Шашылыш кабар:

Депутаттар беш айда мейманкана үчүн 3,5 млн сом коротушкан

Июнь 13, 2017 | жарыялаган Бакыт Төрөгелди уулу
378

f25c4af5998423699ef2aad3e7edc4c3fe706cc6

Шейшемби күнү «Мантыш», «Фабула» жана «Кыргыз Туусу» гезиттери чыкты. Мезгилдүү басылмалар Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын депутаттарына козголгон кылмыш иши, улут аралык кастыкты козутту деп айыпталып жаткан журналист Улугбек Бабакулов тууралуу жазышты.

«Мантыш» гезити «Бир Бол» фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго козголгон кылмыш ишине байланышкан көлөмдүү макалына жарыялады. Анда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда Чудинов премьер-министр болуп турганда өкмөттүн буйругун чыгарып Канттагы «Машиноиспытательная станция» ишканасына 200 млн сомдук ссуда бөлгөнү айтылат. Бирок, бөлүнгөн каражат Жапаров менен Чудиновдун жакындарына тийген. Ал эми ал кезде Акылбек Жапаров Экономика министри болуп турган.

Ушул эле гезит парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевге карата «Де факто» гезитинин редактору Амантур Мусагул уулунун жообун басып чыгарды. Анда депутат Бакыт Төрөбаев «Де фактонун» 21-апрелде чыккан санында «Максим Бакиевдин «долбоору» Бакыт Төрөбаев ай чапчыган убадалар менен ажо жарышка аттанды» деген макала үчүн гезитти 5 млн сомго сотко бергени баяндалат. Бирок, Амантур Мусагул уулу буга окшогон сөздөр 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо эле айтылып келгенин, негедир бул макаладан улам эле Төрөбаев гезитти сотко берип жатканы түшүнүксүз экенин айтат. Ал шайлоодо Бакыт Төрөбаев оңбогондой каражат жумшап жатканын эске салып, элде буга окшогон күмөн саноолор болбош үчүн каржы булагын ачыктоону сунуштайт.

«Фабула» басылмасы депутаттардын артыкчылыктардан баш тартуу маселесине байланыштуу макала чыгарды. Парламентарийлердин машинелерине 985 миң сом акча коротулаары тууралуу жазган автор эл өкүлдөрү кызматтык унаадан баш тартышканы менен ЖКнын гаражында 53 темир тулпар токтоп турганын айтат. Айдалбай турган автоунунаалар үчүн парламенттин иш башкармалыгы 985 миң сомго түрдүү тетиктерди сатып алганы жатканы дагы камтылган. Анысы аз келгенсип эл өкүлдөрү беш айда мейманкана үчүн эле 3,5 млн сом коротушкан. Анын 740 000 сому Кыргызстандагы конок үйлөрүнө төлөнсө калган 2 млн. 655 000 сому чет өлкөдөгү мейманканаларга сарпталган.

«Фабуланын» бул жолку санында журналист Улугбек Бабакуловго козголгон кылмыш иши боюнча да макала чыкты. Ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Фергана.ру» сайтына жазган макаласы улут аралык араздашууга жол ачат деген жүйө менен иш козгогон. Гезит Бабакулов мындай аракети менен Кыргызстандан качып чет өлкөдөн башпаанек алууга далалат кылып жатат деп жазат. Көп өтпөй УКМК ал өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу дагы маалымат тараткан. Азырынча Улугбек Бабакулов кайсы мамлекетте экени белгисиз.

«Кыргыз Туусу» гезити бүгүнкү санын эл аралык концерттердин уюштуруучусу Ислам Сатаровдун «Ыр менен кыргыз тилин дүйнөгө таанытса болот» деген маеги менен толуктады. Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып өз тили, өз маданияты менен эле дүйнөлүк деңгээлге чыккан атактуу ырчылар бар экенин айтып, алар сыяктуу кыргыз маданияты менен тилин чет элге таанытуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *