо-сынактарда калыстарды кандай тандашат?

-Негизи эл аралык стандартка карасак чакырылган конокторго акча төлөнүп берилиш керек. Ал эми бизде андай нерсе жок. Чакырылган калыстар тобуна акча төлөнүп берилген учур кыргыз маданиятынын тарыхында болгон эмес, болбойт дагы.  Бизде баягы эле тааныш аркылуу чакырышат.Негизи эле бардык нерсе  уюштуруучулардан көз каранды. Алар кимди чакыраарын өздөрү баамдап билиш керек. Эгер мага кайрылышса мен бул композиторду чакыр,бул акынды чакыр деп кеңеш бермекмин. Акыркы кезде мен калыстар тобуна отурбай калдым. Анткени азыр калыс катары жаңы эле ырдап чыккан кызымдай болгон бирөөнү деле чакыра беришет. Мен андай «калыстар» менен отуруп кадыр-баркымды түшүргүм келбейт. Мага калыстар тобуна чакыруу түшсө, менден башка кимдер калыс болорун сурап, тактап туруп, анан жообумду берем. 

Сиз калыстар тобунда болгонуңузда орунду сатып алган учурлар болду беле, эгер болсо уюштуруучуларга кайрылдыңызбы?

-Кандай десем… Көп эле конкурстарда калыстар тобунун курамында олтурдум. Татыктуу орунду алгандар да болгон. Сатып алган учурларга деле күбө болгом. Бизде айтылып жаткан сынды туура эмес кабыл алып, сындасаң эле беттен алышат. Мындан улам мен көп учурда кемчиликтерин айтпай калгам. Негизи эле, конкурстун катышуучулары да калыстар тобунун курамын алдын ала билгени жакшы. 

Калыстар тобунан сүрдөө сезими болот эмеспи. Эгер калыстарга тажрыйбалуу, билимдүү адамдар тандалса, анда конкурсанттардын да деңгээли жогору болобу? Катуу даярданып дегендей…

-Азыркы жаштардын дымагы өтө күчтүү. Калыстар тобунда отурганда сахнадагы бардык нерсени байкайсың. Анткени сахна бул күзгү. Ошондуктан кемчиликти, айтылган сынды туура кабыл алуу зарыл. Кээ бир ырчылар азыркыга дейре таарынып, жанымдан салам айтпай өтүп жүргөн учурлар бар. Албетте, амбиция күчтүү болушу керек, бирок аша чаап да кетпеш керек.

Угармандардан келген суроолор: Калыстар тобу бизнеске айланып бара жаткансыйт.Сиздин конкурстардагы коруппцияга көз карашыңыз кандай?

-Менин практикамда акча сунуштаган учур болгон эмес. Бирок, менин кызымды колдоп кой,менин уулумду колдоп кой,-деп келген учурлар болуп турат. Албетте, мындай учурда  мен таланты жок адамга жан тартам деп, өзүмдүн кадыр-баркымды түшүргүм келбейт. 

Сиздин оюңуз боюнча кыргыз шоу-бизнесинде бизнес өнүгүп жатабы? Азыр ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле эл көзүнө чыгып, ырчымын деп жүрүшөт? 

-Кыргыз шоу-бизнеси күндөн-күнгө өсүп жатат. Себеби, ырдай алганы да, ырдай албаганы да таанылып жатса, анда аракет бар. Бирок, шоу-бизнес толугу менен бизнеске айланды дегенге кошулбайм. Мисалы, Батышта бир ырчынын альбому чыкса ошол эле миллиондогон акчаларды алып келет. Анткени ал жакта калктын саны да көп. Концерттер да өзүнү актайт. Себеби бир жылдык турнесин кошкондо эле миллиондогон адамдар концертине кирип жатпайбы. Биздеги калктын саны менен андай бизнес кылууга мүмкүн эмес. 

Анда ушул сөздү улай эле суроо берсем, азыр күйөрмандардын маданияты кандай өзгөрдү же ырчылар өздөрү өзгөрүп кетиштиби?

-Негизи ырчылар менен акындар элге үлгү болуш керек. Жаштарды жакшы жакка үгүттөгөн да ырчылар. Мындан улам тарбиялык мааниси бар ырлар ырдалып, кинолор тартылса коомго салым кошкон болобуз. Ал эми күйөрмандар тууралуу айтсам, азыр эл ырчыны тандап калды. Эптеп эле концерт койгон ырчыларга эл өзү эле барбай коет. Бул жакшы көрүнүш, анткени ырчылар сапаттуу концерт коюуга аракет кылат баштайт.

Сиздерден кийинки келе жаткан жаш ырчылардын кемчилиги эмнеде деп ойлойсуз?

-Негизи азыр чынында ырчы да көп, ырлар да көп. Арасында жакшы ырлар бар болгону менен, кээде чыкпай да калып жатат. Анан элдин табити да жогору болуп жаткандыктан, жаш ырчылар өзгөчөлүк жарата албай жатат. Таң калтырган нерсе жок. Ошол эле учурда сапатсыз ырларды ырдап жатып, элдин музыкалык табитин да бузган учурлар көп.

Бул ошол эле фонограмманын, үн жаздырган студиялардын өнүгүүсүнүн кесепетиби анда?

-Ооба. Мен чоң сахнага аттаганымда баары жандуу болчу. Ошон үчүн биздин пайдубал жакшы бекемделди. Азыр болсо кээ бир ырчылар компьютерден үндү жаздырып алып, өзүнө-өзү ишенбейт. Укмуш ырдайт турбаймбы деп. Бирок, ошол эле учурда жаштардын арасынан жандуу үн менен ырдап, жандуу концерт бергендер да бар. Мен аларды өтө сыйлайм. Анткени, мисалы биздин эле муундагы ырчылар бар өмүрүндө жандуу концерт берген эмес. Карасаң эле эмгек сиңирген, Эл артисти деген наамдарды алып отурат. Аларга караганда жаңы чыгып жаткан айрым жаштар жандуу ырдаганга аракет кылышууда. Бул да болсо атаандаштыктан улам келип чыгууда. Атаандаштык бар жерде шоу-бизнес өнүгөт. 

Угармандардан келген суроолор: Азыркы учурда айрым ырчылар сахнада өзгөчөлөнөм деп жатып, «артык кылам деп тыртык кылып» жатышкан да бар?

-Ырчы деген бир ырды ырдап чыга калып эле ырчы боло калбайт. Ал төрт тарабы төп келген болушу абзел. Ырчы деген, бир эле ырдаганды гана эмес, сүйлөгөндү да билиш керек. Мисалга алсак орус ырчыларынын маектерин көрсөңөр, алар ушунчалык сонун маек берет.Анткени алар бардык тараптан сабак алышат ошол үчүн алар өсүп жатат. Ырчы элдин сүймөнчүгү болом десе, ар тараптуу өсүп-өнүгүп, изденип турганы оң.

Угармандардан келген суроолор: Азыркы учурда талантынын мурда,өң-келбетине да карап жатышпайбы?

Талантуу, маданиятуу, орду менен сүйлөгөн адам  эч качан жерде калбайт. Ушунчалык сонун үнүң болсо, күйөрмандарың сенин кийимиңе же өң-келбетиңе карабайт. Бекеринен 99%  эмгек 1% талант дешпейт. Талантты тапташ керек.

Угармандардан келген суроолор: Жогоруда жаш ырчылар тууралуу айтканыңыз, бул аларды басмырлоо болуп эсептелбейби? 

Мен жаш ырчыларды басмырлаган жокмун. Болгону кемчиликтерге токтолдум. Өсө турган ырчы сынды туура кабыл алат. Мына ошондо чындап өсүп өнүгүү болот.

Келип бергениниз үчүн чоон рахмат!!! Ишиңизге ийгилик!!!

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *